Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Толеранттуулук деген эмне

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Толеранттуулук деген эмне

"Tolerantia" сөзү латын тилинен которгондо чыдамдуулук, сабырдуулук дегенди түшүндүрөт. Мындан оңой нерсе барбы? Ак ниеттүүлүктүн бири - сабырдуулукту чындап заманбап, адептүү адамдын белгиси катары саноого болот. Толеранттуулук деген эмне, шашпай иликтейли. Арийне, толеранттуулук деген сөзгө Википедия бир нече маани берет, мисалы:

  1. Социологияда - башка дүйнө таанууга, каада - салттарга, өзүн - өзү алып жүрүү эрежелерине болгон сабырдуулук, башка адамдардын көнүмүш адаттарын жана дүйнө таануусун кабыл алуу, түшүнүү, сабырдуу мамиле кылуу кайдыгерликти же өзүнүн көз карашын өзгөрткөндүгүн билдирбейт. Бул башка адамдардын өздүк көз карашы менен жашоо укугун таануу;
  2. Медицинада - сактоочу механизм кандайдыр бир ооруга туруштук берүүчү заттарды иштеп чыга албай калган адамдын иммунитетинин акыбалы. Абсолюттук толеранттуулук - бул өлүм. Ойлонуп көрүңүз, бул медициналык түшүндүрмөнү биздин коомго карата айтууга болот (өзгөчө азыркы европалык);
  3. Экологияда - айлана-чөйрөнүн өзгөрүп жаткан факторлоруна каалаган организмдин ийкемделүү (адаптация) жөндөмдүүлүгү;
  4. Наркологияда, фармакологияда, иммунологияда - көнүү, адатка айлантуу;
  5. Техникалык илимдерде - тетиктердин мүнөздөмөлөрүнө берилүүчү ченемден чыкпоочу айырма.
Толеранттуулук деген эмне

Биздин замандаштарыбыз бул терминди өзгөртүлгөн түрдө ашыкча сабырдуулук кылган адамды кордоодо да колдонушат. Көпчүлүк окумуштуу сөрөйлөр башка адамдын жашоого болгон көз карашы, көнүмүш адаттары өзүнүкүнөн айырмаланганы үчүн сындап, баа беришет жана бул кылыгын толеранттуулук деп эсептешет.

Бул жерде жалпы жана жекеликке бөлүү керек. Мисалы, кылмыш же коомго жакпаган башка нерсе жасаган адамга мен толеранттуу мамиле жасай алам. Бул жекелик. Мен ал адамды адам катары аяп, түшүнө алам.

Бирок мен кылмыштын өзүнө толеранттуулук кыла албайм (кылмышты сындашым керек). Бул жалпы. Мындай учурда менин чыдамкай болбоого, сындоого, өзүмдүн пикиримди билдирүүгө укугум бар, толеранттуулук тууралуу жеткизе айтылган эч кандай кептер менин оозумду жаба албайт. Кылмышкер боор ооругандыкка татыктуу болушу мүмкүн (Юрий Деточкинди эстесеңиз), бирок кылмыш - жок. Бул жерде боорумду эзгени - толеранттуулук аркылуу адамдардын аң-сезимине жаман нерсе сүйлөбөө, мисалы жыныстык кемчилик тууралуу сүйлөбөөнү куйгандыгы. Болбогон нерсе. Мен мындай кемчиликтери бар адамдарга сабырдуулук менен, жада калса жакшы мамиле жасай алам. Бирок кемчиликтердин популярдуулугун сындоого, жеке оюмду билдирүүгө укугум бар.

Толеранттуулукту жөнөкөй сөздөр аркылуу аныктоо
Адамдардын сабырдуулугу менен аныкталуучу өзүн алып жүрүү нормасы, принциптерди, динди, салттарды кабыл алуу.

Толеранттуулукта башкы нерсе - өзүнүн көз карашын ачык билдирүү укугун жана эркиндигин таануу.

1995-жылы ЮНЕСКОдо толеранттуулуктун негизги принциптери жазылган Декларация окулуп, кабыл алынган. Документте жазылгандай, толеранттуулук бул:

Толеранттуулук айланасы

Толеранттуулук деген эмне бул аныктама тууралуу жөнөкөй сөздөр менен ушундай айтууга болот. Чындыгында "Адам болуу деген эмне?" деген суроого жооп катары угулат, макул болуңузчу. Макул боло албайсызбы? Анда биз сизди ынандырабыз.

Толеранттуу деген түшүнүккө эмнелер кирет?
Толеранттуу адамды ишеничтүү түрдө адамдык сапаты жагынан бийик деп эсептөөгө болот, анткени ал адам:

Бул факторлорду өзүнө камтыган адам идеалдуу болуп саналат да, адамдын мүнөзүндөгү толеранттуулук маанилүү экендигин далилдейт. Башкысы, аша чаппай, башкача ойлогон адамдардын оозун жабуу үчүн , айрым темаларды сындоого, жада калса талдоого тыюу салуу үчүн курал катары колдонууга болбойт.

Дагы бир жолу баса белгилейин, толеранттуу мамиле конкреттүү адамга болгону жакшы, бирок бул адамдар кылган иштерге сабырдуулукту таңуулоого болбойт. Жашоого көз карашты, илимий божомолдорду, жада калса диний көз караштарды жана башка нерселерди талашып-тартышуу - бул ар бир адамдын укугу. Таңуулоо эмес. Талашуу - бул чындыкты жаратуучу иммундук системанын жумушу (вирусту жеңүү).

Андай болбосо, толеранттуулук колдонгон адамдардын колундагы универсалдуу куралга айланат. Ашкере апыртмага чейин жетүүсү мүмкүн.

Алексей Ильич Осипов толеранттуулук жонундо
Толеранттуулук түшүнүгү жок дегенде эки мааниге ээ: тар жана кеңири. Толеранттуулук - бул сабырдуулук. Биз адам өлтүрүүгө сабырдуу боло алабызбы? Уурулуккачы? Өзүн эң жаман алып жүргөн адамгачы? Анда биз эмнени айтып жатабыз? Кайсы нерсеге сабырдуулук? А сатанизмгечи? Чыдашыбыз керекпи же жокпу? Бул деген дүйнөгө болгон көз караш эмеспи…

Мен адамга сабырдуулук (же чыдамкайлык) менен мамиле кыла алам жана милдеттүүмүн, ал адамдын жашоого болгон көз карашын тартып ала албайм, бирок адамга жамандык алып келчү жашоо көз карашына сабырдуулук кыла албайм. Бул нерселерди аралаштырбоо зарыл.

Менин аракеч адамга боорум оорушу мүмкүн, бирок ичкиликке сабырдуулук кыла албайм. Мисалы, ууруну аяп коё алам, бирок уурулукка чыдамым жетпейт. Илим жагында да ушундай. Теория тармагында кандай талаштар жүрүп жатканын караңызчы… Талаштан тактык жаралат дейт го.

Англияда бир кызык, жинди сымал адамдардын тайпасы бар, алардын айтымында жердин бети түз, Күн Жерди айланат. Мен бул туура эмес экендигин айтсамчы?

Аралаштырбайлычы. Менин адамга жана анын көз караш укугуна болгон толеранттуулугум башка, дүйнөгө болгон көз караштын өзүнө толеранттуулугум такыр башка. Биз эки тараптуу сынга толук укуктуубуз. Антпесе, илим болбойт… Динде да ушундай. Дин илим болуп саналат, ар бир дин өз илимий теориясына ээ. Мисалы, буддизм: Кудай жок . Бул жашоо көз карашынын илимий теориясы ушундай. Же: Кудай Үчилтик эмес.

Биз макул болбогон жашоо көз карашын анализдөөгө, сындоого толук укуктуу болуубуз шарт. Толеранттуулук деген ушул нерсе.

Достор, толеранттуулук чыдамдуулук, жашоого, дүйнөгө көз караш, өз оюбузду таңуулоо эмес экенин түшүндүк. Толеранттуулук деген эмне, силер кандай түшүнөсүңөр, бизге жазып койгула, макалабыз болсо аягына чыкты.

Жайгаштыруу: 2019-01-28, Көрүүлөр: 19840, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-02-10
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо