Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Интернационализм (лексикада)

Баш барак | Тилдер | Интернационализм (лексикада)

Интернационализм — алгач бир тилде жаралып, андан кийин бул түшүнүктү белгилөө үчүн көптөгөн башка дүйнө тилдери өздөштүргөн сөз.

Мазмуну

Бул сөздүн башка мааниси: Интернационализм

Мындай сөздөр биринчилерден болуп көптөгөн илимдердин терминдери, техникалык түзүлүштөрдүн (микроскоп, телефон, спутник, Интернет), коомдук институттардын (милиция, республика, академия) аталыштары, спорттук лексика (мисалы, кайра эле спорт сөзү), түрдүү «экзотизмдер» (самурай, томагавк ж. б.). Интернационализмдер (акыркы учурду кошпогондо) сейрек жүз пайыздуу болот, анткени, бир катар тилдерде алар үчүн көп учурда өздөштүрүүлөр эмес, калькалар (калька — чет өлкөлүк сөздөрдү өздөштүрүү) түзүлөт (европалык тилдерден кальканы исландия тили жакшы көрөт десек болот, мында интернационализмдер өтө аз, аз деңгээлде немец жана чехия тилдери, жакынкы чыгышта — иврит).

Грек-латын лексикасы

Тар мааниде эл аралык лексика — бул көбүнчө латын жана байыркы грек тилинин базасында куралган илимий жана техникалык терминология.

Мындай терминология бардык европалык тилдерде бар (исландия тилинен башка), анын ичинде роман (булар өзүлөрү латындан келип чыккан) жана заманбап грек тилинде дагы.

Орус тилинде мындай сөздөр француз тилинин жардамы аркылуу өздөштүрүлгөн.

Англис тектүү интернационализмдер

Англия жана АКШнын илим жана техникадагы кыйла жетишкендиктерине байланыштуу, XIX кылымдан тарта көптөгөн англис терминдерин дүйнө тилдери өздөштүргөн, жана бул процесс дагы деле уланууда. Көптөгөн англис сөздөрү латын тилине карай чыкса да, өздөштүрүүдө салттуу латын айтылышын реконстукциялабай, англис тилдүү айтылышын сактоо тенденциясы көбүрөөк байкалууда (мисалы, комбайн, конфайнмент, Юникод).

Араб тектүү интернационализмдер

Мусулман дини үстөмдүк кылган элдердин тилдеринде илимий, философиялык жана диний терминдердин негизги бөлүгү араб тилинен өздөштүрүлгөн (ошондой эле, жарым-жартылай перс тилинен). Араб жазуусун колдонууда түпкү араб жазуусу да сакталат.

Кытайдан чыккан интернационализмдер

Чыгыш жана Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүндө кытайлык маданияттын үстөмдүк кылуусу жергиликтүү тилдер тарабынан көптөгөн кытай сөздөрүн өздөштүрүүгө алып келген. Кытай жазуусу байыр алып кеткен жерлерде (Корея жана Японияда), кытайлык сөздөр жазуу формасында өздөштүрүлгөн, башкача айтканда кытайдын иероглифтери менен жазуу улантылган.

Славян тектүү интернационализмдер

Кээ бир европалык тилдерде славян тилдеринен (орус, чех) өздөштүрүлгөн сөздөр колдонулат, мисалы, спутник, робот, соболь.

Жайгаштыруу: 2022-04-09, Көрүүлөр: 541, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2022-04-09
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо