Ата-эне: кыскача түшүндүрмө

Ата-эне — адамдын үй-бүлөсүнүн негизин түзгөн эң жакын тугандары. Ата-эненин балага карата ролу терең жана татаал мүнөзгө ээ болуп, маданият, дин, тарбия жана улутка жараша ар кандай болот.

Ата-энелер тарбиячы катары баланын коомдогу өзүн алып жүрүүсү үчүн жоопкерчиликтүү. Ата-энеси жок бала жетим деп аныкталат.

Биологиялык ата-эне — баланын нак ата-энеси, өгөй ата-эне — баланы асырап багып алган жана тарбиялаган, бирок биологиялык эмес болгон ата-эне.

Ата-эне

Ар кимдин ата-энеси бар. Сенин атаң — чоң атаң менен чоң энеңдин баласы, апаң — тай атаң менен тай энеңдин кызы. Ар бир ата-эне балам чоңоюп, эресеге жетсе, адам болсо деп тилейт: баласын тамак-аш, кийим-кечек менен камсыз кылат, таалим-тарбия берип өстүрөт.

Ата-эненин балага болгон мээрими, көргөн камкордугу, келечегинен күткөн үмүтү чоң. Атаң менен энең сенин бактылуу балалыгың, кайгы-капасыз жаштык чагың үчүн кам көрүп, окуп билим алышыңа, эмгекке үйрөнүп, акыл-эстүү болуп чоңоюшуңа ыңгайлуу шарттарды түзөт. Балага ата менен энеден жакын адам болобу? Ата-энелердин бала үчүн кылган эбегейсиз зор эмгегин эмне менен өлчөөгө болот? Бекеринен айтпаса керек «Ата-энелер балдардын биринчи мугалимдери» деп.

Сенин баскан-турганың, ар бир жакшы кылык-жоругуң, ата-эненин жүрөгүн элжиретип кубанычка бөлөйт. Мектептен алып келген төрт же беш деген баа атаң менен энеңдин төбөсүн көккө жеткире кубандырарын унутпа.

Тескерисинче, кетирген кемчиликтериң, окууга, ишке болгон эринчээктигиң, шалакылыгың, ата-энеңди капалантып, сары санаага түшүрөрүң да дайыма эсиңде болсун. Сен алардын эмгегин сыйла, урматта! Бош убагыңда колдон келишинче үй жумушуна жардам бер. Ата-энең менен сыймыктан!

Адамгерчилик, ак ниеттүүлүк, жоопкерчилик, эмгекти сүйүүнү да негизинен ата-энеңден үйрөнөсүң. Силерден улуулардын көргөн-билгендери көп, тажрыйбасы бай. Ошондуктан алардын жаштарга, өз балдарына айтар кеп-кеңеши, үйрөтөр өнөрү да арбын. Айрыкча алар картайган кезде жакшы каралаш, кейитпе, көңүлүн көтөрүп, кубант, ден соолугун сакта. «Улууга — урмат, кичүүгө — ызаат» деп айтылат кыргыз элинин макалында, өзүңдөн улууларды сыйлабасаң, өзүңөн кичүүлөр да сени сыйлабайт.

Кызыктуу фактылар

  • Ата-эне болуу мээге таасир этет. Бала төрөлгөндө ата-энеде, өзгөчө энелердин мээсинде түзүмдүк өзгөрүүлөр байкалат. Башкача айтканда эмпатия жана камкордукка жооп берген аймактар күчөйт.
  • Ата-энелик — татаал иш. Эсептөөлөр боюнча орто статистикалык эне, баланын төрөлгөн биринчи айларында бала багууга орточо жумасына 90 саат коротот. А бул 1,5 иш жумасынан дагы көп.
  • Ата-энелик инстинкт аялдарда гана болбойт. Заманбап изилдөөлөр көрсөткөндөй баланын жашоосунда атанын активдүү катышуусунда «байлангандык гормону» окситоциндин деңгээли жогорулайт.
  • Бала жана керебет. Японияда балдар менен 6-7 жашка чейин бир керебетте уктоо норма деп саналат. Ал эми батышта ата-энелер баласын өзүнчө керебетке болушунча эртерээк үйрөтүүгө аракет кылышат.
  • Табигый байланыш. Айрым африкалык маданияттарда ымыркайларды ата-энелери дээрлик жалаякка же керебетке жаткырбайт. Алар дайыма ата-энесинин денесинде көтөрүлүп жүрөт, а бул күчтүү байланышты калыптандырууга жардам берет.
  • Заманбап ата-энелер картаюууда. Биринчи жолу төрөгөн ата-энелердин орточо жашы дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө акыркы 30 жылда кыйла өскөн. Мисалы, Италияда бул 31 жашты түзөт.
  • Ата бала багууга көбүрөөк катышууда. ЮНИСЕФтин маалымат боюнча 2020-жылдардын аталары 1980-жылдардын аталары менен салыштырмалуу балдары менен эки эсе көбүрөөк убакыт өткөрөөрү аныкталган.
  • Ген маанилүү бирөк бардыгын аныктабайт. Ата-энелердин өзүн алып жүрүүсү баланын биринчи жашоо жылдарында белгилүү бир гендерин активдештириши мүмкүн — бул көрүнүш эпигенетика аталат.
  • Ата-энелик сүйүү түздөн-түз дем берет. Ата-энелердин физикалык жакындыгы жана сезимдик колдоосу балдардын стресс гормону болгон кортизолду төмөндөтөт, өзгөчө жаш балдарда.

Ата-эне жөнүндө афоризмдер

  • Ата-энелер — бул бизди шартсыз, эрежесиз сүйүп, бизди дүйнөнү сүйүүгө үйрөтөт.
  • Ата-энеси бар адам — эң бактылуу адам — Кыргыз эл макалы
  • Ата-эне — бул баланы өмүрүнүн акырына чейин жүргүзө турган отун — Мария Роби.
  • Ата-эне болуу — балаңды өзүңдөн дагы артык көрүү.
  • Ата-эне — бул дарактык тамыры сыяктуу, анын жардамы менен балдары буттарында бекем турушат.
  • Үй — бул дубалдар эмес, андагы адамдар. Ата-эне болсо — анын жүрөгү.
  • Ата жана апа — алыс болсо да жол көрсөткөн эки күн.
  • Ата-энелердин балдарына бере турган эң жакшы нерсе — бул тамыр жана канат — И. В. Гёте.
  • Балдар ата-эненин сөзүнөн эмес, жасаган ишинен тарбия алат.
  • Чыныгы ата-энелер ыңгайлуу балдарды эмес, бактылуу балдарды өстүрөт, анткени балалуу болуунун маңызы, келечектеги жардамчыны, камкорчуну же мураскерди даярдоо эмес, жөн гана жаңы адамга жашоо тартуулоо.

Кошумча шилтемелер

Бөлүшүп койгула WhatsApp Facebook OK.ru VK X (Twitter) LinkedIn Telegram
Талкулоо Оңдоо / Тууралоо