Ата жөнүндө ырлар. Ата — бул үй-бүлөнүн тиреги, балдарынын, жубайынын жан досу, өмүр жолундагы эң негизги адамы. Анын мээрими, кайраттуулугу жана чыдамкайлыгы үй-бүлөнүн түптөлүшүнө жана балдардын тарбиясына чоң салым кошот. Бул макалада биз аталар жөнүндө жазылган ырлардын күчүн, терең маанисин жана аларга арналган сүйүүнүн сырларын изилдейбиз.
Кээде барктап-баалабай,
Аталарды көрбөйбүз.
Аска-зоодой аталар,
Жүк көтөргөн мойнуна.
Темирдей тартип, коргоочу,
Атадай болобу жолоочу.
Үн катпаган мүнөздө,
Айкөлдүк бар, тынчтык бар.
Көрсөтөт ата балага
Ак-караны айырмалап.
Андай баспа мындай бас,
Ал атанын сабагы.
Ата билет баарысын,
Бирок айтпайт тил менен.
Тажрыйбаны окутат,
Ал жашоонун мааниси.
Бекемдик ата девизи,
Чындык, анын керээзи.
Атанын айткан кенеши,
Чөкпөгөн суунун кемеси.
Билинбеген зор эмгек,
Аталардын акысы.
Ал анткени аталар,
Жакшы жакшоо кепили.
Атам жокто жоошуймун,
Атам барда тентекмин.
Эркелетип окутуп,
Көрсөтөт жашоо белесин.
Колдору атанын, бырышы,
Сынары билет го бир сырды.
Талыбаган ак эмгек,
Ырыс-кешик ачкычы.
Колунан келет баарысы,
Кубатка толгон атаке.
Тажрыйбасы зор тоодой,
Кайдан билет баарысын?
Ата — дыйкан талаада,
Ата — баатыр балага.
Ата — тирек бүлөгө,
Ата — айкөл баарына.
Ата — жолчу жол салган,
Ата — ырчы ырдаган.
Ата — чырагы үмүттүн,
Ата — жүрөгү турмуштун.
Атам менен сейилге,
Ишембиде чыгам мен.
Кетпейин деп адашып,
Колунан бекем кысам мен.
Кайраты, күчү түгөнбөйт,
Жетимишке келсе да.
Баласы ата болсо да,
Ата деп атасына эркелейт.
Камкордук — атанын урааны,
Эмгек — атанын куралы.
Чыдамдуулук — жан-досу,
Сабырдуулук — жашоосу.
Ата жөнүндө ырлар — бул жүрөктүн терең сезимдерин, урмат-сый жана сүйүүнү билдирген чыгармачылык форма десек да болот. Ар бир сапта атабызга болгон ыраазычылык жана сый-урмат чагылдырылат. Атабыздын бекем колдоосу менен биз күч алабыз, өмүрдүн ар кандай сыноолоруна туруштук беребиз. Ошондуктан, аталарга арналган ырлар ар дайым биздин жүрөгүбүздө өзгөчө орунду ээлейт. Атага арналган ырларды бул жерге кошумча кылып жазып калтырууга чакырам.