Дефицит
Жайгаштыруу: , акыркы жаңыртуу:Жарнама тандалган купуялуулук жөндөөлөрүнө байланыштуу көрсөтүлбөйт.
Дефицит, таңсыктык, жетишсиздик (латынча deficit «жетишпейт», deficio «кедейленүү») — жетишсиздик; кайсы бир нерсенин, кырдаалдын, учурдун же каражаттын жетишсиздиги же тартыштыгы.
Көбүнчө бул термин акча-каражатына колдонулуп, бул белгилүү бир сумманын, көзөмөлдөнүүчү суммага жетпей калышын түшүндүрөт. Бирок, дефицит деп башка нерселерге дагы колдонулат.
Мисалы, үрөөндүн жетишсиздиги, техниканын дефицити ж. б.
Карама-каршысы — профицит (ашыктык)
Мисалы:
- менин айлык маянам бул айда 50 сомго аз болуп калыптыр, 5550 сом гана алдым, мурда 5600 сом алчумун. Бюджетте дефицит болуп жаткан го
- Талаалар кургак, чабыт чөптөр жакшы чыкпай жатат. Мал тоюту быйыл дефицит болот го
- Күйүүчү майдын дефицитинен улам, майдын баасы кымбаттап кетиптир
Экономикада
- Терс төлөм балансындагы төлөм балансынын дефицити
- Мамлекеттик бюджеттин дефицити
- Дефициттик чыгымдар — чыгымдар кирешеден көп болгон сумма
- Биринчи (алгачкы) дефицит, пайыздык төлөмдөрдү кемиткенден кийин алынуучу таза дефицит
- Түзүмдүк жана циклдик дефизит, мамлекеттик сектордун дефицит бөлүктөрү
- Киреше дефицити, үй-бүлө кирешеси менен жакырлык чегинин ортосундагы айырмачылык
- Соода дефицити, импорттун баасы экспорттун баасынан жогору болгондо. Бул жылдын бюджеттик дефицити, өкмөт тарабынан карыз алуулардын жалпы көлөмүнө барабар
Психологияда
- Көңүл дефицитинин синдрому гиперактивдүүлүк менен, өнүгүүнүн бузулушу
- Когнитивдик дефицит, когнитивдик ишмердүүлүккө жолтоо болгон каалаган мүнөздөмө
Медицинада
- Кан-тамыр согуусунун дефицити — жүрөк жыйрылуу санынын кан-тамыр согуу жыштыгынан жогору болушу
- Неврологиялык дефицит — борбордук нерв системасынын же перифериялык нервдердин каалаган дефектиси
- Организмде түрдүү заттардын дефицити: микроэлементтердин, витаминдердин ж.б.
Башка
- Дефект (геометрияда), бурчтук дефицит
- Дефицит, 2007-жылкы мексикалык көркөм тасма (Гаэль Гарсиа Берналь)