Орусча-кыргызча котормочулар талап кылынат

Эргежээл (манизм) — эң кичине бойлуу киши (эркегинин бою 130 см, аялдыкы 120 смден төмөн). Эргежээл көбүнчө ички секреция бездеринин (гипофиз, калкан бези) функцияларынын бузулушунан, мээнин түрдүү шишиктеринен, инфекциялардан (мисалы, энцефалиттер, менингит жана башкалар), травмадан болот. Эргежээлдин дене түзүлүшү пропорциялуу, кичине баланыкындай, бирок бети бырышып, картаңдай болуп турат, жыныс бездери жетилбейт. Кээде эргежээл (пропорциялуу

Эпидидимит — эн безинин кошумчаларынын сезгениши. Эпидидимит эн безине ага жанаша органдардан (простата бези, табарсык, заара чыгуучу канал) урук түтүгү аркылуу же кан жана лимфа агымы менен инфекция киргенде болот. Калтанын жабыркашы, муздап калуусу (муздак сууга түшүү) жана башкалар бул ооруга түрткү берет. Эпидидимитте

Эпидемия очогу — жугуштуу оорулуу же оору козгогуч алып жүргөн адамдын жашаган жайы, жери (үйү, иштеген мекемеси жана башкалар). Эпидемия очогу жугуштуу оорунун булагы болгондуктан ал калк арасында таралышында чоң роль ойнойт. Эгерде оорулуу врачка эртерээк кайрылбаса, өз убагында өзүнүн тегерегиндеги соо кишилерден бөлүнбөсө, туура, жакшы дарыланбаса оору узакка созулуп же өнөкөт түргө айланат. Оорулуу анын козгогучтарын алып жүрүп, аларды организминен тышка

Эпидемия — жугуштуу оорунун белгилүү аймакта жашаган элдин арасында массалык таралышы. Эпидемиянын өөрчүшүнө алдын ала эмдөө каражаттарынын жоктугу, калктын жыш жайгашуусу, миграциясы (бир жерден экинчи жерге барышы), калк жашаган жерде тазалыктын жоктугу, согуш, табигый кырсыктар, ачкачылык жана башкалар түрткү берет. Мындай убакта элдин турмуш деңгээлинин төмөндөшүнө байланыштуу жалпы санитария - гигиеналык абалы начарлап, мурунку

Эпидермофития — теринин эпидермофитон мите козу карындары пайда кылуучу жугуштуу оорусу. Козгогуч түшкөн жерине жараша бут кетменинин, кол чеңгелинин жана тери бүктөөлөрүнүн (чурай, колтук, эмчек асты) эпидермофитиясын пайда кылат. Чурай эпидермофитиясы менен көбүнчө эркектер оорушат. Бут кетменинин эпидермофитиясы мончодо, бассейнде иштеген, түшкөн кишилерде, спортсмендерде (сууда сүзүүчүлөрдө) көбүрөөк болот. Эпидермофития адамга