Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Профицит

Баш барак | Экономикалык терминдер | Профицит

Профици́т — (латынча proficit «өсүү, чоңоюуу») — кайсы бир нерседеги ашыктык, көптүк.

Түшүнүктүн карама-каршысы — дефицит.

«Ашык дөөлөт — баш жарбайт» дегендей, биздин өлкөбүздө профицит болсо кандай сонун болоор эле дегендер да чыгаар. Бирок, мындай ойлор экономикада иштебейт, тескерисинче «ашык дөөлөт — баш жарат» болуп калышы мүмкүн. Эгер, өлкө бюджетинде профицит болсо ал экономикага зыянын тийгизип коюшу мүмкүн. Ошондуктан профицит түшүнүгү өтө чоюлчак мааниге ээ болуп, бардыгы тең салмакта болуусу шарт.

Мисалы: өлкөдө акча профицити болсо, акчанын куну (баасы) төмөндөп кетет дагы, элдер түрдүү товарларды сатып алуу үчүн көбүрөөк валюталар керектелет. Акчанын баалуулугу төмөндөйт. Айрымдар товар түрүндөгү акчаны колдоно башташат (кайсы бир товарды акчага сатып албай, башка товарга алмаштыруу жолу): мен 1 кап ун берем, сен 2 кап көмүр бересиң дегендей. Банктардын ишмердүүлүгү начарлайт, жана башка көптөгөн кесепеттери бар. Эми бул башка тема болгондуктан муну биздин экономика жөнүндөгү макалабыздан окусаңыз болот.

Экономика

Макроэкономика

Микроэкономика

Спортто

Дагы караңыз

Жайгаштыруу: 2021-05-14, Көрүүлөр: 2022, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2021-08-14, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу