Манасчы — кыргыздын Манас эпосун айтуучу адам.
Ачык асман. Жайкалган жашыл шиберге жая салынган шырдак үстүндөгү көлдөлөңдө башына ак калпак кийип, эки жеңин чыканагына чейин түргөн адам Манас айтып жатат. Анын үнү бирде басаңдап, бирде бийиктейт. Отурган ордунан обдула тоо суусундай күпүлдөп, эпостун кызыктуу окуясын айткан кезде шатыраган көп колдун шаңы, урушта чабылган кылычтардын чартылдаганы, атылган октун ышкырганы, баатырлардын ач кыйкырыгы туюлгансыйт. Аны угуп отургандар өздөрүн баатырлар менен бирге салгылашып, андагы окуяларга катышып жүргөндөй сезишет. Манас айтуу өнөрүн атайын кесип кылган акын-жомокчуларды манасчы деп аташат. Манас айтуу кыргыз элине кенири жайылган, кары да, жаш да айтып — атадан балага өтүп келе жаткан ыйык мурас.
Улуу Октябрга чейин кыргыздар жалпы эпосторду жомок деп атап, кылымдар бою муундан муунга, атадан балага оозеки өткөрүп берип келген таланттуу адамдарды жомокчу деп атаган. Манасчы деген сөз Советтик доордо пайда болуп, жаңы мааниге ээ болгон. Элибизде Манас эпосун же үчилтикти (үч бөлүмдү) толук айткандарды манасчы, Семетей, Сейтек эпосторун толук айткандарды семетейчи деп аташкан. Манасты биринчи айткан киши ким экендиги бизге белгисиз, ар кайсы доордо жашаган чоң жомокчулар айтып келишкени гана белгилүү. Бирок, ошого карабастан биринчи манасчы «Ырамандын ырчы уулу» атка ээ болгон адамды айтып келишет.
Манасчылар «чоң жомокчу», «чыныгы», «чала» жана «үйрөнчүк жомокчу» болуп бөлүнүшөт. Чон жомокчулардан Тыныбек Жапы уулу, Чоюке Өмүр уулу жана башкаларды, ал эми биздин доордо Сагымбай Орозбак уулу, Саякбай Каралаевди атоого болот. Жаш балдар жана кыздар арасында Манас айтууга ышкыбоздор көп. Алар үйрөнчүк манасчылар деп аталат.
Алар Манас айтууну андагы кичине эпизоддорду жаттап, чоң манасчылардын айтуу ыкмаларын, интонацияларын үйрөнүүдөн башташат. Бирок кээ бир жаш манасчылар эч нерсени жаттабай, эч нерсени үйрөнбөй туруп эле Манас айткандар бар. Мындай жаш Манасчылардын кээ бири Манас айтып жатып, токтобостон чеги жок айта башташат. Ошол айткандын баарын 5-6 жаштагы бала жаттап алды деп ойлойсуңарбы? Манасчылык өнөрдө обондун, кыймыл-аракеттин чоң мааниси бар. Манасчылар улуу Манас эпосунда кыргыз элинин байыртадан бери өнүгүп келе жаткан тарыхынан, маданиятынан, адабиятынан жана башка көптөгөн нерселеринен кабар берет. Кыргыз манасчыларынын ысымдары менен Манас эпосунун күнү аттуу макаладан таанышсаңыз болот.
«Манас» дүйнөдөгү эң көлөмдүү эпос болуп саналат: ал санскриттик Махабхарата эпосунан эки эсе чоң, тибеттик Гэсэр падыша жөнүндөгү эпостон көптүк кылат. Манасчы Саякбай Каралаевдин оозунан жазылып алынган Манастын варианты 500553 ыр-саптан турат.
Манасчылар улуу кыргыз эпосунун, элдик салттын сакталып калуусуна гана эмес, Кыргыздардын руханий жашоосуна дагы баа жеткис салым кошушкан.
2010-жылы Кыргызстанда манасчылардын чыгармачылыгын колдоо максатында «Улуу Баян» аттуу коомдук фонд түзүлгөн. Фонд тарабынан «Эл манасчысы» коомдук наамы жана «Залкар манасчы» аттуу коомдук сыйлык түптөлгөн. Мындай наам-сыйлыктарга белгилүү манасчылар — Сапарбек Касмамбетов жана Уркаш Мамбеталиев татыктуу болушкан. Буларга 2000 сомдук өмүр бою стипендия орнотулган.