Жаз мезгили

Жаз мезгили

Жаз мезгили – бул баары кыш мезгилинен чарчап, күткөн жыл мезгили. Жаз мезгилин көптөн күттүргөн мезгил деп көп аташат. Жаздын алгачкы белгилери кыш мезгилинин февраль айында эле билине баштаган учурлар болот: күн кичине эле катуураак тийсе салаңдап тоңгон муздар эрип баштайт, тамчылар шаңдуу үн чыгарып, жаз мезгили жакындап келе жаткандыгын эске салат. Мындай көрүнүштөн соң ызгаар болуусу, кар жаашы мүмкүн, бирок жакынкы арада жаз мезгили келип, өзүнүн жылуулугун тартуулап кубантарын баары түшүнүшөт.

Күн асманда узак убакытка кармалып, асман жаркырап, коюу көк түскө бөлөнөт, бардык жерде кар эрип, булактар агып баштайт. Жер дагы эле муздак, ным, тыкыр, а кардын калдыктарынын арасынан эң алгачкы гүлдү көрүүгө болот, ал байчечекей деп аталат.

Жаз мезгилиндеги тюлпандар

Токойдо жандануу башталып, айбанаттар кышкы уйкудан ойгонушат, келгин куштар учуп келишет. Тукум улоого ишеничтүү үй керек болгондуктан, бардыгы жайлуу уя салуу, ийин казуу менен алек.

Жаз мезгилинин келиши – жаратылыштын ойгонуусу, активдүү жашоонун башаты. Бүчүр байлап, жарылып, жашыл түстөгү назик жалбыракчалар пайда болот, андан соң алар өтө тез өсөт. Бир жума ичинде бак-дарактардын жазгы шамалга назик шуулдаган жалбырактар менен капталат. Бардык жерде жашоо байкалат.

Көпчүлүктүн ою боюнча, жаз мезгили эң таң калычтуу жыл мезгили. Жаздын келүүсү тез жүргөндүктөн, жаратылыштагы өзгөрүүлөр көз алдыбызда жүрөт. Жаздын ар бир күнү эң жылуу жана сүйүктүү жыл мезгили – жайды жакындатат. Жаздын келиши жаңы, таң калычтуу, кубанычтуу бир нерсе келген сезимин тартуулайт, андыктан бардык адамдар мезгилдин келишине сүйүнүшөт.

Жазгы жамгыр

Жаз мезгили төрт түргө бөлүнөт:

  • Астрономиялык;
  • Жылнаамалык (календарлык);
  • Климаттык;
  • Фенологиялык

Астрономиялык жаз
Астрономиялык жаз, жазгы күн-түн теңелүү убагында, 20-мартта (толук жыл алдындагы жылдары 20 же 21-мартта) (түндүк жарым шарда) жана 22 же 23-сентябрда (түштүк жарым шарда) келип, күндүн жайкы турушуна, 21-июнга чейин (толук жыл алдындагы жылдары 20 же 21-июнда) (түндүк жарым шарда) жана 21 же 22-декабрда (түштүк жарым шарда) болот.(Бардык күндөр бүткүл дүйнөлүк убакыт боюнча келтирилди, башка сааттык алкактарда 1 сутка айырма болушу мүмкүн)

Жылнаамалык (календарлык) жаз
Үч айдан турат: Түндүк жарым шарда - март, апрель, май. Түштүк жарым шарда - сентябрь, октябрь, ноябрь. Жаз – өтмө жыл мезгили болгондуктан күн узарып, айлана-чөйрөнүн температурасы жогорулап, тирүү жандыктардын жана өсүмдүктөрдүн жаратылыштык ишмердүүлүгү жанданат.

Климаттык жаз
Кыргызстанда метеорологиялык жаз күндүн орточо температурасы Цельсий боюнча 0 градустан жогорулап баштаганда келген болуп эсептелет.

Кыргызстандын түштүк аймактарында жаз мезгили күз мезгили менен жуурулушат (климаттык кыш мезгили жок, субтропикалык климат). Кыргызстандын ортоңку бөлүгүндө климат жагынан болжол менен март айынын акырында келет. Өлкөнүн көпчүлүк бөлүгүндө климат жагынан март жаз мезгилинин айы болуп саналат. Климаты муздак аймактарда да жаз мезгили күз мезгили менен жуурулушат (субарктикалык климат, климаттык жай мезгили жок).

Фенология деген эмне?
Жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн климаттык шарттарга байланыштуу мыйзамченемдүүлүктөрүн жана мезгилдүүлүктөрүн изилдөөчү биология илиминин бөлүмү.

Фенологиялык жаз мезгили
Кыргызстанда фенологиялык жаз мезгилин адатта жаратылыштын ойгонуусу: өсүмдүктөрдүн өсүп баштоосу, келгин куштардын учуп келүүсү, жаныбарлардын кышкы уйкудан ойгонуусу менен байланыштырышат.

Жаздын башталуусунун жана бүтүүсүнүн фенологиялык белгилери катары ар башка авторлор тарабынан жыл сайын кайталанып туруучу түрдүү жаратылыш кубулуштары сунушталат. Мисалы, жаздын келүүсүн күн тийип, кар эрүүсү, талаадагы тегиз жааган кардын айрым жерлеринде кургак жердин, жылытылбаган имараттардын чатырларында салаңдап тоңгон муздун, түнкүсүн тоңбогон булактардын пайда болуусу, өсүмдүктөрдүн кайрадан өсүүсү байкалган мезгилден баштап саноо.

Аймактардын жаратылышы ар түрдүү болгондуктан, фенологиялык жаз мезгилинин бир калыптагы, туруктуу белгилери жок. Кар жаабаган жерлерге да, канн тамырдуу өсүмдүктөр жок жерлерге да жаз мезгили келет. Ошондуктан, каралган аймактын же жаратылыш объектинин гана фенологиялык жаз мезгилинин белгилери жөнүндө сөз кылууга мүмкүн.

Жазгы талаа

Жаз мезгили жөнүндө кызыктууфактылар:

  • Австралияда жаз мезгили сентябрда келет;
  • 21-март - күн-түн теңелүү күнү. Жерде булл күнү астрономиялык жаз мезгили башталат, айтылуу Нооруз майрамы дагы ушуга байланыштуу, биздин ата-бабаларыбыз мунун атактуу астрономдордон эле мурда билген экен;
  • Англиялык окумуштуулар тастыктагандай, августтан декабрга чейинки убакыт аралыгына караганда жаз мезгилинде балдардын өсүүсү бат жүрөт;
  • Жаз мезгилинде биринчилерден болуп жылуулукка өсүмдүктөрдүн тамырлары үн катышат: 7-10 градус жылуу температурасында жакшы өсүп баштайт;
  • Жаз мезгилинде адамдардын сүйүү сезимине көп чалдыгуусу тууралуу ой жаңылыштык. Адам жөн гана жаратылыштын ойгонуусунан жеңил эйфорияда болот, гормондордун жана сексуалдуулуктун булл жерде эч кандай тиешеси жок, алар жылдын бардык мезгилдеринде бирдей;
  • Башка дарактардан биринчи болуп Япон сакурасы гүлдөйт;
  • Аарылардын жаз мезгилинде башка мезгилдерге салыштырмалуу агрессивдүүлүгү аз;
  • Адамдар күз мезгилине салыштырмалуу жаз мезгилинде 3 эсе көп дем алат;
  • Жаз мезгили бүткүл дүйнө жүзүндө март/апрель/май айларында боло бербейт. Мисалы, Австралияда, Аргентинада жана Мадагаскарда сентябрь айында башталат.

Жазгы майрамдар
Албетте, жазында майрамдар дагы көп болот, эң эле белгилүү жана биринчилери бул айымдардын майрамы 8-мартта белгиленет, айымдар өзүлөрү да жаздай жаркын келет эмеспи. Жер жарылып эмне чыкчу эле? элдин баарын аластаган ким эле? бул кайсы майрамга тиешелүү? комментарийге жазгыла. Кийинки майрамдар, революция, күлкү күнү, эмгекчилер, Улуу Жеңиш, Кыргыз Республикасынын Конституциясы, энелер куну, акыркы коңгуроо жана башка ушул сыяктуулар. Кыскасы, жаз мезгили жакшы маанай менен майрамдардын жуурулушкан мезгили десек болот. Дагы кайсы майрамдар бар эле?

Жазында туулган адамдар
Жаз мезгилинде төрөлгөн адамдардын гороскоп белгилери: балыктар, койлор, букачар, айрым эгиздер.

Достор жаз мезгили жонундо макалабыз аягына келди. Жаз мезгили келгенде дагы кандай өзгөрүүлөр болоорун билсеңер комментарийге жазгыла. Бул жөнүндө өзүңөрдүн колуңардан жаралган сочинение, дилбаян, текст, эссе болсо биздин электрондук почтабызга жөнөткүлө, дарек сайттын ылдый жагында.

Даярдаган: Мүсүралиев Ниязбек

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)