Гиппократ (байыркы грекче Ἱπποκράτης, латынча Hippocrates; б. з. ч. 460-жылдын айланасында, Кос аралы — б. з. ч. 370-жыл, Ларисса) — байыркы грек дарыгери жана философ. «Медицинанын атасы» катары тарыхка кирген.
Гиппократ тарыхый инсан. «Улуу врач-асклепиад» жөнүндөгү эскерүүлөр замандаштарынын чыгармаларында кездешет — Аристотель, Платон.
«Гиппократ корпусу» аталган 60 медициналык тракттар жыйнагы (алардын 8нен 18не чейинкини заманбап изилдөөчүлөр Гиппоркратка таандык дешет) медицинанын өнүгүүсүнө кыйла таасир эткен — тажрыйба катары жана илим катары дагы.
Гиппократтын ысымы менен дарыгердин жогорку моралдык жана этикалык келбети байланыштуу. Гиппоркраттын анты, дарыгердин тажрыйбалык ишмердүүлүгүндө кармана турган түпкүрдүк негиздерди камтыйт. Дарыгерлик дипломду алууда Гиппократ антын (ал кылымдар бою кыйла өзгөрүүлөргө дуушар болгон) берүү салтка айланган.
Гиппократ жөнүндөгү биографиялык маалыматтар өтө ар түрдүү жана кээде бири-бирине карама-каршы келет. Бүгүнкү күндө (2023) Гиппократтын жашоосун баяндаган бир нече булактар бар, алар:
Гиппоркрат жөнүндөгү маалыматтар Платондо, Аристотелде жана Галенде кездешет.
Легендага ылайык, Гиппократ атасы жагынан байыркы гректердин медицина кудайы Асклепиянын тукуму, ал эми энеси жагынан — Гераклдын. Иоанн Цец Гиппократтын генеалогиялык дарагын дагы берген:
Бул маалыматтын аныктыгы так болбосо дагы, ал Гиппократтын Асклепиаддар тукумуна таандык экенине күбө. Асклепиаддар, медицина кудайынын тукумдарына умтулган дарыгерлердин династиясы болгон.
Гиппократ Эгей деңизинин чыгыш бөлүгүндөгү Кос аралында биздин заманга чейин 460-жылдардын айланасында төрөлгөн.
Соран Эфесскийдин чыгармаларынан Гиппократтын үй-бүлөсүнө баа берүүгө болот. Анын эмгектерине ылайык Гиппократтын атасы — Гераклид аттуу дарыгер, апасы — Фенарета (башка версия боюнча Гиппократтын апасынын аты Пракситея имиш). Фенарета боюнда бар аялдарга жардам берген делет.
Гиппократтын эки баласы — Фесалл жана Драконт, ошондой эле кызы болгон, кызынын күйөөсү — Полиб, байыркы римдик дарыгер Галенге ылайык анын жолун жолдоочусу болгон. Ар бир баласы өзүнүн чүрпөсүн чоң атасынын атынан Гиппократ атаган имиш.
Анын б. з. ч. чыгармалары 60 эмгектен турат. Гиппократтын эң негизги эмгеги өз заманындагы медицинаны динчилердин таасиринен куткарып, анын чыныгы илим катары өсүшүнүн жол ачышы менен байланыштуу.
Гиппократ оорулууну дарылаганда организмин өзгөчөлүгү менен тышкы чөйрөнүн шартын эске алууну сунуш кылган. Адамдын ооруга чалдыгышын Кудайдын буйругу деп эсептеген дин агымын четке кагып, оорулардын пайда болуу жолун аныктаган. Ошону менен бирге жакшы хирург да болгон. Ал жараны таңуу, чыккан жана сынган жерди дарылоо ыкмасын тапкан. «Гиппократ анты» деп аталган врачтардын антын жазган.
Соран Эфесский өзүнүн эмгектеринде Гиппократты медицинага урук-тукумдук асклепиад-дарыгерлер — асклепионе Коса, атасы Гераклид жана чоң атасы Гиппократ үйрөткөн делет. Ошондой эле, ал атактуу философ Демокрит жана софист Горгиядан билим алган. Илимий жактан жакшыруу, билим жана тажрыйба алуу максатында Гиппократ көп саякаттап, ар кайсы өлкөлөрдөгү (Греция, Кичи Азия, Ливия, Кара деңиз) аймактык дарыгерлерден тажрыйба алып, Асклепия храмдарында илинүүчү таблицаларды изилдеген. Легендарлуу дарыгер жөнүндө эскерүүлөр Платондун «Протагор» жана «Федр» диалогдорунда, ошондой эле, Аристотелдин «Саясатында» кездешет.
Гиппократ өзүнүн узак жашоосунун бардыгын медицинага арнаган. Адамдарды дарылаган жерлердин катарында Фессалия, Фракия, Македония, Мрамор деңизинин жээктери эскерилет. Улгайган жаш курагында болжолдуу б. з. ч. 370-жылдар айланасында Ларисса шаарында каза болуп, ал жакта ага эстелик орнотулган.
Медицинаны илим катары калыптандырган Гиппократтын ысымы «Гиппократ корпусу» аталган ар кандай медициналык трактаттар менен байланыштуу. Корпус дилбаяндарынын көпчүлүгү биздин заманга чейин 430 жана 330 жылдар аралыгында түзүлгөн. Булар эллинисттик мезгилде, биздин заманга чейин III кылымдын ортосунда Александрияда чогултулган. Болжолдуу 60 дилбаяндан турган Корпус медицинанын радикалдуу жаңы концепциясына жар салган.
«Ант» (байыркы грекче Ὅρκος, латынча Jusjurandum) Гиппократ корпусунун биринчи дилбаяны. Ал, дарыгердин жашоосунда жана профессионалдык ишмердүүлүгүндө аны колдонмо кылуусуна милдеттүү болгон бир нече негиздерди камтыйт.
Антынан үзүндүлөр, жеке котормо: