Медицинага тиешелүү макалалар, терминдер, оорулардын аталыштары
Геморрой (көк баш) — көтөн чучуктун веналарынын варикоздук (түйүн сымал) кеңейиши. Сырткы жана ички болуп бөлүнөт. Сырткы Г. көтөн чучуктун сырткы веналарынын, ал эми ички Г. көтөн чучуктун ички веналарынын кеңейишинен пайда болот. Г. веналардын тубаса начардыгынан, көтөн чучуктун веналарында кандын начар айланышынан болот. Ага ичтин катышы, көтөн чучукту түрдүү шишиктер, боюнда бар кезде жатындын кысуусу, жатындын
Бронхит — бронхтордун былжыр челинин, трахеядан өпкө альвеолдоруна кетүүчү кемирчектүү түтүкчөлөрдүн сезгенүүсү менен мүнөздөлгөн, төмөнкү дем алуу жолдорунун оорусу. Латынча bronchitis (бронхалар) + itis (сезгенүү).