Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Репрессия жөнүндө маалымат

Баш барак | Кыргызстандын тарыхы | Репрессия жөнүндө маалымат
Бүбүйра Кыдыралиева

"Репрессия жөнүндө маалымат" Бүбүйра Кыдыралиева 38-жылдардагы кандуу массалык репрессиянын курмандыктары жөнүндө сырды ачып бергени менен элге белгилүү. 1938-жылдын 5, 7, 8-ноябрь күндөрү Чоң-Таш айылынын айланасында Кыргыз мамлекетинин пайдубалын түптөгөн мамлекеттин көрүнүктүү ишмерлери: Жусуп Абдрахманов, Мурат Саалихов, Осмонкул Алиев, Баялы Исакеев, Касым Тыныстанов, Эркинбек Эсенаманов, Төрөкул Айтматов, Иманаалы Айдарбеков жана башка ушу сыяктуу 130 чыгаан инсандардын өмүрлөрү кыйылган. Репрессиянын курмандыктары айыл аймагындагы кыш жасоочу зоводго көмүлгөн.

Репрессия деген эмне? бул - Сталиндик мезгилдеги мамлекет тарабынан колдонулуучу жазалоо чарасы, көбүн эсе атуу аркылуу өлүмгө тартуу.

Репрессия скульптурасы

Скультуралык композициянын авторлору: Каныбек Алыкулов, Улан Бейшенбаев, Талант Алыкулов, Садабек Адиев, Виктор Шестапал

Бул жөнүндө Бүбүйра апа 1991-жылы биринчилерден болуп айтып берген. Ал тууралуу ага атасы айтып аманат калтырып мындай деген экен: "Моюнума жүк болуп баратат балам... Баягы кирпич заводдо жаткан кыргыздын не деген жигиттери... Ата-энеси, туугандары билбейт, жакшы заман келсе байкап, түрмөөгө камалбай, түшүнүктүү адамдарга айтып, менин моюнумдагы жүктү алып калгын, суранам..." - деп каза болгон экен.

Б. Кыдыралиева апага 2000-жылы эрдик медалы ыйгарылган. Андан тышкары бир нече ардак грамоталардын ээси болуп, мамлекеттик сыйлыктарга татыктуу болгон. Эми кененирээк айтып берсек.

Бул окуяны биздин муун өз көзү менен көрүп калды. Чоң-Таш айылынын үстүндөгү эски кирпич заводунун мештери орун алган жерде казуулар жүрүп, узун-туурасы 4 метрден, тереңдиги 40см болгон жерде 137 адамдын сөөгү жана жеке буюмдары табылган. Бул 1937-жылдагы репрессиянын курмандыктары болгон кыргыздын мыкты уулдарынын сөөктөрү эле. НКВДнын бул кыянат иши жарым кылымдан кийин ачыкка чыгып, элдин жүрөгү зыркыраган.

Кыш завод

Кыш завод

Ата Бейит мемориалдык комплекси 2000-жылдын 14-июлунда ачылган. Жалпы аяны 2 гектарды түзөт. Борбору катары репрессия курмандыктарынын жаткан жайы айылынып, калган композиция анын айланасында түзүлгөн. Ортосунда түндүк жайгаштырылган. Түндүк кыргыз маданиятынын ажырагыс бөлүгү, архитекторлор аны түшүрүү менен, бүткүл элдин кайгы-муңун, трагедиясын чагылдырышкан.

Ч. Айтматовдун "Репрессия мезгилиндеги зордукчулук - улуттук, интеллектуалдык геноцид." деген сөзү бар.

Тоталитардык режимдин кесепетинен "кыргызым" деген кырчынадай азаматтар жаткан жайга "Ата Бейит" ысымы ыйгарылган, себеби, алар - улуттун аталары деген наамга толук татыктуу десек болот.

Кыргыз Республикасынын негиздөөчүлөрү ушул адамдар. Байлыкты, бийликти издеген эмес, эл жашоосун оңдойбуз деген азаматтар эле. Ачарчылыктан сууруп чыккандар, цивилизацияга тарткандар.

1930-жылдары Кыргызстан советтер союзунун курамына кирип турган кезде Чоң-Таш айылы, анын ичинде азыркы Ата Бейит жайгашкан жер НКВД тарабынан эс алуу базасы катары колдонулган. Ата Бейит сырын ачкан Бүбүйра апа ал кезде секелек кыз эле. Бир күнү атасы Кыдыралиев Абыкан үй-бүлөсүн алып, Кашка-Сууда жашаган, согушка чогу катышкан досуна конокко кетет. Дал ушул күндөрү тоталитардык режимдин эң чоң кыянатчылыгы ишке ашат.

Кыдыралиев Абыкан

Абыкан Кыдыралиев - Бүбүйра апанын атасы

Бүбүйра Кыдыралиева: "10 ноябрда келе турган болдук. Чанага түшүп келатканыбызда, жанагы биз жашынмак ойногон этаж-заводдун чатыры жок, капкара үймөк топурак болуп калыптыр. Күн ачык, кар тизеден, мен атаман сурадым - ата завод эмне болгон десем, кызым, калың кар жаап, бороон болуп, чатырын алып кетиптир деди. Көрсө үстүн алып, ошол жерге буту-колунан кармап, баш-аягына карабай 5нен 8не чейин өлүктөрдү ыргыта берип, трактор жок, топурагын күрөк менен көмүшкөн өңдүү".

"Репрессия жөнүндө маалымат" улай, ал кезде бул кыңыр ишти эч ким билген эмес. Окуяны угуп, мыйзамченемдүү жөнөкөй суроо пайда болот: Эмне үчүн ал кездеги тоталитардык бийлик эл үчүн иштеп аткан адамдарды мынчалык аёоосуз жок кылган? Демек, ата бейитте жаткан адамдардын бир гана күнөөсү бар, алар өз элине бакубатчылыкты, жаркын келечекти каалашкан.

Ошентип, февраль айында баягы жерден көк болуп, күндүн желесине окшогон шоола - фосфор чыга баштайт. Ошондон көп өтпөй эле баягы дөң ылдый басылып, түптүз болуп калат. Арадан көп нерсе өзгөрөт. Абыкан Кыдыралиев согушка барып, аман кайтып келет. Кийин Исхак Раззаковдун тушунда бүт завод-фабрикаларга жергиликтүү кадырлар тартылсын деген жарлык чыкканда, Кыдыралиевтердин үй-бүлөсү шаарга көчүп келет.

Бүбүйра Кыдыралиева: 1973-жылы атам ак кан болуп катуу ооруп, төртөөбүздү чакырып, жанына отургузуп алып, мен кайта тургандай болбой калдым, Бүкөн сен баарынан улуусуң. Билесиңби, балам, баягы завод, ошол жерде кыргыздын каймагы жатат балам. Көзүм өтүп айтпай калдым, сага айткан аманатым. Жакшы заман келсе айт - деди.

Ошол күндөн баштап Бүбүйра апанын мойнуна өтө чоң жоопкерчилик, өз атасынын жана шейит кеткен аталардын аманаты жүктөлөт. Бирок Бүбүйра апа ал сырды 20 жыл бою сактап-катууга мажбур болот. Себеби, доор башка, Бүбүйра апа атасынын айткан күнүн, замандын оңолушун күтөт.

Бүбүра Кыдыралиева: 1989-жылы аябай катуу ооруп, эки жарым жыл уйкудан калдым. Сүйлөй албай жаман болгонумда, баягы атамдын аманатын башым менен алып кетпейин деп, ойго түштүм.

Ошентип, Бүбүйра апа жүрөктү өйүткөн сырын коомчулукка жарыялоону чечет, бирок эч ким аны укпай коёт. Сырды ачууга ал кезде бийликте отурган атка минерлердин эбегейсиз кайдыгерлиги тоскоол болуп, апа аябай запкы көрөт. Бирок, дүйнөдө боорукер адамдар жок эмес, тил угуп басынып жүргөндө акыры апа адамдык касиетке эдигер адамга жолугат. Ал адам, Кыргызстан коопсуздук кызматынын капитаны, кыргыз элинин мыкты уулу, Болот Абдрахманов болгон.

Болот Абдрахманов

Болот Абдрахманов

Апа бир сындырым нандын жарымын өзү жеп, жарымын Болот байкеге берип, "иштин аягына чыгам" - деген антын кабыл алат.

Бүбүра Кыдыралиева: "Нанды тиштеп туруп айттым, кыргыздын каймактары жаткан жерди билем, ооруп турам балам, өлүп калсам, моюнума жүк болбосун. Атамдын айткан аманатын аткара албай кыйналып жатам. Жардам кыл - дедим. Айта берип ыйлай бериптирмин" - дейт.

Ошентип, КГБнын кызматкери Болот Абдрахманов Бүбүйра апанын баянын угуп, аны жогору жакка жеткирүү үчүн ал кездеги министрге кирет. Бирок, министр колдоо көрсөтүп, иштин чоо-жайына кызыккандын ордуна - "сенин жер казгандан башка ишиң жокбу? чык эшикке!" - деген таризде жооп берет. Бир жагынан ата-бабалардын арбагын сыйлап, бир жагынан Бүбүйра апага берген антын эске тутуп, Болот Абдрахманов кандай болгон күндө да, ишти токтотпоого берсенет.

Казуулар баштала электе, бул совет өкмөтүнө каршы күрөшкөн басмачылардын сөөктөрү деген пикирлер да болду. Бирок, биринчи эле казуу бул версияны четке какты.

Болот Абдрахманов: Каза баштаганда эле, аябай чоң кылдаттык менен карап аттык. Ар бир чыгарган баягы топурак-сөөктөрдү. Биринчиден 37-36-жылкы тыйындарды таптык, экинчиден тоголок көз айнектин айнектери, үчүнчүдөн ылдыйлаган сайын, 1-2 метрден кийин, кийимдин фрагменттери чыга баштады. Сталин кийген фурашканын, гимнастерканын фрагменттери. Он чакты баш сөөктүн ичинде алтын тиштер.

Ошентип, бүткүл кыйынчылыктарга карабастан Бүбүйра Кыдыралиева жана Болот Абдрахмановдун эмгеги менен табылган сөөктөр репрессияланган эл каймактарына таандык экендиги далилденди. Мындан ары эч ким эч кандай шылтоо менен бул ачуу чындыкты жашырып жаба албай калды. Ак ийилди, бирок сынган жок. Бул Бүбүйра апа, Болот Абдрахманов жана жалпы кыргыз элинин жеңиши эле.

Бей күнү атылган инсандардын жаркын элесине арнап, ошол эле жылы Ата-Бейит комплексинде музей ачылган. Анда 1920-1930-жылдардагы Кыргызстандын саясый өнүгүүсүнүн сүрөттөрү жана документтери көрсөтүлгөн. Музей экспозициясынын авторлору, мамлекеттик тарых музейинин илимий кызматкерлери Анаркүл Исраилова, Ольга Ильинская, Касым Кималаев.

Репрессиялангандарды көмүүлөр

Репрессиялангандарды көмүүлөр

Кыргыз элинин мыкты уулдары менен бирге Чон-Ташта орус, украин, уйгур жана башка улуттардын өкүлдөрү курман болгон. Советтик репрессия советтик союда жашаган бардык элдерге залакасын тийгизген. 1937-1938-жылдары Кыргызстанда 40 миңдин айланасында адам репрессияланып атылган. Алардын ичинде аскер кызматкерлери, юристтер, медиктер, кыскасы кайсы кесииптен кимиси тың болуп баратса, ошолорду тазалап турушкан. Булардын ичинде кыргыздын улуу кардио-хирургу Иса Ахунбаев дагы болгон. Аны түрмөгө камаганда ал 28-жашта болчу. 7-8 ай түрмөдө отуруп далил таба алышпай кудайдын буйругу экен, ал бошотулат. А, эмгеги менен киши канчалаган адамдардын өмүрүн сактап калды.

Ч. Айтматов - "20-кылымда зордук-зомбулуктун эң чокусу десе болот. Адамдын оюна, эсине сыйбай турган нерсе бул 37-жыл. Өз элине, өз журтуна, өз мамлекетине ушунчалык зөөкүрдүк, ушунчалык зыянкечтик, ушунчалык зордук, ушунчалык ажал таркаткан эч ким болгон эмес. Тоталитардык режимдин башында турган Сталин, мына ушул киши өзүнүн жалгыз бийлиги үчүн, демократия дегенди чекеге жолотпос үчүн ушундай укмуштуу, каргашалуу режимди курган, ошонун аркасында болгон иштерди мына эми эстеп атабыз."

Чынгыз атабыз айтып тургандай, бул окуя ошол жылдардагы эң төмөнкү жазалоо болуп, ага дуушар болгон, кабылган кыргыз инсандары күнөөсү жок кете беришкен.

Репрессия жөнүндө ырлар

Ата-бейит
Айдарым желге ойнобойт эрке жалбырак...
Адамдар жашыйт алмадай башы салбырап.
Ар келген сайын аталар жаткан бейитке
Ажонун доошу, Акындын үнү кардыгат.

Армандуу дүйнө, пендесин мынча кейитмек!..
Аталар жайын атадык Ата-Бейит деп.
Жүз отуз сегиз жүрөктү мында көмүптүр
Жүзүнө парда жамынып алган Тейитбек.

Жүз отуз сегиз жүрөктүн угам какканын,
Жүз отуз сегиз тилектин онтоп жатканын.
Жүзүң кур сенин, жок окшойт жалган шум дүйнө
Адамдан ашкан акылдууң жана акмагың!

Кыйдылар издеп, кыйкымды таап кылдан да, канча
Бир жанды камаптыр кайтпас зынданга.
Атаны кокуй, акым жок болмок менин да,
Аталар жаткан бейитке таазим кылганга!

Чыркырап чындык күрөшсө ката түздөлөт,
Чыңгыздай болуп атасын уулу издемек.
“Чырм” этип көздү ирмебей кээде кыйналам,
Чыкыйга такап тургансып Ежов пистолет!

ЧоңТаштын сырын элүү жыл аша сезбедик,
Чогулуп эми бейитке турдук эскерип.
Азаттык алган Ата журт учун уласак,
Аталар үчүн курабыз өлбөс эстелик!
(Акбар Рыскулов)

Замандаш, тарых бетин ачып көргүн
Көрөсүң тайманбаган эчен эрди.
Өмүрүң эл эрки үчүн сайып коюп,
Тотурган толбой келген кенемтени.

Келген жок ушул турмуш оңой менен
Буга деп кызыл кандар керектелген.
Эрк түсүн, эл намысын, ошол канды
Көрөсүң алоолонгон желектерден.

Кысталып далай көздөр жумуларда
Түбөлүк арман үнү угуларда.
Күн көзүн сур булуттан арылтышкан
Кай алкоо ылайыктуу улууларга?!

Ал бүгүн көңүл куунак, сайран өмүр
Күн жаркып киргили жок көк көгүлтүр.
Мына бу биз жашаган бакыт заман
Күрөштө, кан кечиште төрөлүптүр.

Баштаган күрөштөрдү Ленин ата
Мен ырдайм чарчаганча ырым барда.
Карачы жаркыраган ЛЕНИНИЗМ
Баратат кылымды аттап кылымдарга.
(Омор Султанов)

"Репрессия жөнүндө маалымат" макала аягына келди, ылдыйда ушул темага тиешелүү шилтемелерди бердик. Балким пайдасы тийип калаар.
Жайгаштыруу: 2019-11-20, Көрүүлөр: 18204, Өзгөртүлгөн: 2023-04-17, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Кызматташуу/жарнама жайгаштыруу