Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Бронхит оорусу

Баш барак | Медицина | Бронхит оорусу

"Бронхит оорусу" кандай, аны уй шартында дарылоо болобу? симптомдору жана белгилери жана башка ушул сыяктуу суроолорго кеңири жоопту төкпөй чачпай айтып берели.

Бронхит
ЭОК-11 (Эл аралык оорулар классификациясы)CA20
ЭОК-10J20-J21
ЭОК-10-КМ (Эл аралык оорулар классификациясы жана Клиникалык Модификация)J20.9, J20, J40 жана J42
ЭОК-9466
ЭОК-9-КМ490, 466.0, 491, 491.9 жана 491.8
DiseasesDB29135
MedlinePlus001087
MeSHD001991
Бронхит оорусу

Бронхит деген эмне

Бронхит кандай оору? өпкө ооруларынын көп кездешүүчү ооруларынын бири. Бронхалар дем алуу системасынын бөлүгү болуп, өпкөнүн ткандарын трахея менен байланыштырып турган трубка сыяктуу. Трахея эки башкы бронхалар менен байланышкан, алардын ар бири өзүнчө көптөгөн майда трубкаларга бөлүнөт, бронхалар жана бронхиолдор. Дал ушул трубкалар аркылуу дем алганда аба өпкөнүн ткандарына өтөт. Мындай майда трубкалардын эң аягында микроскопиялык баштыкча бар, анын аты альвеола, бул баштыкчада абадагы кычкылтек канга аралашат. Бронхит болгондо бронхалар сезгенет же бронха тешиктерине көп өлчөмдөгү былжыр бөлүп чыгара баштайт. Бронхит катуу кармаганда, ларингит, фарингит жана трахеит оорулары менен коштолот.

Сезгенүү негизинен вирустар аркылуу (көбүнчө курч респиратордук ооруларды чакырган вирустар, буларга грипп кирет.) же экинчи даражадагы бактериялык инфекциялардан болот (инфекциялык бронхит). Ошондой эле бронхит оорусу өпкөнү сезгентүүчү ар кандай токсиндерди, химиялык каражаттарды, чаң, амиак (түрдүү тазалоочу каражаттарда көп колдонулат) жана түтүн менен дем алганда пайда болот. Башка өпкө оорулары (мисалы, астма, өнөкөт синусит) менен ооруган адамдар дагы бронхит менен көп оорушу мүмкүн. Ошондой эле суук тийүү, нымдуу абада узак убакытка чейин болуу, температуранын чукул өзгөрүшү, буга байланыштуу жазында жана күзүндө көбүрөөк кездешет. Тамеки, арак, эфир майлары терс таасирин берет.

Бронхит күчөгөндө булчуңдар ооруп, көкүрөк кысылып, мурун бүтөт. Кичинеден жүрүп отуруп жөтөл башталат. Какырык кичинеден чыга баштайт, дене табы көтөрүлөт.

"Бронхит оорусу" негизинен адамдын эмгекке жарамдуулугуна таасирин тийгизбей билинбей өтө берет, бирок улгайган адамдарда, тамеки чеккендерде жана өнөкөт жүрөк жана өпкө оорулары бар адамдарга бул дарт чыныгы көйгөйлөрдү жаратат.

Белгилери

Курч бронхит

Инфекциялык бронхит көбүнчө кышкысын пайда болот. Шартка ылайык, суук тийип калгансып, шалдыратат, тамак кырылдайт, андан соң жөтөл пайда болот. Башында кургак жөтөл болуп, кийинчирээк какырык чыгарган жөтөл болуп, ак, сары, жашыл какырык чыгышы толук мүмкүн. Өтө олуттуу учурларда температуранын көтөрүлүшү байкалат. Бронхиттин өөрчүп кетүүсү пневмония оорусуна алып келет, ошондуктан айтылган белгилер байкалганда эле дарыгерге көрүнүү зарыл.

Өнөкөт бронхит

Жөтөлүү жана какырыктын бөлүнүп чыгуусу жыл сайын кайталанып, кармаган сайын узакка созулушу мүмкүн, кээде бир нече айга чейин. Өнөкөт бронхит көп учурда ар кандай өпкөнүү дүүлүктүрүүчү заттар менен дем алганда, тамеки чеккенде пайда болот.

Өнөкөт бронхит болгондо бронхалардын былжыр чели көбүрөөк какырык чыгарат дагы, жөтөлтөт. Ал эми инфекциялык бронхитте (курч бронхит) дем алуу жолдорунун сезгенүүсүнөн жөтөл пайда болот. Бул курч жана өнөкөт бронхиттердин негизги айырмасы. Көп учурда өнөкөт бронхиттин себеби тамеки чегүүдөн болот.

Дүүлүктүрүүчү таасирлердин алдында ден-соолуктун начарлашына алып келет, майда дем алуу жолдорунун сезгенүүсү же карттанып тырык болуп калуусу, дем алуунун оорлошуна алып келет. Мындай кырдаалда эмфизема (жел туруп калуу) оорусу өнүгүшү мүмкүн, өзгөчө дүүлүктүрүүчү заттар альвеолдорду бүлүндүргөндө. Андай болгондо бейтап кичине эле кыймылдаса дем алуусу оорлойт. Бронхит жана эмфизема эки башка оору болгону менен көп учурда булар бири-бирн коштоп жүрүшөт.

Тамеки чеккен адамдар, оорудан сакайганга чейин тамекини таштоо керек. Эгер адам курч бронхит (инфекциялык бронхит) менен ооруп жатса дарыгер стационардык режимди сактап, көбүрөөк суюктук ичип, обезболивающий жана дене табын түшүрүүчү (парацетамол) дарыларды сунушташы мүмкүн.

Эгер жөтөлгөндө сары же жашыл (көк) какырык чыгып, же дене табы жогору болуп, көпкө чейин төмөндөбөй жатса, анда бул бактериялык бронхит болушу мүмкүн. Мындайда дарыгер антибиотиктерди жазып бериши мүмкүн. Онокот бронхит учурунда дарыгер бир нече сунуштарды береши мүмкүн, алар: тамеки тарткан адам болсо, тамекиден убактылуу болсо дагы баш тартуу, бронхидилататорлорду (бронхолитик) жазып бериши мүмкүн, бул дарылар дем алуу жолдорун кеңейтип, дем алууну жеңилдетет. Көп учурда буларды ингаляция түрүндө белгилешет. Өөчүгөн мезгилде кээде кортикостероид жана антибиотик белгилешет. Оор учурларда же кайра-кайра күчөгөндө кортикостероидди дайыма кабыл алууну сунушташы мүмкүн.

Алдын алуу

Албетте, жыл сайын өтүүчү гриппке каршы вакцинация күз-кыш мезгилиндеги грипп менен ооруп калуу мүмкүндүгүн азайтат, ушуга ылайык өнөкөт бронхит менен ооруган адамдарга дагы сунушталатышы мүмкүн. Пневмококктор тарабынан козголуучу ооруларга каршы вакцинация дагы өнөкөт бронхит менен ооруган адамдарга сунушталат. Бронхитти уй шартында дарылоого кичине болсо дагы жардамы тиет деген үмүттө төмөнкүдөй элдик рецепттерди сунуштайбыз. Эскертүү! эч качан өз алдынча даарыланууну сунуштабайбыз, ошондуктан оорунун белгилери пайда болгондо дароо ооруканага кайрылууну сунуштайбыз. Ал эми төмөнкү рецепттер, экстремалдык кырдаалдарга гана берилет.

Лимон, бал жана глицерин менен бронхитти дарылоо

Бронхитке каршы эң мыкты каражат, жана дайындалышы оңой жана эффективдүүлүгү тажрыйбада текшерилген.

Даярдоо ыкмасы:

Кантип колдонуу керек

Адам жашы боюнча чектөөлөр жок, чоң кишилерге, балдарга да болот. Айырмасы дозировкада. Чоң кишилер үчүн эгер катуу жөтөл болсо күнүнө 4-7 жолу 1 аш кашык менен, калган учурларда күнүнө 2-3 жолу эле. Жарым саат тамакка чейин ичсе жакшы, тамактан кийин деле ичсе болот, бирок мындай учурда тамактан кийин жок дегенде 2 саат өтүшү керек. Балдарга күнүнө 2-3 жолу 0,5 (жарым) аш кашык.

Таасири

Организмдин ооруларга каршы туруусу жогорулайт (С витамини иммундук системага дем берет). Глицерин сезгенген тамакты тынчтандырып, нымдап, жөтөлдү жеңилдетет. Бал болсо табигый актибактериалдык каражат, инфекциянын козгогучтары менен күрөшүүгө жардам берет.

Каршы көрсөтмөлөр

Ичеги-карын оорулары менен жабыркаган адамдарга абайлап колдонуу сунушталат, мындай состав оорунун өтүшүн оорлотуп же күчөтүп жибериши мүмкүн. Ошондой эле рецепттеги ингридиенттердин каалаганына аллергиясы бар адамдарга дагы бул каражат таптакыр сунушталбайт.

Бронхит болгондо жөтөлгө каршы пияз маңызы

Пиязды аарчып, майда туурайбыз. Анча чоң эмес мискейге салабыз дагы сүт кошобуз. Аралашманы пияз кичине жумшарганча кайнатабыз. Даярдыгына жараша бал кошошбуз. 1 стаканга 1 чай кашык бал. Дарылоо курсу 1-3 күн. Бир аш кашык саат сайын.

Профилактика кеңештери

Бронхит оорусуна ийимдүүлүк барбы же жокбу профилактика үчүн жөнөкөй эрежелерди үйрөнүп алсаңыз ашык болбойт. Мындай чаралар бронхит менен ооруп калуу тобокелдигин төмөндөтүп, жалпы өпкөгө пайдалуу:

Достор, Бронхит оорусу жонундогу макалабыз ушундай болду. Бронхит оорусун дарылоо албетте дарыгердин көзөмөлүндө жүрүүсү абзел, ошондуктан биринчи белгилери пайда болгондо ооруканага барсаңыз жакшы.

Дагы караңыз

Жайгаштыруу: 2018-09-28, Көрүүлөр: 16067, Өзгөртүлгөн: 2024-02-14, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо