Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кыргыз желеги

Баш барак | Башкалар | Кыргыз желеги

Кыргыз желеги же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу (желек) — Кыргыз Республикасынын герби, гимни өңдүү официалдуу мамлекеттик символдорунун бири. Жогорку Кеңештин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен кабыл алынган, 5-мартта өкмөтү үйүндө салтанаттуу көтөрүлгөн, пропорциясы 3:5.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу
Кыргыз Республикасынын туусу (2023, 1200х720px, png)

Автордук жамаат

Эдил АйдарбековБекбосун ЖайчыбековСабыр ИптаровЖусуп МатаевМаматбек Сыдыков
Эдил АйдарбековБекбосун ЖайчыбековСабыр ИптаровЖусуп МатаевМаматбек Сыдыков
Кыргыз Республикасынын туусунун авторлору
Солдон оңду карай: Жусуп Матаев, Сабыр Иптаров, Бекбосун Жайчыбеков, Маматбек Сыдыков, Эдил Айдарбеков.

Жалпы маалымат

Кыргызстандын Мамлекеттик желеги — өңү кызыл тик бурчтуу кездеменин ортосунда алтын түстөгү тегерек күн жайгашып, нурлары (кырк нур) чагылдырылган. Күн дискинин ичинде эки жакгынан чамгаракттары төрттөн (2023-жылга чейин 3 чамгарак) жайгашкан кызыл түстөгү боз үйдүн түндүгү түшүрүлгөн.

Мамлекеттик туунун жазылыгы анын узундугунун 3/5 түзөт. Нурлуу дисктин диаметри желектин жазылыгынын 3/5 барабар. Күн дискинин жана нур дискинин өз ара катышы да 3/5. Түндүктүн диаметри нур дискинин диаметринин жарымын түзөт. Кызыл түс кайраттуулук, каармандык, чечкиндүүлүк маанисин берип, айкөл Манастын желегинин түсү катарында болгон.

2023-жылкы версия

2023-жылдын сентябрь айында Жогорку Кеңештин депутатттары Нурланбек Шакиев жана Улан Примов Кыргыз Республикасынын желегин өзгөртүү боюнча сунуш киргизип, мыйзам проектисин коомдук талкууга коюшкан.

2023-жылдын 28-ноябрында мыйзам проектисин колдоп, 29-ноябрда Жогорку Кеңеш биринчи окууда желектин нурларын учтуу жана түз кылып, түндүктөгү чамгарактардын санын үчтөн төрткө көбөйтүп (ар бир капталында) өзгөртүү идеясын колдогон.

2023-жылдын 22-декабрында президент Садыр Жапаров желекти өзгөртүү боюнча Жогорку Кеңеш тарабынан 20-декабрдагы «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик символдору жөнүндөгү» мыйзам өзгөртүүлөрүнө кол койгон.

Бул мыйзам «Эркин-Тоо» гезитинде жарыялангандан кийин (2023-жылдын 26-декабрында) күчүнө кирет деп Президенттин басма-сөз катчысы Аскат Алагозов түшүндүргөн.

Чечмелениши

Кыргыздын орнаменттик маданиятында Күн жарыктыкты, ачыктыкты, туруктуулукту билдирет. Алтын түсү бейкуттук менен байлыктын белгиси. Кырк нур — бул 40 уруунун бүтүн бир элге биригүүсү (Кыргыз уруулары).

Түндүк сфералык формадагы конструкцияда болуп, ата-конуштун, кеңири мааниде тынчтыктын, ошондой эле кыргыз элинин турагы боз үйдүн символу. Түндүктүн тегерек рамасы чырмалышкан чамгарактар менен биригет. Жер менен көктү байланшытыргандай кабыл алынып, үйдүн коломтосу сыяктуу. Андан тышкары түндүк өлкөдөгү элдердин биримдик, ынтымак маанисин да берет.

Техникалык спецификациялар

Желек өлчөмүнө карабастан КРнын президентинин резинденциясында сакталган Кыргыз Республикасынын туусунун түстүк жана схематикалык эталонуна дал келиши керек. Түстөрү желектин техникалык спецификацияларында көрсөтүлгөн түстөргө туура келиши керек.

Түстүк моделдер

ТүсүPANTONECMYKRGBHEX
КызылPANTONE 1788 C0-100-100-0255-0-0#ff0000
Сары (алтын)PANTONE Yellow C0-0-100-0255-255-0#ffff00

Тарыхый желектер

1919—1921-жылдардагы Түркестан АССРинин желеги1919—1921-жылдардагы Түркестан АССРинин желеги
1921—1924-жылдардагы Түркестан АССРинин желеги1921—1924-жылдардагы Түркестан АССРинин желеги
1926—1936-жылдардагы Кыргыз АССРинин желеги1926—1936-жылдардагы Кыргыз АССРинин желеги
1938—1952-жылдардагы Кыргыз ССРинин желеги1938—1952-жылдардагы Кыргыз ССРинин желеги
1952—1992-жылдардагы Кыргыз ССРинин желеги1952—1992-жылдардагы Кыргыз ССРинин желеги
1992—2023-жылкы желек1992—2023-жылкы желек
Кыргыз Республикасынын учурдагы Мамлекеттик туусу, 2023-жылдан тартаКыргыз Республикасынын учурдагы Мамлекеттик туусу, 2023-жылдан тарта

Желекти илүү

Кыргыз Республикасынын желегин тескери (түндүгүн ылдый каратып) илүүгө жол берилбейт. Өлкөнүн кээ бир аймактарында тууну тескери илип койгон фактылар болуп, бул үчүн көптөгөн адамдар өз жазасын алышкан. Желекти туура илүү үчүн түндүгүн өйдө каратып илүү зарыл.

Желекти орнотуу

Кызыктуу маалыматтар

Жайгаштыруу: 2016-06-09, Көрүүлөр: 43013, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-02-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо