Ата — эне менен катар үй-бүлө башчысы, балдарынын кам көрүүчүсү жана жол көрсөткүчү болуп саналат.
Ата деген ким? Ата — бул баласына, кызына эркек адам болуунун, сабырдуу болуунун, деги эле адам болуунун мисалы. Ата-эне түшүнүгүнүн бир бөлүгү.
Ата — бул өзү эски кийим менен жүрсө да, баласына жаңысын кийгизген адам. Ал өзү чала тойсо да, баласынын курсагын тойгузган адам. Өмүр бою үй-бүлөсүнө сары санаа болуп, үй-бүлөсү үчүн аракеттенген адам. Ал баласын өзүнөн да жакшыраак, акылдуурак көргүсү келген адам. «Балам жакшы болсун» деп күндө кудайга жалынган, энедей.
Ата, баласы же кызы төрөлгөндөн тарта «балама, жубайыма, үй-бүлөмө пайдалуураак болсом экен» деп жүрүп өтөт.
Коомдо атанын ролу түрдүү маданияттарда жана тарыхый доорлордо өзгөрүп келген, бирок көпчүлүк коомдордо ал урмат-сыйга татыктуу жана жоопкерчиликтүү инсан катары кабыл алынат.
Кыргыз элинде ата — мээримдүү, чыдамдуу, акылман жана ишенимдүү жетекчи катары бааланат. Ал үй-бүлөнүн туруктуулугун камсыз кылып, балдарынын туура тарбияланышына чоң салым кошот. Ата балдарына билим берүү, моралдык-этикалык нормаларды үйрөтүү, жана коомго туура багыт берүү сыяктуу маанилүү милдеттерди аткарат.
Тарыхта жана адабиятта ата образы ар дайым сый-урматтын, күч-кубаттын жана коргоочунун символу болуп келген. Ар бир адамдын жашоосунда атанын орду уникалдуу жана ал эч качан алмаштырылгыс.
Ата — бул үй-бүлөнүн эркек мүчөсү жана эне менен катар негизги адамы. Ал үй-бүлөнүн башчысы болуп, балдардын тарбиясы жана бакубат жашоосу үчүн жооптуу.
Ата образы дүйнөнүн ар кандай элдеринин мифологиясында, диндеринде жана фольклорунда терең орун алган. Кыргыз элинин салттарында ата — туруктуулуктун жана коргоочулук белгиси. Тарыхта аталар көп учурда жоокерлер, акылман жетекчилер, же билим берүүчүлөр катары эсте калган.
Ата үй-бүлө ичинде балдарды жашоого тарбиялайт жана даярдайт. Материалдык жактан камсыз кылат. Моралдык-этикалык негиздерди үйрөтөт. Үй-бүлөнүн туруктуулугун сактоого салым кошот.
Балдар менен мамилеси атанын инсандык касиеттерине жараша түзүлөт. Чыдамкайлык, акылмандык, мээримдүүлүк жана катаалдык — ар түрдүү мамилелердин өзөгү. Ата балдарына үлгү болуп, алардын адамдык сапаттарын өстүрүүгө умтулат. Ак менен караны айырмалоого баласын же кызын үйрөтөт.
Кыргыз адабиятынын көптөгөн чыгармаларында атанын образы негизги тема болуп саналат. Ырлар, аңгемелер, поэмалар, драмалар аркылуу ата тууралуу терең ойлор түшүндүрүлөт. Мисалы, Манас ата өзүнүн гана бүлөсүнүн атасы болбостон жалпы кыргыз калкынын атасына татыктуу. Кино жана театрда да атанын ролу берилет. Ошол эле, Ч. Айтматовдун «Делбирим» повестиндеги атанын ролу жакшы белгиленген.
Азыркы учурда да ата үй-бүлөдөгү маанилүү жетекчи бойдон калууда. Бирок заманбап коомдо анын ролу кеңейип, эмоционалдык жактан жакындык көрсөтүү жана балдардын психологиясына көбүрөөк көңүл буруу талап кылынат.
Суроо: Кыргызстанда аталар күнү качан белгиленет?
Жооп: Кыргызстанда аталар күнү 15-мартта белгиленет.
Суроо: Аталар күнү качан кабыл алынган?
Жооп: 2024-жыл 25-июлда президент тарабынан кол коюлган.
Суроо: Эл аралык аталар күнү качан белгиленет?
Жооп: Ар кайсы өлкөлөрдө 15, 16, 17-июлда белгиленет.
Суроо: Эмне үчүн аталар көп учурда үй-бүлөөнүн коргоочусу саналат?
Жооп: Анткени салттуу түрдө ата күч-кубат, ишенимдүүлүк, сабырдуулук жана каалаган учурда жардамга келүү даярдыгы менен ассоциацияланат.
Суроо: Эмне үчүн аталар тамашаларды айтканды жакшы көрөт?
Жооп: Анткени тамашалар балдар менен болгон байланышты бекемдеп, үй-бүлөдө жылуу атмосфераны түзүүгө жардам берет.
Суроо: Баланын өнүгүүсүндө атанын ролу, таасири кандай?
Жооп: Ата баланы жоопкерчиликке, чындылдыкка, өз алдынчалуулукка үйрөтүп, баланын өзүнө болгон ишенимин өнүктүрүүгө көмөктөшөт.
Суроо: Атанын тарбиялоосу эненикинен кандай айырмаланат?
Жооп: Аталар тарбияда көбүрөөк оюндарды, активдүүлүктү, тамашаны жана баарлашуунун түркүн ыкмаларын колдонушат жана ушунусу менен айырмаланат.
Суроо: Эмне үчүн ата менен убакыт өткөрүү маанилүү?
Жооп: Биргеликте убакыт өткөрүү ишеничтүү мамилелерди түзөп, үй-бүлөлүк мамилелерди чыңдайт.
Суроо: Эмне үчүн ата катуу тартиптүү гана эмес, назик да болушу мүмкүн?
Жооп: Анткени, ата эрежелерди сактоонун маанилүүлүгүн үйрөтөт, ошону менен бирге өзүнүн баласын дайыма түшүнүп, колдоого даяр.
Суроо: Балага ата келечекте эмнеси менен жардам берет?
Жооп: Ата турмуш-тиричилик көндүмдөрүнө үйрөтөт, мисалы, маселелерди чечүү, өз алдынчалуулук, өзүнө болгон ишенимдүүлүк жана башка ушул сыяктууларга.
Суроо: Ата кантип балдарына мисал боло алат?
Жооп: Ата өзүнүн татыктуу жасаган иштери менен мисал боло алат.
Суроо: Эмне үчүн атага ыраазычылык билдирүү маанилүү?
Жооп: Анткени, ата үй-бүлө үчүн көп нерселерди жасайт, ошондуктан ыраазычылык сөздөр сүйүү жана сый-урматты билдирип турат.
Суроо: Ата кантип таң калтырышы мүмкүн?
Жооп: Ата өзгөчө нерселерди жасай алат: шайыр оюндардан тарта оюнчуктарды жасаганга чейин, же күтүлбөгөн саякат менен.
Ата — бул үй-бүлөнүн негизги таянычы, балдардын биринчи мугалими жана коргоочусу. Анын мээрими жана жоопкерчилиги үй-бүлөнүн күчүн түзөт. Кыргыз элинде атага болгон урмат-сый — улуттук рухтун бир бөлүгү болуп эсептелет.