Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Эгиздер жылдызы

Баш барак | Гороскоп | Эгиздер жылдызы

Эгиздер жөнүндө сүйлөшсөк, айтып коюуу керек, булар бир медалдын эки бетиндей болуп - ар убакта ар башка, бирок ошол эле убакта жетишерлик түшүнүктүү.

Жакшы ораторлор, эгиздер өзүнүн көркөм сүйлөөсү жана бат ойлонуусу менен өзүнө тартат. Билимге умтулуусу менен, алар жакшы окууга жөндөмдүү. Бирок эгиздер үчүн, алардын кызыгуулары ар башка болуп туруусу талап кылынат.

Эгиздердин туруксуздугу, жүрүп турган сааттын жебесиндей болуп, алардын маанайына да таасирин тийгизет. «Маанайдын адамдары» бир заматта жыргап-куунап жашоого ыракаттанып, көз ачып жумгуча апатиялык мүнөзгө түшүп калат. Бирок, аябай оор абалда да, эгиздердин өзүн жоготуп, тең салмактуулугунан чыгаруу оор. Кырдаалды туура баамдоо, курчаган дүйнөгө туура мамиле жасоо, эмне гана болбосун, бир секундага да эгиздерден алыстабайт.

Эгиз белгисинде төрөлгөндөр, ойлоп тапкыч жана идея адамдары, дайыма жана кандай коом болбосун, өзүнүн мамилечилдиги жана баарлашууга өзгөчө мамилеси менен популярдуу болот.

Эгиздердин туруксуздугу көп учурда бир нерсеге же бир адамга байлануусунун каалабастыгы менен баамдалат, бирок бул туруксуздук эгиздердин туруктуу боло албастыгын белгилебейт.

Кулак түргүч эгиздер дайыма идеянын жана акыл-ойдун изденүүсүндө болот. Бул - окуя издегичтер, кызыктуруучу укмуштуу окуя үчүн же өз жашоосуна коркпостон өзгөрүү киргизүүгө дайыма ордунан атырылып тура калууга даяр.

Шарттуулуктарды моюнга албай, эгиздер эрежелерди бузуп, стереотиптерди талкалап, өз жолундагы тоскоолдуктарды кыйратууга ийимдүү, ошону менен бирге өзүнүн «Мен» дегенин коргойт, бул кээде өз өнүгүүсүнө тоскоол болот.

Ал эми материалдык жыргалдыгына көз жүгүртсөк, эгиздер муну өз приоритеттеринин башына койбойт, бирок ошол эле убакта алардын баарын өз кызыкчылыгында колдонуп алардан баш тартпайт.

Эгиздер көп учурда өз кемчиликтерин байкабайт эмес, алар ички үнүнө ишенип, ал кемчиликтерди байкагандан баш тартат. Бирок, өзүнүн үстүндө иштөөгө аракет кылышса, анда чыныгы бактыны табууга реалдуу мүмкүнчүлүк алат.

Интеллектуалдуу, арамдыгы жок жана өзгөрмө белгисиндеги адамдар, өз башатында эки натурага ээ. Көп убакта өзүнө багытталган критикаларга, шылдын келеке жана курч тамашаларга, өзгөчө көңүл коштугу менен айырмаланат.

Бул оюнчулар дайма эмнеге жетээрин сезип, жана жашоосун, кызыкчылыгы аркылуу ийкемдүү жана оңой уюштура алат. Бирок, эгиздердин табиятында болгон туруксуздугу, көп учурда алардын ишенимдерин жана ой максаттарын бузуп, жолунда тоскоолдук жаратат.

Ушунча өзгөчө дүйнө көз карашында болуу менен, көп нерселерди оор сезимдүүлүк менен кабыл алып, майда-чүйдө түйшүктөрдү чечилгиз тоскоолдуктарга айлантат. Тең салмактуулугу аз жана ыраатсыз эгиздер, көп учурда бир нече жумушту бир аткарып, бир нерсеге көңүл бурууга мүмкүндүк бербейт. Ошого карабастан, өзүнө таандык эпчилдик, дайыма ишти аягына чыгарууга жардам берет.

Менменчилик жана майдачылдык эгиздер менен дайма чогу жүрөт. Баардыгын жайы менен кое берүүдө эгиздер көп убакта ийгиликсиз калат. Ошондуктан эгиздердин жашоосун өйдө-ылдый чийилген графикке окшоштурса болот, кээде бийигине жетип, кээде төмөнкү чекитке түшүп турат.

Эгиздердин жеңил жана өзгөрмө мүнөзү, ичи ооругуча жыргап-куунатып, эси оогуча уруштуруп, жана көзүнөн жаш тамган маанайга чейин алып барат. Бул адамдар ушунча интеллектуалдуу болгондуктан, баардыгын учуп жете электе эле кармап алат. Ойлоп тапкыч жана эптүү, дайыма кантип өз арсеналын, жыргалы үчүн колдонууну билишет.

Кээ бир эгиздер башка адамдарга болгон эгоцентризмдик, адепсиздик жана оройлук мамилеси менен айырмаланып, алдамчылыкка жана уюшпагандыкка ийимдүү болот.

Эгиздердин ар кандай коомдо аралашып кетүүсүн, түрдүү шарттарга ылайыкташуу ыгы жогорулатат. Активдүү жана кубатуу болуп, дайыма энергиясын башка нукка буруу менен бат чарчашат.

Негизи боюнча муздак кандуу зодиак белгиси иш-аракеттерин, ойлорун, сөздөрүн жана өзүнө болгон башкалардын иш-аракеттерин, реакцияларын анализдөөгө аракеттенет. Кадыр-баркын, мүмкүнчүлүктөрүн пайдасына айландыра билүү менен, эгиздер максатын жана максатына жетүү ыкмаларын так билип, өзүнөн шек санабай алдыга кадам ташташат.

Күнүмдүк тиричиликке жана күндө кайталануучу иштерге чыдабай, ар түрдүү палитрадагы жашоону каалап, монотондуу боектор канааттандырбайт. Андай болбосо, капаска түшүп, колдруна кишен салып, канаты сынып, фломастер менен тилеген ой максатын сызып салгандай сезишет.

Эгиздердин сүйүп калуусу алардын эки мүнөздүүлүгү менен шартталат. Бирок бул жаатта ал оң таасирлүү боектор менен мүнөздөлүп - сюрприздерди жасап, өзүлөрүн романтикалык жактан көрсөтүп, таң калтыра баштайт, ошону менен бирге мамилелердин өнүгүүсүн байкап, аны сактап жана коргоого аракет кылат.

Эгиздер жерден эмес башка жактан келгендер. Бөлөктөр арасында өз жана өзүнүкүлөр арасында бөлөк. Өзүнө гана ишенип, ички дүйнөсүнүн тереңиндеги бийик жана идеалдууга, аягына чейин ал эмне экенин жана ага кантип жетүүнү түшүнбөй умтула берет. Дайыма баардыгы жетишсиз жана өзүндө болгондордун андан да көп болуусун каалайт. Чексиз таланттуу адамдар, тагибый курч сезимге, өзгөчө алгырлыкка ээ. Бирок, анын баарына карабастан, арсеналында жөнөкөй туруктуулуктун үлүшү, тамчыдай болгон чыдамдуулук жетишпейт.

Негизги мүнөздөрү

  1. Мен бүгүн кечеки күндөгүдөй эмесмин.
  2. Ким абалга ээ болсо, ал маалыматка ээ болот.
  3. Бир акыл жакшы, эки акыл андан да жакшы, эгер экөө тең бир адамга таандык болсо андан да жакшы.
  4. Фигаро бул жакта, Фигаро тигил жакта.
  5. Мөмө-жемиштер сыяктуу эле, идея көпкө туруп калбаш керек.
  6. Үйдөгү бир телевизор, телефон - жакшы, ал эми үчөө болсо андан да жакшы.
  7. Ким жетишпеди, ал кечикти.
  8. Жашоодо, сууда сүзгөн скутер сыяктуу жүрөм, терең кирбейм, бирок абдан ыкчаммын.
  9. Базарда "базарга" жооп бербейм.
  10. Көп болгонду жакшы көрөм, анткени сапатка убакыт жок.

Кемчиликтери

Мына ушундай эгиздер белгиси, булар көбүнчө өзүнүн терс сапаттарынын айынан өтө жабыркашат.

Айкалышуу

Дагы караңыз

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 11553, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2021-08-12
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо