Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Энесинен бөлүнгөн кулундарды эки жашына чейин багуу жана тоюттандыруу

Баш барак | Ветеринария | Энесинен бөлүнгөн кулундарды эки жашына чейин багуу жана тоюттандыруу

Кулундарды энесинен бөлүү - кулун үчүн жашоосундагы бурулуш учуру, анын жалаң гана өсүмдүктөрдөн жасалган тоюттарга өтүүсүнүн башталышы болуп саналат. Алар үчүн жакшы жайыттарды камдашат, ал эми короодо кармаган учурда жогорку сапаттуу дандык-буурчак өсүмдүктөрүн жана чөптөн даярдалган ундан беришет. Кулун үчүн эң жакшысы - беде чөбү жана майда сабактуу дан өсүмдүктөрү. Концентраттардан кулундардын рационуна арпа (1/3 аны чырмооктолгон түрүндө тоюттандыруу сунушталат), буудайдын улпактарын жана анча көп эмес зыгыр же чемичкенин күн жарасын кошушат. Кулундардын рационуна анча көп эмес меласса, өндүрүлгөн арпа жана кызыл сабизди кошуу пайдалуу. Минералдык кошумча тоют катары көп учурда жалама туздарды пайдаланышат (акырларга коюп коюшат). Кулундардын рационунда кальций жетишсиз болгон учурда 1 баш малга суткасына 2-3 г бор (улпактарга аралаштырат) беришет.

Энесинен бөлүнгөн кулундарды суткасына 4 жолудан кем эмес тоюттандыруу керек: концентраттарды эртең менен беришсе, түштө жана кечинде ар бир тоюттандыруусунда чөп беришет, ал эми чыктуу тоюттарды 1-2 жолу кошуп беришет. Кулундарга концентраттарды берип жатканда аларды акырга байлап коюу сунушталат, анткени күчтүүлөрү алсызыраактарына үстөмдүк кылбоосуна да көз салуу керек. Кулундар бири-бирине көнүгүшкөнчө (адатта 4-5 күн), аларды сыртынан байкап туруу зарыл. Ошондон кийин гана аларды жайыттарга чыгарып же өз алдынча кое берсе болот (кулунду бээсинен бөлөк).

Жаш төлдөрдү өстүрүүдө анын эркек же ургаачылыгы эске алынат. Эркектери ургаачыларына караганда тоюттарга жана багуу шарттарына көбүрөөк талаптуу келишет жана толук баалуу тоюттандырылгандыгы жана жакшылап багылып жаткандыгы дароо көзгө урунат. Андыктан эркегин тоюттандыруу нормасын ургаачысыныкына салыштырмалуу бир канча көбөйтүү керек. Эркектерин жана ургаачыларын тоюттандырууну дифференциациялоо айрыкча аларды асыл тукумдукка асырап багууда аябай маанилүү.

Тоюттандыруудагы айырмачылык алар 2 жашка чыкканга чейин сакталат. Интенсивдүү тренинг учурунда эркеги менен ургаачысынын ортосундагы өсүү айырмачылыгы акырындап жоюшуп, акырында алар үчүн тоюттандыруунун бирдей нормасы калыптанат. Сентябрь айынан декабрга чейинки эсеп боюнча 100 кг тирүүлөй массасына тоюттун сарпталышы эркеги үчүн 2,8 тоют бирдигин, ал эми ургаачысы үчүн 2,5 тоют бирдигин түзөт, январь айынан баштап 2,5 жана 2,3 тоют бирдиги сакталат. Мында эсеп боюнча 1 тоют бирдигине 105тен 115 г чейин сиңимдүү протеин, 6,5-7,5 г кальций, 5,5-6 г фосфор жана 20 мг жакын каротин туура келиши абзел. Энесинен жаңы бөлүнгөн кезинде алардын рациону 50-60% (жалпы азыктуулугу боюнча) концентраттардан турушу керек, кулундар чоңойгон сайын алардын рационундагы катуу жем-чөптөрдун көлөмү да көбөйө берет.

Жайкы мезгилде аларды күндүз көп жылдык жана жасалма же табигый жакшы жайыттарда кармашат. Атканаларга кулундарды түнкүсүн же түшкү аптапта киргизишет. Таза абада ээн-эркин кыймылдап жүрүү - кулундардын чоңоюп-өсүүсүнө, алардын жүрөк кан тамыр системасынын, тарамыш-связкалар аппаратынын, булчуң эттеринин, сөөк-саактарынын бекемделишине жагымдуу таасир этүү менен алардын организминин ар тараптан өнүгүүсүн жана дени-карды сак болуусун шарттайт. Асыл тукумдуу эмес кулундарды - кара жумушка чегерилүүчү же согумга союлуучуларын 2 жашында жазында кастрациялап (бычып) коюшат (ысык түшө элек, курт-кумурскалар пайда боло элек кезде). Кастрациялагандан кийинки алгачкы күндөрү аларга мыкты ылайыктуу шарт түзүп, сыртынан байкоо жүргүзүп турушат.

Жайгаштыруу: 2016-12-22, Көрүүлөр: 814, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-12-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо