Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

5-март Ак калпак күнү

Баш барак | Күндөр | 5-март Ак калпак күнү

Жылда 5-мартта Кыргызстанда улуттук баш кийим ак калпактын урматына Ак калпак күнү белгиленет. Бул күн Жогорку Кенештин 2016-жылдын 29-июнундагы №825-VI токтому менен улуттук баш кийимдин маанисин сактоо жана сыйлоо, улуттук салты колдоо жана элдин кыргыз маданиятына болгон сыймыктануу сезимдерин ойготуу максатында кабыл алынган.

Ак калпак күнү официалдуу эмес түрдө 2011-жылы майрамдала баштаган. Кунду белгилөөнүн инициатору катары режиссер Рысбек Жабиров болгон. Анын сөзү боюнча ак калпак, улуттук символ катары кийин муундар тарабынан унутта калбаш керек, ошондуктан ал өзүнүн майрамдык датасына ээ болуш керек деген ойлорун билдирген.

Ал эми 5 март калпак куну байчечекейлер чыгып, жаздын күндөрүнүн бири болуп, эң ылайыктуу күн катары кабыл алынган. Жылдан-жылга майрамдык күн массалык популярдуулукка ээ болуп, 2016-жылы официалдуу статус алган.

Ак калпак тарыхы

Ак калпак күнү
Ак калпак күнү, иллюстрация

Ак калпак байыртан эле кыргыз эркектеринин улуттук баш кийими, ата-бабаларыбыздын мурасы катары саналып, өзүнө терең философияны камтыйт. Формасы, оймо-чиймелери, өзгөрбөстөн муундан-муунга өтүп келген. Калпак аркылуу кыргыздар адамдын жашын, коомдогу абалын билишкен. Бүгүнкү күнү дагы бул байыркы улуттук баш кийим өлкөбүздө кеңири колдонулат. Калпакты ардактуу, кадырлуу адамдарга белекке беришип, майрамдарга, жумушка, кыскасы кадимки турмуш-тиричиликте кийишет.

Айтмакчы, учурда түрдүү иш-чараларда, майрамдарда ижара калпак тартуулоо салтка айланып барууда. Ал эми Кыргызстан спортчуларынын эл аралык спорт мелдештериндеги параддык формаларына сөзсүз түрдө калпак кирет.

Ак калпак — тоолордун жана тазалыктын символу. Анын формасы Кыргызстандын ак кар, көк муз баскан тоо чокуларын элестет. Кыргыздардын «Манас эпосунда» да Кыргыздар калпагы башынан түшпөгөн эл деп айтылат. Калпакка болгон мамиле кыргыздарда өзгөчө десек болот, аны таза кармап, ыргытып же тегеретишпейт, эки колдоп гана чечүү керек, илгери кыргыздар жерге койбой бийигирээк же жанына коюп алышкан. Кыргыз өз калпагын сатпайт, бирөөгө бербейт, бир гана мурас катары берсе болот. Калпакты жоготсо же бирөөгө берсе анда адам кадыр-баркынан, акылынан жана аброюнан ажыраган болот деп айтылат.

Кыргыз калпактары бычылышы боюнча түрдүү болгону менен, негизинен ылдый жагы кең болгон аны төрт кыйыктан тигишкен. Кыйыктарды капталдарынан тигишпейт, бул калпактын талаачаларын өйдө же төмөн түшүрүүгө мүмкүндүк берген. Салтка ылайык оймолорун жибек жип менен тигишип, талаачаларын кара баркыт менен бастырышкан. Чокусун чачыча менен көркөмдүп, ал калпакта салаңдап турат. Тышкы жөнөкөйлүгүнүн артында кылымдар бою туураланып келген ыңгайлуулук менен тыкандык жатат.

Кыргыз маданиятында ак калпак эң демократиялуу баш кийим болгон. Аны бүт эркектер кийишкен - бай-манаптан баштап кедей-кембагалдары, жашы, карысы. Формасы жана түстөрү менен гана айырмаланып турган. Мисалы, ак сөөктөр, ырчылар бийигирээк калпак кийишип, ичке кылдуу жүндөн, кымбат баркыттан бычылып, өзгөчө оймолор менен кооздолгон.

Бүгүнкү күнү Кыргызстандын тикмечилери түрдүү фасондогу калпактарды даярдашат, майрамдык, күнүмдүк, балдарга, карыларга. Калпактын 80дей түрү бар деп айтылат, алар формасы, татаалдыгы, мааниси жана ыңгайлуулугу менен айырмаланышат. Чыныгы ак калпак табигый, жаңы тазаланган, ак ичке кылдуу койдун жүнүнөн дайындалат. Дал ушундай жүндөн жасалган калпак кышкысын сууктан сактап, жайкысын ысыктан коргоп, жаанда суу өткөрбөйт, формасын жоготпойт.

Жылда Ак калпак күнү Республикабызда, өгөчө Бишкек шаарында, майрамдык салтанат, атайын иш-чаралар, жарманкелер, концерттер, флэшмобтор өткөрүлөт. Мектептерде маданий-массалык иштер жүрүп, бардык эркектер бул күнү калпак кийишет.

Калпак түрлөрү жана маанилери

Калпакты өңү түсү боюнча ажыратуу

Кыргыз элт баласы бойго жете электе кыюуусу жашыл калпак кийгизишкен. Ал баланын жетилип келе жаткандыгын туюндурат.

Жашыл калпак

Бойго жеткенде кыюуусу кызыл түстүү калпакка кийгизип, андай баш кийим кийген жигит кыз жандоого, омурлук жар байкоого акылуу эле. Мурда кыштакка кыюуусу кызыл калпак кийип келген жигитти "аа бойдок экен" же "жар издеп жургон экен" деп билишкен.

Кызыл калпак

Эр-жигит кыз алып, турмуш улаганда, үйлу-жайлу болгондо кыюуусу кара калпак башынан тушкон эмес. Андай калпакты мурда кыз жак даярдап, күйөө балага беришкен. Кара кыюуулуу калпак эр-жигиттин үй-булосу бар, кара менен ак аралашкан турмушта жашап жатканын билдирген. Кырсык болуп, омурлук жары жашоодон отуп кетсе, эри кара кийиз калпак кийген.

Кара калпак
Кара кийиз калпак

Эр-жигиттин кадыры которулуп, калк башында турууга кучу жетсе, мындай жигит ак калпак кийген. Калпагына карап, жигитти төргө карай өткөрүп, кээде эт тарттканда, тааныбаган адамдарга баш кийимине жараша устукан тарткан. Ак калпакты айкол, калыс, адилеттуу, акылман адамдар кийишкен.

Ак калпак

Манаптар, айыл башы, деги эле бийликте турган адамдар жонокой элден айырмаланып, төбөсү шуншуйган калпак кийген. Мындай калпактар кийинчирээк Бакай калпак атка конду.

Бакай калпак

Даражалуу адамдардын кадыр-даражасы канчалык экенин калпактын кыюуусуна салынган оюу, ошол оюулардын арасына кыстырыла кеткен асыл таштар айкындап турган.

Оюмдардын мааниси

Жаш балага колдоп, жандап жүрсүн деген мааниде умай эне, жаман коздон сактасын деп карганын тырмагын, акыл-ою таза болсун деп булак жана башка ушул сыяктуу оюм менен калпагын коркомдошкон. Ушуга байланыштуу оюмдардын аталыштары ага жараша болгон.

Бала калпак оймолору

Эр-жигит ан улоого менен алек болсо, калпактарына мисалы, тоо теке, буркут, аркар оюмдарын түшүргөн.

Аңчылардын калпактары

Калк тынчтыгын сактаган баатыр-балбандар карышкыр, илбирс, жолборс, буркут сыяктуу оюуусу бар калпактар башынан тушкон эмес.

Баатырлардын калпактары
Калпак оймолор

Кыргыз калпагы, бир жагынан турмуш-жашоого ынгайлуу, аптада күндөн, ызгаарда сууктан сактаган, женил, ошол эле убакта олуттуу, салмагы оор эмес баш кийим.

Калпактын түзүлүшү

Калапак бири-бирине дал келген төрт талаадан турат. Ал илгерки замандадагы адам башаты жер, аба, суу, отту туюндурат деген имиштер бар. Эгер андай болсо калпактагы 4 талаа кандайдыр бир философиялык ойду камтып, адамдын акыл-ээси башында, баш кийимде деген мааниде.

От, жер, суу, аба

Дагы бир ой-толгоо, калпактын төрт талаасы биригип кыргыздын Мекени Ала-тоону чагылдырат. Ата-журтубуздун символу десек боолот. Нукура ак кийизден жасалган жасалышы аруулуктун, ыйыктынтын дагы бир белгиси.

Ооба, калпак кыргыздын байыркы баш кийими. Аны кийип жүргөн адам, ата-бабаларыбыздын, элибиздин маданиятын, салттарын ыйык туткандыгын билдирет.

Улуттук баш кийимибиз - байыртан эле белгилүү болгондуктан, калпакты адамга же элге ыйгаруу таажыдан кол жууп калуу менен барабар болгон. Буга байланыштуу "калпагыңды жоготсоң, башыңды жоготосун", "калпагыңдан ажырасаң, акылыңдан ажырайсың" - деген учкай сөздөр калган.

Калпактын 4 талаасынын сызыктары Теңирден түшкөн кутту билдирген. Ошондуктан "калпагыңды жерге койбо", "калпакты бутка эмес, баш жагыңа коюп жат" аттуу сөздөрү баш кийимдин ыйыктыгын билдирет.

Түзүмү боюнча туюк жана айры калпак болуп бөлүнөт.

Айры калпак

Айры калпак
Байыркы калпактар 2 талаадан эле турчу, ошондуктан алардын айры тиликтерин эки кулакты каратып кийип алышчу. Негизи айры калпактын маңдайкы жана желке жагы тилинуу болуп аталышы да ошондон. Мындай калпактарды кыргыздын оң жана сол канаттагылары кийип журушкон. Сол канаттын тотеми өгүз болгондуктан анын образын оймолор аркылуу калпактарына түшүрүп алган, ошондой эле ыкма менен оң канаттагылар өзүлөрүнүн бугу тотемин калпактарында түшүргөн. Азыркы айры калпактардын бир эле тилиги болуп, ал эми талаачалары төртөө, адатта, тилигин маңдайга келтирип кийишет.

Туюк калпак

Туюк калпак
Туюк калпак болсо тилиги жок болуп, аталышы да ушуга себептүү. Илгери көбүнчө ичкилик кыргыздар кийип жүрүшчү. Тотеми бөрү болуп, аны калпактарына түшүрүп алышкан.

Кайруусу

Кайруусунун өңүнө жараша сол канаттагылар (көк уулдан) кайруусу көк же кара түстө эле. Оң канаттар (ак уулдан тарагандар) ак чымкый калпак кийип, кайруусу болсо ак-сары же ак баркыттан жасалган.

Биздин ата-бабаларыбыз дүйнө 3 бөлүктөн турат деген ишенгеними болгон. Жогорку дүйнө - асман, ортоңкусу - тоо-таш, төмөнкүсү - суу жана жер асты. Бул катмарлардын образы да калпакка чагылдырылган деген имиштер бар. Чечмелениши төмөнкүдөй:

1.Калпактын чокусу (чок) жогорку дүйнө - асманды түшүндүрүп, чок дегени - куштардын канаты, тырмагы делет. Жигиттердин калпактарында куш канаты, тырмагы, кыздардын тебетейинде улардын, үкүнүн канаты болгон. Аталган куштар асманда, Теңирге жакын жүрөт деген маанини туюндурган.

2.Калпактын конус сымал бөлүгү тоону элестетип "Дүйнө тоо" маанисин берет. Илгерки ишенимдерге ылайык жер менен асманды дүйнө тоосу бириктирип турган.

3.Калпак кыюуусу асмандан түшкөн, тоолордон аккан сууну, ал эми кайруусу астыңкы жерди, караңгылыкты билдирет.

Кандай гана болбосун, имиш же болгон чындыкбы, баарыбир мунун баары биздин калпагыбыздын ыйыктыгын, кеңири тарыхка жана маданиятка бай экенин билдирип турат.

Калпакчан жаштар

Калпак эмнеден жасалат

XIX кылымда калпактарды аялдар кийизден жасашып, эркектер сатышчу. Буйрутма менен калпакты жасатуу үчүн жаш козунун жүнүн беришчү, ошол эле жүн иштин акысы болгон. Учурда кытайлар жасаган синтетикалык калпактар өтө көбөйдү, баасы дагы арзан. Бирок нукура кыргыздын кой жүнүнөн жасалган калпактардын касиеттерине китай калпактары жетпейт. Синтетикалык калпактар кышкысын суук келип, жайкысын бышты ысытып, тердетет. Чыныгы жүндөн жасалган калпактар баасы кымбат, кышкысын жылуу, жайкысын салкын, мындай калпактарды азыр кыргыз тигүүчүлөрү "меринос" породасындагы койлордун жүнүнөн жасап, заманбап тигүүчү машиналарга тигишет.

Калпак жөнүндө ырлар

Көк мелжиген мөңгүлүү бийик тоону,
Кичирейтип жасаган калпак кылып.
Тоолор жылып жатабы деп ойлойсун,
Кыргыздар ак калпакчан бара жатса

Калпакты кийгенимде ойлор келет,
Боз үйдө комуз чертип жатканымда
Кыргыз кызы кымыз сунат ичиң деп.
Жайлоодо ат чаап жүрөм, улак ойноп.
(Автор: Суркеев Бахтыбек)

Ак калпакты алтын башка теңеген
Ак мөңгүлүү Ала-Тоонун сереси,
Ак калпакка чөгөрүлгөн элеси.
Ак калпакты алтынга да алмашпа,
Бул кыргыздын эң бир ыйык белгиси.

Ызгаар шамаал урса дагы ашынган,
Ак калпакты учурбагын башыңдан.
Бул ак калпак ыроолонгон Теңирден,
Көкүрөккө түйүп алгын жашыңдан.

Чен элдерге ызаат менен ийилип,
Сый-сыпатын, сыйкорлугун билгизип,
Ата-бабам аздектеген калпакты,
Өзгөгө да белек кылат кийгизип.

Мындан башка белек жокпу аларга,
Көңүлүн таап көкөлөтүп саларга.
Сөзсүз эле баш кийимди берүүбү,
Эмне үчүн муну албайбыз капарга.

Касиеттүү Ала-Тоону жердеген,
Кыргыз эли баш кийимин эч бербеген.
Эскиргенин тепселетип таштабай.
Өрттөп салган касиеттүү эл деген.

Салкын төрлүү Ала-Тоону ээлеген,
Өзгөлөргө өрнөк болгон эл экен.
Кыргыз эли улуттугун унутпай,
Ак калпакты алтын башка теңеген.
(Сабыракун Сулайманов)

Ак калпак
Дүйнөдө түрлүү улут бар
Кээ бири тилин унуткан
Буйругу менен кудайдын
Бул заманга туш кылган
Байыркы кыргыз элденбиз
Батасын алган улуктан
Башкасын айтып не кылам
Кытайлар корккон буруттан

Кыргызымдын белгиси
Тили менен билинет
Башкалардан өзгөчө
Башына калпак кийинет
Калпагы, тили болбосо
Ким экенин, ким билет

Ошон үчүн калпактын
Кадырын жакшы билели
Манас кийген ак калпак
Мааниси менен кийелик
Көрүнгөн жерге таштабай
Көркү менен кийелик
Баш кийим улук экенин
Көкүрөктө түйөлүк

Камчы менен калпагым
Бийик жерде илинүү
Баш кийимин сыйлаган
Башкага болбойт жүгүнүү

Короодо жумуш кылганда
Малакайды кийемин
Эки жакка барганда
Ак калпак менен жүрөмүн
Башымда калпак турганда
Башкача согот жүрөгүм
Ак калпакчан кыргыздар
Аман болсун тилегим
Ак мончоктон келаткан
Атадан калган белегим
(Турумов Мукай, Долон айылы 5-март 2019-жыл, Ак калпак күнүнө карата)

Калпак күнү боло берсин
Саламдашам кептен айтып салмактуу,
Саламатпы эли - журтум ардактуу.
Амандашып анан башка сөзгө өткөн,
Ата- баба апапакай калпактуу.

Калпак күнү бүт кыргыздар сүйүнгөн,
Калпак кийип менда келдим үйүмдөн.
Бүт кыргыздын балдарындай мендагы,
Калпак кийгем тээ балалык күнүмдөн.

Жигит болуп кыргыз атка татыган,
Ак калпагын түшүрбөгөн башынан.
Эл, журтум майрамыбыз кут болсун,
Куттуктаймын үй-бүлөмдүн атынан.

Беш жаштабы мейли токсон жаштабы,
Калпак кийген абалтадан жаш кары.
Эске түшөт ак калпакты көргөндө,
Ак кар баскан Ала - Тоонун баштары.

Баалап, барктап бардыгыбыз азыр да,
Кийеличи жайда, күздө, жазында.
Комуз түшпөй кыргызымдын колунан,
Ак калпагы дайым болгон башында.

Жүргөнсүйбүз ак калпакты барктабай,
Кийиш керек үйгө катып сактабай.
"Майрам экен бүгүн кийдик болду" - деп,
Жакшы эмесда эртең чечип таштамай.

Калпак кийип жүрсөк деймин мен дайым,
Калпак сүйлөйт кыргыздардын тек жайын.
Бир жылдагы бир күн менен чектелбей,
Калпак күнү боло берсин күн сайын.
(Алиев Шекербек)

Ак калпак күнү жөнүндө малакалага суроолор болсо жазып койгула.

Жайгаштыруу: 2019-01-29, Көрүүлөр: 120691, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-03-17
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо