Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жыргалбаев Узак

Баш барак | Биографиялар | Жыргалбаев Узак

(1912, Жети-Өгүз району, Шалбаа айылы -1986, Бишкек ш.) - мамлекеттик ишмер. 1930—32-жылы Орто Азия мамлекеттик университетинин алдындагы жумушчу факультетинде окуган. 1932—34-жылы Жети-Өгүз райондук профсоюзунун эмгекти коргоо бөлүмүнүн инспектору, андан соң ушул эле райондогу «Мундуз» колхозунун төрагасы. 1934—37-жылы профсоюздун жумушчу комитетинин төрагасынын орун басары, Нарын районундагы 53-жылкы заводунда парткомдун катчысы, 1937-39-жылы комсомолдун Ак-Талаа райкомунун, Тянь-Шань обкомунун катчысы. 1939—42-ж, Кыргызстан КПнын Ак-Талаа райкомунун биринчи катчысы. 1943жылдан Кыргызстан КПнын Ысык-Көл обкомунда мал чарбасы боюнча катчы, 2-, андан соң 1-катчы. 1945—46-жылы КПСС БКнын алдындагы партиялык уюштуруучулардын Жогорку мектебинин угуучусу. 1946-жылдан Талас облустук эл депутаттар кеңешинин төрагасы.

1948—50-жылы Кыргыз ССР Токой ө.-жылы министри. 1950—56-жылы Республиканын жогорку кеңешинин президиумунун катчысы. 1956-жылдан Фрунзе облустук эл депутаттар кеңешинин аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары. 1958-59-жылы Кыргызстан КПнын Сокулук райкомунун биринчи катчысы.

1965-жылдан Кыргыз ССР жергиликтүү чарбалар министринин орун басары, 1956-жылдан Кыргыз ССР Министрлер Кеңешинин алдындагы калкты турмуш тиричилик жактан тейлөө Башкы башкармасынын начальниги, Турмуш тиричилик жактан тейлөө министринин 1-орун басары. 1967-жылдан Кыргыз ССР Министрлер Кеңешинин Эмгек ресурстарын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы. 1976-жылдан пенсияда. 1951-66-жылы Кыргыз ССР жогорку Кеңешинин депутаты. 4 «Ардак Белгиси» ордени жана медалдар менен сыйланган.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 797, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо