Геморрой (көк баш) — көтөн чучуктун веналарынын варикоздук (түйүн сымал) кеңейиши. сырткы жана ички болуп бөлүнөт. Сырткы геморрой көтөн чучуктун сырткы веналарынын, ал эми ички геморрой көтөн чучуктун ички веналарынын кеңейишинен пайда болот.
Геморрой веналардын тубаса начардыгынан, көтөн чучуктун веналарында кандын начар айланышынан болот. Ага ичтин катышы, көтөн чучуктун түрдүү шишиктери, боюнда бар кезде жатындын кысуусу, жатындын туура эмес жайгашуусу, көпкө олтуруп иштөө, ар кандай спирт ичкиликтеринен, өтө ачуу тамактарды ичүү, оор нерселерди көтөрүү жана башкалар пайда болуусуна түрткү берет.
Геморрой менен орто жаштагы жана улгайган адамдар көп ооруйт, айрыкча эркектер жапа чегет, чанда жаштарда да кезигет. Көп учурда ал акырындык менен өөрчүп, адегенде көтөндүн тегереги кычышат, кээде ооруйт, ич катып, жагымсыз сезим пайда болот.
Бул белгилер бир нече айдан бир нече жылга чейин созулуп, спирт ичкиликтерин жана ачуу тамак ичкенде күчөйт. Кийинчерээк көтөн чучуктан кан агат (заңда кан тамчылары болот, караңын: заңдын формасынын бристоль шкаласы). Натыйжада оорулуу көп кан жоготуп, аз кандуулук өөрчүшү ыктымал.
Эгерде геморрой, геморрой түйүнчөлөрдүн бүтөлүшүнөн жана сезгенишинен кабылдап кетсе өтө катуу ооруйт, дене ысыйт, ич катат. Оору кабылдап кеткенде сезгенүү көтөн чучуктун тегерегиндеги клетчаткаларга жайылып кетиши мүмкүн.
Геморрой — мезгили менен кармап туруучу өнөкөт оору. Сезгенбей турган мезгилде оорулуу өзүн жакшы сезет. Оору өтүшүп кеткенде тез-тез кармап, бат-бат көп кан агат. Ички түйүнчөлөр сыртка чыгып же кысылып калганда өтө катуу ооруйт; түйүнчөлөр көгөрүп, кээде карарып, катууланат.
Геморройдон жапа чеккен киши дайыма врачтын (хирургдун) көзөмөлүндө болуп, эгерде сезгенүү пайда болуп, түйүнчөлөр кысылып же заңдаганда кан чыккан учурда тезинен врачка кайрылуу зарыл.
Түйүнчөлөр чыгып калганда кайра киргизүүгө аракеттенүүгө болбойт, себеби ал көп кан агууга жана оор кабылдоого алып келиши мүмкүн. Ооруну пайда кылган себептерге карата геморройду дарылоо жүргүзүлөт.
Анын натыйжасы оорунун абалына, врачка өз убагында кайрылгандыгына, анын көрсөтмөлөрүн толук аткарышына жараша болот.
Жогору атылма муздак душ, мөмө-жемиштүү диета сунуш кылынат. Убагы менен заңдоонун мааниси чоң. Күчөп кеткен учурда хирургиялык операция жасалат.
Геморройду алдын алууда түрткү берүүчү себептерди четтетүү, биринчиден ичти катырбоо керек. Бала чактан өздүк гигиенаны сактоого, ар бир заңдаган сайын жуунууга үйрөтүү зарыл.
Аз кыймылдуу иште иштегендердин гимнастика жасагандары максатка ылайык: туруп иштегендер (дүкөнчү, чач тарач) көнүгүүлөрдү отуруп, ал эми отуруп иштегендер туруп же басып жасоочу көнүгүүлөрдү жасоо керек. Геморройдун биринчи белгилери байкалгандарга врач айыктыруучу гимнастика сунуш кылат.