Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Өмүралиев Дүйшөн

Баш барак | Биографиялар | Өмүралиев Дүйшөн

Өмүралиев Дүйшөн(1950-жылы туулган, Балыкчы ш.) - архитектор, архитектура илимий кандидаты, профессор (1992). Чыгыш өлкөлөрдүн эл аралык архитектура академиясынын корр. мүчөсү (1993). Бишкек (мурдагы Фрунзе) политехника институтун бүткөн (1975). 1975—79-жылы ошол институтта окутуучу. 1977—81-жылы Москва архитектура институтунда аспирант. 1981—83-жылы кайрадан БПИнин архитектуралык долборлоо кафедрасында (азыркы Кыргыз архитектура-курулуш институту) окутуучу, 1983-жылдан кафедра башчысы, бир эле мезгиле 1993-жылдан Кыргыз архитекторлорсоюзунун төрагасы. Ал бир нече эл аралык конкурстардын («Келечектеги турак-жай», Москва, 1985 жана башкалар) лауреаты, 1990-жылы Москвада өткөрүлгөн эл аралык архитектура академиясынын конкурсунда алтын медалга ээ болгон. өнөр 32ден ашык илимий эмгектин, 17 реалдуу долбоордун («Ак-Өргөө» кичи району, Бишкектеги ислам борбору, «Үркүн саябаны» мемориалдыкмаданий комплекси жана башкалар) автору.

1995жылдан Бишкек шаарынын түштүк четинде курула баштаган «Манас айылы» маданий-этнографиялык комплексинин башкы архитектору.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 811, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу