Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Калп айтуу эмнеге алып келет?

Баш барак | Жомок уламыштар | Калп айтуу эмнеге алып келет?

Илгери бир Жумаалы деген калпычы болуптур. Ал калп айтканды өнөр кылып алган экен. Калп айтмайынча тура алчу эмес имиш.

Негизги макала: Калп

Бир күнү түн ортосунда эл кызуу уйкуда жатканда эшикке чыгып, үнүнүн баардыгынча: - Малга карышкыр тийди! Эл-журт, жардамга! - деп кыйкырат.

Элдин баары ойгонуп туш-туштан жабыла чуркап келишет. Бирок, баардыгы тынч, эч кандай карышкыр көрүнбөйт. Жумаалы калп айтып элди алдаганына жыргап, боору эзилип күлөт. Элдер Жумаалыны «акмак, көк мээ, келесоо десе» деп тилдешип үйлөрүнө кайтышат.

Күндөрдүн биринде Жумаалы дагы түн ортосунда туруп алып азан-казан түшүп:

- Ой, эл-журт, сактангыла, тоодон сел агып келе жатат. Өлдүк эле өлдүүүк! - деп кыйкырат.

Үрөйү учкан эл бала-чакасын шашып-ушуп алып чыгып, чалынып-жыгылып отуруп, сыртка чыга баштайт, көрсө баягы иленди дагы калп айтыптыр. Эч кандай сел каптабай эле экен. Жумаалы болсо элди алдаганына кубанып, ыкшып күлүп отуруптур. Жумаалынын бул жоругуна жини келген эл аны сабамакчы болушат. Ошондо эл ичинен бир аксакал чыгып:

- Келесону жайына койгула. Бир күнү калпынын азабын өзү тартат - дейт.

Арадан көп күндөр өтөт. Түн ичинде капыстан Жумаалынын үйү өрттөнөт. Эптеп сыртка качып чыгып, жаналы калбай:

- Ой, эл-журт, жардам бергиле! Үйүм өрттөнүп жатат. Өлүп кетейин, чын эле чатырап өрттөнүп жатат, - деп нары бери чыйпылыктап элди чакырат.

«Баягы калпычы, дагы калп айтып атат», деп бир жан чыкпай коёт. Эртеси элдер ойгонуп туруп карашса, чын эле үйү өрттөнүп дубалы эле калыптыр.

Жумаалы үй-бүлөсү менен ыйлап отурган болот. Элдер Жумаалыга жардам берип, өрттөнгөн үйүн оңдоп коюшат. Жумаалы байкуш болуп, элге ыраазылыгын айтат. Ошондон кийин Жумаалы тап-такыр калп айтпай калган дешет.

Мынакей достор, калптын кесепети ушул жомоктогудай каардуу жана жаман болот. Калптан адамдар жана калп айткан адам өзүн дагы зыян тартат.

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 2632, Өзгөртүлгөн: 2024-10-02, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Кызматташуу/жарнама жайгаштыруу