(1911, ТарСуу айылы, Кемин району) - мамлекеттик ишмер. 1929—33-жылы Ташкендеги Орто Азия жумушчу факультетинде окуган. Андан соң «Тар-Суу» (Кемин району) к-зунда эсепчи, Чоң-Кемин орто мектебинде мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы, Кичи-Кемин мектебинде директор. 1937—40-жылы Кемин райондук элге билим берүү бөлүмүнүн башчысы. 1940-жылдан партиялык кызматта. Кыргызстан КПнын Кемин райкомунун уюштуруунускоо бөлүмүнүн башчысы, 1940—44-жылы Кыргызстан КПнын уюнггуруу-нускоо бөлүмүнүн инструктору, бөлүм башчынын орун басары. 1944-жылдан Тянь-Шань обкомунда кадрлар боюнча катчы, 1948жылдан 2-катчы. 1949—52-жылы КПСС БКнын алдындагы Жогорку партиялык мектепте окуган. 1952-жылдан Кыргызстан КПнын Ысык-Көл обкомунун катчысы, Ысык-Көл облустук эл депутаттар кеңешинин аткаруу комитетинин төрагасы. 1959-жылдан Кыргызстан КПнын Ь1сыкКөл райкомунун 1-катчысы.
1961-жылдан Кыргыз керек-жарак союзунун башкармасынын төрагасы. 1962-жылдан Кыргызстан КП БКнын партиялык органдар бөлүмүнүн инспектору.1968—72-жылы Кыргызстан КП БКнын алдындагы курста бөлүм башчы. 1955—63-жылы Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин депутаты. Ленин, 2 Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.
Макала менен таанышуу үчүн баалар, 24 саатка (1 суткага) мүмкүндүк - 100 сом, 1 жумага - 200сом, 30 күнгө - 500 сом. Мүмкүндүк бардык макалаларга ачылат. Алгач сайтка катталыңыз же катталган болсоңуз кириңиз. Катталбастан маалымат менен тез таанышуу үчүн 0704286361 вотсап номерине жазыңыз.
Аталган баалар физикалык жактарга гана, ал эми юридикалык жактар, мамлекеттик мекемелер, жеке ишкерлер үчүн support@tyup.net дарегине кайрылуу зарыл.