Алексей Пешковдун балалыгы жана өспүрүм чагы өтө катаал шартта өткөн. Ошондуктан ал жазуучу болгондон кийин Максим Горький псевдонимин алган. Алёша атасынан эрте калган. Таятасынын үйүндө болуп, мектептен да окуй албаган. Окуунун ордуна таятасы үй-үйлөрдү кыдыртып, эски-уску чүпүрөк-чапыракты чогултуп туруп саттырган. Кийинчерээк көрүнгөндүн колун да ар кимдин балдарын багып, эң акыркы тыйынына нан алгандын ордуна китеп сатып алып, түнүчүндө шамдын жарыгында окуган.
Көрүп калса кожоюндун сабарына да кайыл болгон. Андан кийин өтүкчүнүн малайы, кемеде идиш-аяк жуугуч болуп иштеген. Алёша түрдүү өлкөлөр бар экендигин, ал өлкөлөрдө акылдуу, кайраттуу жана эмгекчил адамдар жашаарын, адамдардын бактылуу өмүр сүрүшү үчүн биригип күрөшүү керектигин китептерден окуп билген. Ошондо да ал дайыма адамдарга жардам берүүгө өзүнө ант берген. Силер чоңоё түшкөндө Максим Горькийдин Шумкар жөнүндө ыр, Бороон кабарчысы жөнүндө ыр деген чыгармаларын, Бала чак, Көрүнгөндүн колунда, Менин университеттерим үчилтигин, Фома Гордеев, Артамоновдордун иши, Клим Самгиндин өмүрү романдарын, бир топ пьеса, очерк, аңгемелерин окуйсуңар. Совет адабиятынын негиздөөчүсү Горькийдин чыгармачылык жолун иликтейсиңер. Горький балдарга да арнап жазган: энесинин тилин укпай, мышыктын чеңгелинде калып кала таштаган Пудик жөнүндө Кичинекей таранчы деген жомогу, түшүндө деңизге түшүп кетип, балыктарга кабылган бала Евсейканын окуясы, Италияда жашаган шайыр тентек Пепе жөнүндө, ошондой эле өзүнүн балалыгы, Архип чоң ата менен Лёньканын сандалуусу жөнүндө аңгемелерди жазган.