Атам замандан бери эле, жылкы баласы адамдын эң ишеничтүү жан-жолдошу катары болуп келген. Эчен деген акындар жылкы жөнүндө ыр жазган, жылкы жөнүндө сонун-сонун сүрөттөр тартылып, көркөм, келбети келишкен, ыргыштаган аттар жөнүндө китептер жазылган. Жылкыларга байланыштуу көптөгөн легендалар дагы бар.
Кыргыздардын тарыхы канткен менен — согуштардын тарыхы. Дүйнөдөгү дастандарга эң бай эл — кыргыздар. Алардын ошол дастандарынын дээрлик бардыгында согуш окуялары сүрөттөлөт. Башкы каармандар да алп, чоң темир зоотторду кийген каардуу баатырлар. Баатырлар менен бирге алардын аттары тең коюлат.
«Ат — адамдын канаты», «Ат, аттан кийин — жат» дешет кыргыздар. Манас эпосунда жылкы баласы жөнүндө кандай гана сонун сүрөттөлүштөр берилген. Мисалы, күйөөсүнөн айрылган Каныкей бөтөн жерде Тайбуурул деген баатырдан калган атын жарышка чаптырат. Ошондо, аял-эне менен ат ички дүйнөсүндө сүйлөшөт. «Тайбуурулдун тартуу болуп кеткени, Семетейдин ажалынын жеткени» дейт. Дагы бир дастан «Курманбекте» атасы уулуна атын бербей коёт, ошон үчүн согушка жаман ат менен чыккан Курманбек баатыр согушта каза табат. Кыргыз турмушу бүтүндөй ат менен байланыштуу, көчмөн жашоосундагы көчүп-конуусунда дагы жылкысыз иш жүргөн эмес.
Жылкы таптап, азоо үйрөткөндөр, жаман аттан тулпар чыгаргандар «саяпкер» деп аталып, алар эң чоң кесип катары даназаланган, хандар, бектер алар менен эсептешкен. Ат жабдыктарын жасагандар да абдан урматталган.
Жылкы баласы, өз ээсин жон териси, жан-дүйнөсү менен сезип, туюп турат дегенди жылкы баккандар абдан жакшы билишет.
Атты же жылкыны адам менен бирге карашат. Атты эч качан урбайт. Элдик дастандарда баатыр (ат ээси) өлсө, аты кошо өлөт, же аты ыйлайт жана мунун тескерисинче аты өлгөн баатырдын башына кайгы үйүлөт дешет.
Мындан тышкары, көп убакытка чейин аттар эт багытындагы жаныбар катары колдонулуп келинген. Жылкынын эти диеталык өндүрүм катары саналып, анын сүтүнөн баарыбызга белгилүү болгон кымыз жасалат, кымыздын касиети айтпасак дагы барыбыз билебиз. Жылкынын жалы жана териси дагы абдан баалуу. Техниканын өнүккөн заманында дагы адамдар бул жакшы жаныбардын жанында болгусу келет. Адамдар жылкыны дос катары эсептеп, «ат — адамдын канаты» деген сөз бекеринен калбаса керек.
Кыргыздардын эң чер жазар оюндары — ат оюндары. Ат чаптырганда байгесине чон сыйлык коюшкан, жүздөгөн мал соорун коюп ат чаптырган тойлор, аштар да болгонун тарых изилдөөчүлөр жазып калтырышкан.
«Кыз куумай», «Найза чабыш», «Куш салмай», «Оодарыш» сыяктуу улуттук оюндардын көпчүлүгү түздөн-түз ат байланыштуу. Мына ушулардын ичинен эң эле көп тараганы — көк бөрү, же улак тартыш. Мында 20-40 килограммдай салмактагы торпокту, койду, эчкини же улакты союп, башын алып, анан аны тартып ойношот.
Илгери жүздөгөн кишиден эң мыкты улакчы тандалчу. Мындай оюндарда ар кандай кырсык, өлүм-житим да көп болгондуктан Советтик мезгилде тыюу салып да койгон. Улакчылардын аттары жаңы унаадан да кымбат бааланган учурлар бар.
Адамдар байыркы убактардан бери эле ат күчүн, анын ылдамдыгын жана акылын баалап келген. Төрт аяктуу бул жаныбарлар биздин жашообузду жана тарыхыбызды өзгөрткөн деген ой бар жана бул ой чындыкка жакын. Аттардын жардамы менен адамдар чоң аралыктарды кыска убакыттын ичинде басып өтүшкөн, бул байланыштар сооданын өнүгүшүнө алып келген.
Ошондой эле, жылкы эмгекти уюштуруунун революциясына алып келген. Аскер күчтөрүнүн курамындагы ковалериянын болгону же болбогону салгылашуунун натыйжасын аныктаган. Учурда жылкыларды оор физикалык жумуш үчүн сейрек колдонушат. Негизинен, аларды спорттук оюнадарга багышат. Жылкы багуу байлардын, миллионерлердин көргөн жакшы көргөн хоббилеринин бири болуп саналат.
Үй жылкыларынын түпкүрү азыркы Америка, Азия жана Африкадан гана көрүүгө мүмкүн болгон жапайы жылкылар болгон. Жылкынын эң эски түрү Пржевальский, эң атактуусу, албетте, араб жылкылары. Европалык түрлөрдү чыгарууда дал ушул араб жылкылары колдонулган.
Ар кандай климаттык шарттар жылкынын тышкы көрүнүшүнүн түзүлүшүнө таасирин тийгизген. Буттары узун жана сыпайлуу, тез чуркоого ылайыкташкан тукумдар бар, ошондой эле дене түзүлүшү кубаттуу болгон, оор жумуштарга туура келүүчү жылкы түрлөрү да бар. Түгү узунураак келген жылкылар суук аймактарда өзүн эркин сезишет жана үшүбөйт.
Бардык аттар дене түзүлүшү боюнча бирдей, бирок дене мүчөлөрүнүн пропорциялары менен айырмаланып турат.
Кыргыздар жылкылардын байыркы замандар бери эле багып келишкен. Куда түшүү, кыз узатуу, ар кандай майрам-мааракелерде жылкыларды белек катары берип, ал эми жоодо жүргөндө жылкы баласы кыргыздын чыныгы канаты болгон. Жылкы баласы адамды эч качан талаада таштап кеткен эмес, ат үстүнөн жыгылса тебелеп кетпейт.«Эрден эрдин эмнеси артык, эл үчүн кылган кызматы артык,
Аттан аттын эмнеси артык, ашыра баскан изи артык»
Тоо көркүнө көзүм такыр тойбогон, Көргөн кезде абамдарды ойлоном: Көчүп жүрүп оюн-кырын кыдырып Адырында ат чабышып ойногон.
Улак тартып ойго, дөңгө карабай, Ат үстүндө жаш чабандес баладай. Душманын да ат үстүндө кыйраткан, Кылыч сунуп, ок атсаң да жадабай.
Минген аты канат болуп кыргызга, Атчан болсо, жеңемин деп тырмышпа. Дабыратып чабышканын көргөндө Жетчү сымак жетигенге, жылдызга.
Жолго чыкса ат куйругу түйүлүп, Аял, эркек ат мингенге сүйүнүп. Ат үстүндө абаларым жүргөндө Айбатынан ар кыл душман бүлүнүп.
Күлүктөрүн саяпкери таптаган, Көмөлдүрүк күмүш менен чаптаган. Ээр токумун, куюшканын, жүгөнүн Жөө калса да сураганга сатпаган.