Күз мезгили

Күн жай мезгилиндегидей жылуулугун жана коротулбай калган энергиясын тартуулаганга аракеттенип, көк асманда булуттар анда-санда гана көрүнөт. Бир гана шамал муздак тартып, чукул болуп, сентябрь айы кирип келгенин эскерткенсийт. Жашыл өсүмдүктөрдүн арасында күздүн биринчи белгилери: сары жана саргыч-кызыл жалбырактар көрүнөт. Канаттуулар чогулуп узак учууга даярданып жаткансыйт. Борошон жана узакка созулган жаан-чачындар баштала эле бирок асманды кээде кара булут каптап, жаан жаайт. Жолго чогулган чалчыктар күндүн көрүнөөрү менен тез эле кургап жок болот. Эртең менен суук болгонсуйт, бирок асман чайыттай ачык, таза жана терең.

Абада өзгөчө күзгү жыпар сезилет: жаңы чабылган чөптүп жана кыпкызыл болуп бышкан алмалардын жыты. Табият ачык күзгү түстөргө боёлуп, ак-кара түстөгү кыштын алдында мактанып жаткансыйт. Мындай көрүнүш күздүн бардык көркөмдүгүн көрсөтүүгө аракеттенип жаткан коштошуу карнавалына окшош. Ал гана эмес жадатма жана карматпаган чымын-чиркейлердин кыймыл аракеттери жай жана уйкусу келгендей. Ал эми баба-дыйкандар оруп-жыйуу иштери менен алек болуп, айыл аймактарында трактор, компбайндардын дүркүрөгөн үндөрү угулат. Эртен менен окуучулар сумкаларын көтөрүп алып мектепке жөнөп бараткандарын көрүүгө болот. Бул күз мезгили. Күз жай жана кыш мезгилдеринин ортосундагы жыл мезгилдеринин бири, байыркы элдердин түшүндүрмөсү боюнча оруп жыйуу убагы, күүгүмдүн келиши дегенди түшүндүрөт.

Күз өтмө мезгил десек дагы болот. Күндүн тийүүсү кыскарып, айлана чөйрөнүн температурасы төмөндөй баштайт. Календарлык күз Календарлык күз үч айдан турат: түндүк жарым шарда - сентябрь, октябрь жана ноябрь, түштүк жарым шарда болсо - март, апрель жана май. Астрономиялык күз болсо календарлык күздөн кечирээк келет: Түндүк жарым шарда календарлык күз 1-сентябрдан 30-ноябрга чейин созулса, астрономиялык күз 22-23-сентябрга күзгү күн теңелүү - кышкы күндүн турушу (күндүн же түндүн эң кыска болгон убагы) 21-22-декабрь болуп баяндалат. Ал эми түштүк жарым шарда календарлык күз 2-марттан (толук жылы б. а. 29-февралда 1-марттан баштап) 31-майга чейин созулса, астрономиялык күз 20-21-март күзгү күн теңелүү - кышкы күндүн турушу (күндүн же түндүн эң кыска болгон убагы) 20-21-июнь болуп баяндалат. Жер планетасына күн энергиясынын кирүүсүнүн теңелүүсү ага туура келүүчү мезгилдин ортосу болот. Бирок температуранын өзгөрүүсүнүн кечигүүсү (жердин жана суунун физикалык касиетининин аркасында) климаттык мезгилдерди астрономиялык мезгилге салыштырмалуу кечиктирип коет. Температуралык кечигүү конкреттүү аймакка жараша өзгөрүп турат, ошондуктан кээ бир маданияттарда күзгү күн теңелүү күз ортосу болуп саналат, ал эми кээ бирлеринде күздүн башталышы болуп эсептелинет.

Климаттык күз
Климаттык күздү бир нече мезгилчелерге бөлсөк болот, алар: 1.Күздүн башталышы - августтун аягынан башталып, сентябрь айынын экинчи жарымына чейин созулат. Бак-дарактардын биринчи сары жалбырактарынын пайда болушу менен коштолот. Көлдөрдөгү, көлмөлөрдөгү жана дарыялардагы суулардын температурасы акырындык менен төмөндөй баштайт. Анда-санда жаан жайт. 2.Алтын күз мезгилчеси деп атап койсок да болот. Сентябрдын аягынан баштап октябрдын ортосуна кээде аягына чейин созулат. Бул мезгилчеде бак-дарактардагы жалбырактар интенсивдүү сары боёкко боёло берет, флорофилл өз ишин токтотот десек да болот.

Түндүктө жашаган келгин канаттуулар түштүктү көздөй учуп кете башташат. Бардык муздак кандуу жандыктар температуранын төмөндүгүнөн анабиоз абалына өтөт. Жаан-чачындын жаашы көбөйөт. 3.Терең күз мезгилчеси. Октябрь айынын экинчи жарымынан башталып ноябрь аянын башталышына чейин.

Бул мезгилчеге биринчиден келгин канаттуулардын учуп кетүүсү мүнөздүү. Канаттуулар сутканын орточо температурасынын төмөндөөсүнө жараша акырындык менен кете башташат. Абанын жана суунун температуралары кескин төмөндөп, жан-жаныбарлардын активдүүлүгү төмөндөйт. Жырткыч жаныбарлардын активүүлүгү тескерисинче аз-аздан жогорулай баштайт, бирок көбүн эсе бул мезгилчеде анча билинбейт. Мекемелерде жана көп кабаттуу үйлөрдө жылытуу системалары ишке кирише баштайт. Жаан карга айланып, биринчи кар жаашы мүмкүн. 4.Кышка карай мезгилчеси. Ноябрдын биринчи жарымынан тарта.

Бул күзгү мезгилчелердин соңкуларынын бири. Мезгилчеге мүнөздүү өзгөчөлүк - жалбырактардын активдүү түшүүсү. Түнкү үшүктүн жүрүшү туруктуу боло баштайт. Биринчи кар жаап, бирок кар толук түшпөйт. 5.Биринчи кыш мезгилчеси. Ноябрь айынын экинчи жарымынан декабрь айынын башталышы.

Кез-кез кар жаап, убактылуу кар жер бетин жаап калуусу жана биринчи күндүзгү температуранын нөлдөн төмөн болуучу мезгилчеси. Орточо температура нөл мамычасынан төмөндөп, биринчи бороондордун караандары байкала баштайт. Биринчи кыш мезгилчеси толук кыш мезгилине өтүү менен, климаттык кыштын келүүсү менен аяктайт. Оруп-жыйуу иштери Күзүндө жылуу аба ырайы муздак аба менен алмаша баштайт дагы, негизги оруп-жыйуу, түшүм алуу иштери жүрөт. Ушундай сүрөттөлүштөр күзгө арналган көптөгөн адабий чыгармаларда чагылдырылат. Батыш маданияттарда негизинен жер жемиш, мөмө жемиш, дан өсүмдүктөрү менен кооздолгон аял затынын образы абдан кеңири таралган. Көптөгөн байыркы маданияттарда күз мезгилинде оруп-жыйуу майрамын майрамдашкан, жана бул майрам байыркы элдерде эң маанилүү майрам болгон.

Күзгү зээригүү Көп учурда поэзияда күз мезгили зээригүү, кандайдыр бир кайгы менен ассоциацияланат. Жайкы жылуулук кетип, күндөн күнгө кышкы суук жакындайт. Асман бозомтук тартып, адамдар өз ойлоруна чөмүлөт. Зинакан Пасаңованын Күзгү маанай аттуу ырында күздү төмөндөгүдөй баяндаган: Саратандуу маанай күтүп жүрсөк биз, Сары убайым санаа болуп келди күз. Суз ойлорду дуу учуруп үркүтүп. Сүйгүм келди мен бирөөнү күтүүсүз. Астрологияда күз мегилине туура келүүчү белгилер: бийкеч, тараза, чаян жана жаачы.

Күз мезгилиндеги майрамдар: 1-сентябрь... Күз мезгилине тиешелүү кошумча маалыматтар же ырлар болсо төмөндөгү билдирүү формасына жаза бергиле :)

Кошумча шилтемелер:

Комментариев: 1 RSS

1 Максат 20-11-2018 21:02

Абдан терең ойлуу жазылыптыр, күз мезгилин жон терим менен сезгендей болдум.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)