Интернационализм (латын тилинен inter — «арасы же аралык» жана natio — «эл») — элдер ортосундагы достукту жана кызматташтыкты үгүттөгөн идеология.
Бул сөздүн башка мааниси: Интернационализм (лексикада)
Интернационализмдин ар кандай варианттары бар: негизинен, марксизмдеги пролетардык интернационализм, эксплуататорлорго болгон күрөштөгү түрдүү өлкөлөрдүн пролетарларынын тилектештигин билдирет. Биздин заманда бул термин менен глобализациянын альтернативдик вариантын сунуштоого аракет кылып жаткан сол идеологиячылар өзүн белгилеп келет. Түшүнүк улутчулдуктун (национализмдин) антитезасы катары колдонулат.
Советтик идеологияда пролетардык интернационализм, бир жагынан идеология катары улуттук өзгөчөлүктү жана шовинизмди түшүнгөн «буржуаздык улутчулдукка» жана экинчи жагынан каалаган улуттук маданиятты тааныбаган «буржуаздык космополитизмди» бирдей карама-каршы койгон.
Марксизм идеологиясындагы «пролетардык интернационализм» түшүнүгү империалисттик мамлекеттер жана пролетариат карама-каршылыктарына байланышкан. Капитализмде интернационализм империалисттер жүргүзгөн согушка, улутчулдукка жана шовинизмге каршы эмгекчилердин эл аралык тилектештиги менен түшүндүрүлөт, ошондой эле, жалпы адамзаттын баалуулуктарын сактоодо. Социалисттик революцияны жеңгенден кийин интернационализм жаңы коомдун коммунизмге алып барган идеологиясынын бөлүгү болушу керек делет: тапсыз коомго жана (улуттук) мамлекеттин соолушу менен.
Ушул максатта марксисттер 1914-жылга чейинки мезгилде эки эл аралык социалисттердин тилектештиги уюмдарын түзүшкөн: I Интернационал (1864—1876), андан соң II Интернационал (1889—1914).
1914-жылы социал-демократтар (анын ичинде II Интернационал) өзүнүн өкмөттөрүн Биринчи дүйнөлүк согушта колдоп, улутчулдук позициясында турушкан; азчылыктар «империалисттик согушту» тааныбай, аны эмгекчилердин кызыкчылыктарынан көз карандысыз болгон империалисттер арасындагы кагылышуулар катары караган, ошондой эле, революция жана пролетариаттын диктатурасын орнотууга ыңгайлуу шылтоо («Австрия жана Россия менен согуш пайдалуу болмок» — Ленин) көргөн. Натыйжада бул тараптын жактоочулары (Россиядагы бийликке 1917-жылдын октябрында келгендер) өзүлөрүн социал-демократтар эмес, коммунисттер деп атай башташкан жана 1919-жылы 1943-жылы таркатылган III Интернационалды (Коминтерн) негиздеген.
Социал-демократтардын жолун жолдоочулар 1951-жылы II Интернационалдын укук мураскору болгон Социалисттик интернационалды түзгөн. Л. Д. Троцкий тарабынан сталинизмге каршы салмак катары IV Интернационал (1938) түзүлгөн, бирок, ал Троцкийдин өлтүрүлүшүнөн кийин (1940) бир нече топторго бөлүнүп кеткен; андан кийинки бөлүнүү жана биригүүлөр IV Интернационалдын жолун жолдоого талапкер болгон бир нече троцкийлик уюмдардын пайда болушуна алып келген.
Интернационализмдин негизи, 1917—1991-жылдардагы мезгилде коммунисттик бир партиялуу мамлекеттерде негизгилердин бири катары декларацияланган, бирок, тажрыйбада андан кыйла четөөлөр болгон (өзгөчө «бир өлкөдөгү социализм» негизин жар салып, андан кийин бир катар улутчулдук идеологиялык кампанияларды өткөргөн Сталиндин башкаруу мезгилинен баштап). Бир жагынан 1920-жылдары — 1930-жылдардын башында «тамырлаштыруу» кампаниялары болгон (мажмурлап титулдук тил жана маданиятты киргизүү), экинчи жагынан 1930—1940-жылдары улуттук белгилери боюнча маданий чектөөлөр жана репрессивдик акциялар.
Базардын заманбап ааламдашуусу, анын сындоочулары ырастагандай интернационалисттик көрүнүш эмес, анткени, экономикалык интеграция менен гана байланган, ал эми саясый жана коомдук аспектилер көмүскөдө калууда. Андан тышкары, ааламдашуунун натыйжасында орнолуучу экономикалык система, интернационалисттердин идеалынан айырмаланып турат. Негизинен, көрсөтүүчүлөрү Дүйнөлүк федералисттик кыймылдын мүчөлөрү болгон заманбап сол анти ааламдашуу, өзүнүн багыты боюнча интернационалисттик болуу менен «социалдык тилектештик ааламдашууну» үгүттөөдө; «башка ааламдашуу» (альтер ааламдашуу) идеясын алга чыгаруулар сейрек эмес.
Бир катар интернационалисттер БУУ сыяктуу дүйнөлүк багыт берүүчү уюмдарды түзүүнү колдоп, күчтүү «дүйнөлүк өкмөт» көрүнүшүндө чыгып келишет. Бир жагынан, көптөгөн интернационалисттер эгер мындай өкмөт диктатордун колуна тийсе анда ал өкмөттүн кубаты өтө коркунучтуу болуп калышы мүмкүн дешип, андан көрө мамлекеттер конфедерациясын колдошот.