Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Балыктар жылдызы

Баш барак | Гороскоп | Балыктар жылдызы

Жароокер жана назик Балыктар башкаларга оор учурда боору ооруп, колдоп, сооротконду билишет. Бул кыялкечтер дүйнөнү жаркын боёктор аркылуу караганды билип, оор учурда бардык жакшы нерселер алдыда экенине өзүн оптимисттүү маанай менен ишендирет. Булар өмүр бою кыялданып, айлана-чөйрөнүн кыялдангандай анча идеалдуу эместигине абдан нааразы болушат.



Булар абдан сезимталдуу жана берилген зодиак белгиси. Балыктар айланасындагы адамдардын өзүн алып жүрүүсүнө, ойлору жана сезимдерине курч таасирленет. Көп учурда Балыктар күч-кубатын бир муштумга чогулта албай, кырдаалдын чылбырында сүйрөлүп жана берилип жүрөт.



Бул эки караанду зодиак белгиси өз жашоосунда адилетсиздикке орун калтырып, өз укутары үчүн күрөшкөндү билбейт. Буларга кандайдыр бир чечим кабыл алууга оор, анткени келечектеги жоопкерчиликтен коркушу мүмкүн.



Балыктар абдан чыдамдуу болот. Бирок бул сапаты менен колдонуунун кереги жок. Анткени, чыдамдуулуктун жиби аябай ичкерип кеткенге чейин чоюлуп, үзүлүп калуу коркунучунда болсо, анда Балыктар өзүнүн табыгый сырткы жайлуулугуна карабастан, тынчсызданып, оолукма болуп калат.



Татынакай Балыктар өзүнүн өзгөчө сүйкүмдүүлүгүн айланасындагылардын баарына жуктуруп коюууга мүмкүндүгү жетет. Булардын мыскылы айланасындагыларды болгон жан-дүйнөсү менен күлдүрөт, ал эми булардын аракетчилдиги жана тырышчаактыгы, башкалар тыкылдатып көрүүдөн корккон көптөгөн эшиктерди ачат. Агым менен өйдө карай сүзүп, Балыктар дайыма "жашоо тепкичинин" эң өйдөңкү баскычтарына умтулат. Балыктардын жайлуулукту жана тиричиликке оптимисттүү көз карашта болгонуна карабастан, кез-кез меланхолияга жана апатиялык абалдарга түшүп турушу мүмкүн, албетте сейрек, бирок, ошондой болсо да, бул депрессияга алып келет.



Балыктар материалдык жыргалдыктын артынан кубалашпайт. Ага караганда, булар өзүнүн "Мен" дегенин изилдегенге ийимдүү, ошондой эле жөнөкөй жыргалдыктардын артынан түшпөй, кандайдыр бир мүдөөлүккө умтулат.



Балыктар ушунча индивидуалдуу келип, булар менен эч ким тең-тайлаша албайт. Булар ал индивидуалдыкты көз карегиндей сактап, башка адамдардын кеңештерине карганда, көп учурда өзүнө жана өзүнүн ички үнүнө ишенет. Балыктар көбүнчө реалдуулукта жашагандан көрө, кыялдары менен жашаганды жактырат. Жетишээрлик бай элестетүүлөрү менен айырмаланып, Балыктар идеалдаштырууга ийимдүү, бирок ошону менен бирге дайыма тантык менен реалдуулуктун чегин сактоого аракет кылат.



Балыктар чын жүрөктөн башкаларга көңүл айтуунун, аярлык мамиле жасоонун чыныгы чебери. Буларда эгоизм жок, жана булардын өзүнүн мен дегени эч качан айланасындагы адамдарга карата залакасын тийгизбейт. Булар өзүн оорулууларга кам көрүү жана алсыздарды колдоого багыштай алат. Бул өз жанын аябаган жана өз камын ойлобогон адамдар ушунча назик жана ачык-айкын болуп, башкалардын жамандыгын жана сүйгөндөрүнүн кемчиликтерин байкабайт. Булар көп учурда өзүнөн башка башкалардын баарын түшүнөт.



Балыктар менен кандайдыр бир өзгөчө көлөөкө күчтөр башкарат. Бул "дүйнө адамдары" өзүнө гана таандык боло бербейт. Баарына жана баары менен кызыгып, булар бүт жерде болот, ошону менен бирге булар эч жакта да жок. Көп учурда Балыктар кырдаалдын курмандыктары болот, бул факт.



Бул өтө идеалдаштырылган жана жан-дүйнөлүү адамдар. Жана Балыктар суу белгиси болгондуктан, булар өзгөчө сезимталдуулугу менен айырмаланат. Бирок Балыктар кээ бир сезимдерин башкарууну үйрөнүп, санаалаш, меймандос жана жоомарт болуу сезимдерин өнүктүрүү зарыл, ошондой эле параноидалдык сезимдерден жана ойлордон алыс болуу керек.



Булар көптөгөн жакшы мүнөздөргө да ээ. Бирок мындай адамдарга мүнөзүнүн жаркын жагын көрсөтүү-өркүндөтүү үчүн, Балыктарды көп учурда негативге жана өзүн кыйратуу маанайына чөмүлтүүчү, мүнөзүнүн экинчи жагы менен күрөшүү зарыл. Булар өзүнүн ниети жана иш аракеттеринде чынчыл, башкалардын катачылыктарына жана айланасындагылардын кемчилигине ырайымдуу болот.



Ал эми терс жактарына кайрылсак, Балыктар көп учурда ойлорунун чар-жайыттуулугу менен, ошондой эле өз иш-аракеттеринин чечимсиздиги менен айырмаланат. Алар бүгүнкү реалдуу күн менен жашабай, көп убакта өзүнүн "Мен" дегени менен ойлоп чыгарган кичинекей дүйнөсүндө болот.



Балыктардын жашоосунда сүйүү ардактуу орунда. Булар ушунча катуу сүйүп, ушунча катуу жек көргөндү да билет. Булардын сүйүүсү эки аймактуу болот - же бейиш, же тозок. Булардын жүрөгү эң татаал сырдай болуп жетүүгө абдан оор. Балыктар айрыкча жетүү позициясында болбойт. Мындай адамдар буларды бирөөлөр тарабынан тандоосун күтөт, тескерисинче эмес. Булар сүйүүдө атаандашканга көнгөн эмес. Мындай талаш-тартыштуу учурларда Балыктар жөн эле четтеп кетет. Эгер өзүлөрүн бироолор тарабынан каалаганын сезип турса, анда булар чыныгы бактылуу болушат, жана өз түгөйүнө таза берилгендикти жана камкордукту тартуулайт.



Балыктардын негизги принциптери:



1.Жардам берүүгө караганда, санаалаш болуу маанилүү.



2.Балыктар суудан баш тартпагандай эле, спирт ичимдигинен баш тартпайм.



3.Тыкаттыкты зэриктирме адамдар ойлоп тапкан.



4.Бүрсүгүнү жасай турган ишти эртеңкиге калтырба.



5.Мен эмне деп убада бердим эле?



6.Шашылышта иштөө бул - тамак чайнап жатып сүйлөгөнгө тете.



7.Өзүмдөн башкасынын баарын түшүнүүгө даярмын.



8.Мажүрүм тал шамаалда ийилет, ал эми дуб, дуп этип жыгылат.



9.Дайыма колум бош эместиги баарына белгилүү, бирок эмне менен колум бошобой жатканын баары эле биле бербейт.



10.Мага кысым жасабагыла, антпесе балыктай болуп, колуңардан жылмышып качып кетем.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 5071, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу