Тоюттардын бөлүнүшү: - өсүмдүктөрдөн, жаныбарлардан даярдалган, минералдык жана витаминдүү тоюттар.
Кесек тоюттар - буга чөп, саман, тыпын, башкача айтканда составында клетчаткасы көп тоюттар кирет, жакшы даярдалган 1кг беде чөбүнүн составында 0,48-0,5 тоют бирдиги, 100-110гр сиңимдүү протеин, 13-15гр кальций жана 100мгр чейин каротин болот.
Чыктуу тоюттар - силостолгон, тамыры тоют өсүмдүктөр (кызылча, сабиз, картошка ж. б.)
Концентратту тоюттар - дан тоюттары (жем)
Жаныбарлардан чыккан тоюттар - ынак сүт, көк сүт, сары суу, кан уну, эт уну, эт-сөөк уну
Минералдык тоюттар - туз, бор, сөөк үнү, преципитат жана микро элементтер - йод, кобальт, жез, марганец ж. б.
Чыктуу тоют ар кандай өлчөмдө берилген учурда уйларга кесек тоюттун суткалык нормасы төмөндөгүгө жакын болот.
Рациондогу чыктуу тоют | Уйдун тирүүлөй салмагы, кг | |||
300 | 400 | 500 | 600 | |
Рациондогу кесек тоют | ||||
10 | 4 | 5 | 6 | 7 |
25 | 3 | 4 | 5 | 6 |
Саан уйларга концентраттык тоюттун суткалык нормасы сүттүүлүгүнө жараша ар бир килограмм сүттү эсепке алуу менен белгиленет.
Суткасына саалган сүт (кг) | Ар бир кг сүткө карата конц. тоюттун берилиши (гр) |
10го чейин | 100гө чейин |
10-15 | 100-150 |
15-20 | 150-200 |
Эскертүү! Буурчак (бобовые) дандуу өсүмдүктөр өскөн жайыттарда багылган уйлардан концентраттык тоюттар кошумча берилбеген учурда да суткасына 10килограммга чейинки сүттү алууга болот.