Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Казы Дикамбаев

Баш барак | Биографиялар | Казы Дикамбаев

Казы Дикамбаев, Дикамбаевич (Дыйканбаев) — Кыргыз ССРинин партиялык жана мамлекеттик ишмери, Кыргыз ССРинин Министрлер Кеңешинин төрагасы (1958—1961). Кыргыз ССРинин тышкы иштеринин биринчи наркому. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматына олутту салым кошуп, тышкы саясаттын калыптануусу үстүндө көп эмгек кылган.

Мазмуну
Казы Дикамбаев
Казы Дикамбаев
Төрөлгөн датасы1913-жыл, 25-октябрь, (башка маалыматтар боюнча — 7-ноябрь, 1-декабрь)
Төрөлгөн жериТалды-Суу айылы, Түп району, Ысык-Көл облусу, Кыргызстан (мурдагы Пржевальский уезд, Жетси-Суу облусу, Түркстан аймагы, Россия империясы)
Каза болгон датасы2010-жыл, 16-февраль (96 жаш)
Каза болгон жериБишкек шаары, Кыргызстан
Партиябольшевиктердин Бүткүл союздук Коммунисттик Партиясы, орусча ВКП(б)

Өмүр баяны

Казы Дикамбаев 1913-жылдын 25-октябрында Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Талды-Суу айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 1916-жылкы Үркүндө 3 жашында үй-бүлөсү менен кытайга барып 1918-жылы кайтып келишкен.

1923-1924-жылдары айылда ачылган мектепке барып арабча жазганды, окуганды үйрөнөт. Эки жылдан кийин (1926) латын арибине өтүп, аны дагы ошойдой эле кыргыз тилин да үйрөнөт.

1925-1926-жылдары Пржевальск шаарына барып мектеп-интернатка тапшырат. Ал жактан кыргыз жана орус тилинде окуп төрт классты бүтүрөт (1928).

Казы Дикамбаев аскердеги мезгилинде
Казы Дикамбаев аскердеги мезгилинде

1931-жылы Ашхабаддык институтка даярдоо курстарын бүтүргөн. 18 жашында басмачылыкты жок кылуу боюнча согуш иштерине катышкан. 1932—1937-жылдары Ташкент шаарындагы Ортоазиялык пландык-экономикалык институтту (башка маалыматтар боюнча Ташкент эл-чарба институту) бүтүргөн. 1937—1939-жылдары — Кыргыз ССРинин Мампланынын ага экономисти. 1937—1940-жылдары Кыргыз ССРинин Мамплан төрагасынын орун басаары, Фрунзе облплан төрагасы. 1940—1944-жылдары эл комиссарлар кеңешинин төрагасынын орун басары — Кыргыз ССРинин мамлекеттик көзөмөл наркому. 1944-жыл — СССР Тышкы Иштер Министрлигинде стаж өтөйт. 1944—1949-жылдары — Кыргыз ССРинин биринчи тышкы иштер наркому (кызматтын уюшулуусунда биринчиси болгон), ошол эле убакта, 1948—1949-жылдары — Кыргыз ССРинин Министрлер Кеңешинин Төрагасынын орун басаары, ошондой эле өлкөнүн тышкы иштер министри.

1949—1951-жылдары — Кыргызстан Коммунисттик Партиясынын Борбордук Комитетинин (КП БК) өнөр-жай жана курулуш боюнча катчысы.

1951—1958-жылдары — Кыргызстан Коммунисттик Партиясынын Фрунзе обкомунун биринчи катчысы. Ошол эле мезгилде — Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин III чакырылышынын төрагасы. 1958—1961-жылдары — Кыргыз ССРинин Мампланынын төрагасынын орун басары, кыргыз өкмөтүнүн жетекчиси.

1961-жылдын май айында Дикамбаевди Исхак Раззаков менен кошо жумуштан алышып, экө тең кандын касабына (орусча опала) калат. Раззаковду Москвадага анча чоң эмес кызматка жөнөтүп, Дикамбаев болсо пенсияга чыкканга чейин өлкөнүн Мамлпан төрагасынын орун басары болгон.

СССРдин атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси. 1940-жылдан тарта КПСС мүчөсү. СССР Жогорку Кеңешинин II-V чакырылышынын (1950—1962) жана Кыргыз ССРинин II-III жана V чакылыштарынын Депутаты.

Казы Дикамбаевдин ысымы менен республикадагы чоң проектилерди байланыштырышат: Чоң Чүй каналынын курулушу, Фрунзе-Ош магистралы, Балыкчы-Фрунзе темир жолу жана Нарын дарыясындагы ГЭС каскады.

Роза Отунбаева: «...бул адам стратегиялык жактан бардык маанилүү объектилерди курууда салымын кошкон, өнөр-жай ишканалары, ал гана эмес Улуттук Филармония анын ишмердүүлүгүнүн натыйжасы...»

Экономика илимдеринин кандидаты, коомдук ишмер Роза Үчкемпирова: «...абдан маданияттуу адам болчу... бир дагы кишини сен деп сүйлөчү эмес...»

Улуу Ата-Мекендик согуш жылдарында анын жетекчилиги астында 7 млн тонна көмүр, 10 млнго жакын кийим-кече, 850 миң тонна буудай, 200 миң тонна эт азыктары, 10 миң бодо мал, 20 миң жылкы, 100 миң кой-эчки жана башка айыл-чарба өндүрүмдөрүн, техникалык каражаттарды согуш талаасына Кыргызстандын атынан, дүйнөнүн тынчтыгы үчүн, өлкөнүн андан аркы өнүгүүсү үчүн жөнөтүшкөн.

Өзүнүн эскерүүсүндө: «...биздин кендер 80 миң тонна коргошун берчү, [согуш жылдарында] ар бир алтынчы ок биздики, биздин өнөр-жайдыкы болчу...»

1986-жылы ардактуу эс алууга чыккан. 2010-жылдын 16-февралында 96 жаш курагында дүйнөдөн кайткан (Бишкек шаары).

Үй-бүлөсү

Жубайы — Капитолина Львовна. Улуу кызы — Людмила Казиевна; кызы Марта Казиевна — дарыгер-офтальмолог, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери; уулу — Асанкул Казиевич.

Сыйлыктары жана наамдары

Казы Дикамбаевдин Бишкек шаарындагы эмен паркынын ишмерлер аллеясындагы бюсту
Казы Дикамбаевдин Бишкек шаарындагы эмен паркынын ишмерлер аллеясындагы бюсту

Түбөлүктөө

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 925, Өзгөртүлгөн: 2023-07-24, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу