Медицина
Медицинага тиешелүү макалалар, терминдер, оорулардын аталыштары
Аскаридоз
Аскаридоз (латынча Ascaridosis) — нематодоз тобундагы ичеги инвазиясы (кишиге жана айбандарга мителердин жугушу), козгогучтары — аскаридалар (Ascaris lumbricoides). Аскаридалар ичке ичегиде мителик кылат (паразиттик кылат). Бойго жеткен гельминттин узундугу 25 — 30 см. түзөт.
Антисептиктер
Антисептик же антисептиктер (грек тилинен anti "каршы" sepsis "ириңдүү") - ачык жарааттардын бетиндеги бузулуу процесстеринин алдын алуу үчүн ириңге каршы каражаттар. Мисалы, операциядан кийинки, же сыйрылган жарааттар. Ошондой эле кандагы башталган өзгөрүүлөрдү басаңдатуучу каражаттар. Антисептиктер хирургтардын жана медициналык кызматкерлердин бейтап менен байланыш алдында колдорун дезинфекциялоо үчүн колдонулат.
Нерв системасы
Нерв системасы — нерв түзүмдөрүнүн өз ара ар түрдүү байланыштарынын бүтүндүү морфологиялык жана функционалдык жыйындысы.
Лыжа спорту
Лыжа спорту — спорттун кеңири таралган массалык түрү. Анын лыжа менен жарышуу, секирүү, тоодон ыкчамдык менен түшүү, туристтик жүрүштөр, лыжа тээп сейилдөө жана башкалар түрлөрү бар.
Көз оорулары: түрлөрү, алдын алуу
Көз оорулары — адамдын көз органы менен байланышкан оорулар жыйындысы жана түрлөрү. Көз оорулары абдан көп. Жаштар дарыгерге кургак көз синдромунун, сезгенүүнүн, көрүүнүн начарлоосунун айынан кайрылышат. Улгайган жаш куракта айтылган оорулардан сырткары катаракта, глаукома, көздөгү сары тактын бузулуусу (дегенерация макулы) маселе жаратат. Бейтаптардын эстүүлүгүнүн максатында төмөнкүдө биз кеңири тараган көз оорулары тууралуу маалымат беребиз.
Даам берүүчү заттар
Даам берүүчү заттар, приправалар, специялар, татымалдар — азык-түлүктөрдүн, тамак-аштардын даамын жана жытын жакшыртуучу химиялык заттар, өсүмдүк тектүү биологиялык өндүрүмдөрдүн бөлүктөрү жана алардын аралашмалары.
Геморрой: кыскача баяндалышы
Геморрой (көк баш) — көтөн чучуктун веналарынын варикоздук (түйүн сымал) кеңейиши. сырткы жана ички болуп бөлүнөт. Сырткы геморрой көтөн чучуктун сырткы веналарынын, ал эми ички геморрой көтөн чучуктун ички веналарынын кеңейишинен пайда болот.
Бронхит оорусу
Бронхит — бронхтордун былжыр челинин, трахеядан өпкө альвеолдоруна кетүүчү кемирчектүү түтүкчөлөрдүн сезгенүүсү менен мүнөздөлгөн, төмөнкү дем алуу жолдорунун оорусу. Латынча bronchitis (бронхалар) + itis (сезгенүү).
Жарнама тандалган купуялуулук жөндөөлөрүнө байланыштуу көрсөтүлбөйт.