(1840, Тоң району, Дөң-Талаа айылы —1919, ошол эле жер) - эл куудулу. Анын куудулдук өнөрү элге агасы Байсерке манап менен иниси Момо ажыга мейманга келген «мыктыларды» куйкум келекелөөдөн» таанылып, атагы чыга баштаган. Кийинчерээк анын айрым манаптарды, байларды, молдолорду, дегеле калыстыктан тайып, ашкере кеткендерди, терс кылык-жоруктарды мазактаган, мыскылдаган куудул жоруктары, курч сөздөрү эл арасына кеңири тараган. Ал чечен, кара кылды как жарган калыс, адилет, чындыкты бетке айткан өткүр, куйкум сөздүү адам болгон. Ошондуктан жылы эл оозуна алынып, колунда бийлиги барлар да ага даай алышкан эмес. Анын куудулдук өнөрү көл өрөөнүнө гана эмес, бүтүндөй кыргыз элине белгилүү болгон. Ж-дын өмүр жолу жөнүндө толук маалымат сакталбаса да, анын күлкүлүү кылык-жоруктары тууралуу кыска уламыштар, окуялар ушул күнгө чейин эл арасында айтылып келүүдө (асыресе, анын «Карыган кудай колдо», «Жер көтөргөн көк өгүз сайгактап кетсе не болот?» дегендей мыскыл сөздөрү). Ал түгүл ага таандык мурастын көбү фольклордук кенчке сиңип кеткен.
Т. Сыдыкбеков Ж-дын эл арасында айтылып жүргөн көптөгөн окуяларын камтыган «Жоошбай» деген повесть жааган («Күлкү жана өмүр», 1988).