Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Биографиялар

Үмөтов Жумабай

Үмөтов Жумабай(1933, Ак-Суу району, Ичке-Жергез айылы -1995, Бишкек ш.) колдонмо өнөр сүрөтчүсү. Кыргыз эл сүрөтчүсү (1979), Кыргыз Республиканын исквого эмгек сиңирген ишмери (1979). В. И. Суриков атындагы Москва сүрөт институтунун көркөм мектебинен, В. И. Мухина атындагы Ленинград жогорку көркөм окуу жайынан билим алган. Ү. негизинен кездемелердин бетине түр салуу, улуттук оймо-чиймелерди иштеп чыгуу өнөрүнө көп эмгек сиңирген. Ал түр салган килем Москвадагы бүткүл союздук көргөзмөдө

Үсөнбаев Качкынбай

(1935, Жети-Өгүз району, Чырак айылы -1991, ошол эле жер) - физик-химик, химия илиминин доктору (1991). 1956-жылы КМУнун физика-математика факультетин бүткөн. 1957—60-жылы Москва күйүүчү кен байлыктар институтунун аспиранты, 1962-85-жылы Бишкек политехника институтунда доцент, кафедра башчысы жана декан, 1985—91-жылы Кыргыз илимдер академиясында жана 1990—91-жылы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик табият коргоо комитетинин алдындагы институтта лаборатория

Өмүралиев Дүйшөн

Өмүралиев Дүйшөн(1950-жылы туулган, Балыкчы ш.) - архитектор, архитектура илимий кандидаты, профессор (1992). Чыгыш өлкөлөрдүн эл аралык архитектура академиясынын корр. мүчөсү (1993). Бишкек (мурдагы Фрунзе) политехника институтун бүткөн (1975). 1975—79-жылы ошол институтта окутуучу. 1977—81-жылы Москва архитектура институтунда аспирант. 1981—83-жылы кайрадан БПИнин архитектуралык долборлоо кафедрасында (азыркы Кыргыз

Жыргалбаев Узак

(1912, Жети-Өгүз району, Шалбаа айылы -1986, Бишкек ш.) - мамлекеттик ишмер. 1930—32-жылы Орто Азия мамлекеттик университетинин алдындагы жумушчу факультетинде окуган. 1932—34-жылы Жети-Өгүз райондук профсоюзунун эмгекти коргоо бөлүмүнүн инспектору, андан соң ушул эле райондогу «Мундуз» колхозунун төрагасы. 1934—37-жылы профсоюздун жумушчу комитетинин төрагасынын орун басары, Нарын районундагы 53-жылкы заводунда парткомдун катчысы, 1937-39-жылы

Жусаев Жолдош

(1934-жылы т, Ак-Суу району, Тепке айылы) - филолог, филология илимдеринин кандидаты (1984), профессор (1993). КМУнун чет тилдер факультетин бүтүргөн (1959). 1949—53-жылы Каракол педагогикалык окуу жайында мугалим, 1959—64-жылы Ош педагогикалык институтунда англис тил мугалими, 1964—67-кафедра башчысы, 1967—72-жылы КМУда англис тили кафедрасыньш башчысы, 1972—76-жылы чет тилдер факультетинин деканы, 1976—80-жылы КМУнун

Жунусов Масхуд

(1919-жылы туулган, Каракол ш.) - философ, философия илимдеринин доктору (1956), профессор (1957). 1940-жылы КМПИнин биология факультетин бүтүрүп, аспирантурада окуган. 1941—43-жылы Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. СССР Илимдер Академиясынын Кыргыз филиалынын Тил, адабият жана тарых институтунун улук

Жунушов Асанкадыр

(1949-жылы туулган, Тоң району, Бөкөнбаев айылы) - ветврач, ветеринария илимдеринин доктору (1991). 1972-жылы Кыргызстан мамлекеттик айыл чарба институтунун ветеринария факультетин бүтүргөн. 1972—78-жылы Кыргыз мал чарба жана ветеринария илимий изилдөө институтунда улук илимий кызматкер, 1978—79-жылы Кыргызстан жаштар союзунун борбордук комитетинде бөлүм башчы, 1979—87-жылы Кыргыз ССР министрлер советинде улук референт, бөлүм башчы.

Жумагулов Сексеналы

(1911, ТарСуу айылы, Кемин району) - мамлекеттик ишмер. 1929—33-жылы Ташкендеги Орто Азия жумушчу факультетинде окуган. Андан соң «Тар-Суу» (Кемин району) к-зунда эсепчи, Чоң-Кемин орто мектебинде мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы, Кичи-Кемин мектебинде директор. 1937—40-жылы Кемин райондук элге билим берүү бөлүмүнүн башчысы. 1940-жылдан партиялык кызматта. Кыргызстан КПнын Кемин райкомунун уюштуруунускоо бөлүмүнүн

Жумагулов Апас

Жумагулов Апас(1934-жылы туулган, Аламүдүн району, Арашан айылы) - мамлекеттик ишмер. Кыргызстан инженерлер академиясынын академиги (1992). Геология-минералогия илиминин кандидаты. Москвадагы И. М. Губкин атындагы нефть-химия жана газ өнөр жайы институтун, КПСС Борбордук Комитетинин алдындагы коомдук илимдер академиясын бүтүргөн. Эмгек жолун 1958-жылы СССР Илимдер Академиясынын комплекстүү Түпггүк геологиялык экспедициясынын лаборанты

Жоошбай Борсол уулу

(1840, Тоң району, Дөң-Талаа айылы —1919, ошол эле жер) - эл куудулу. Анын куудулдук өнөрү элге агасы Байсерке манап менен иниси Момо ажыга мейманга келген «мыктыларды» куйкум келекелөөдөн» таанылып, атагы чыга баштаган. Кийинчерээк анын айрым манаптарды, байларды, молдолорду, дегеле калыстыктан тайып, ашкере кеткендерди, терс кылык-жоруктарды мазактаган, мыскылдаган куудул жоруктары, курч сөздөрү эл арасына кеңири тараган.

Сайтка жарнама жайгаштыруу