Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Грамматикалык талдоо

Баш барак | Башкалар | Грамматикалык талдоо

Кыргыз тилинде бир нече талдоолор бар. Алар кыргыз тилин жакшы үйрөнүүгө жардам берет. Аларга тыбыштык, сөз курамы, сөз түркүмү, сөз айкашы, сүйлөм мүчөлөрү боюнча талдоолор кирет.

Тыбыштык талдоо

Кыргыз тилинде тамга менен тыбыштардын саны бирдей болгон сөздөр көп. Бирок төмөнкү учурларда аларда сан жагынан айырма болот:

Мисалы: Аскар чана тээп аябай чарчады. Бирок эс алуу күнү жакшы өттү.

Аскар - 5 тамга, 5 тыбыш, 2 үндүү, 3 үнсүз
А - үндүү, жоон, кыска
с - үнсүз, каткалаң, түгөйлүү
к - үнсүз, каткалаң, түгөйлүү
а - үндүү, жоон, кыска
р - үнсүз, жумшак, түгөйсүз
аябай - 5 тамга, 6 тыбыш, 3 үндүү, 3 үнсүз
а - үндүү, жоон, кыска
й - үнсүз, каткалаң, түгөйсүз
а - үндүү, жоон, кыска
б - үнсүз, жумшак, түгөйлүү
а - үндүү, жоон, кыска
й - үнсүз, жумшак, түгөйсүз

Сөз курамы боюнча талдоо

Cөзгө кошумча маани берип, сөздөрдү бири-бири менен байланыштырган мүчө сөз өзгөртүүчү мүчө болот. Уңгуга уланып, жаңы сөз жасаган мүчө сөз жасоочу мүчө болот.

Мисалы: Айжан биринчи класта окуйт. Ал мектебин жакшы көрөт. «Акылдуу, билимдүү болсом» дейт.

Айжан бир/инчи класс/та ок/й/т. Ал мектеб/ин жакшы көрөт. «Акылдуу, билимдүү болсом» дейт.

Сөз өгөзгөртүүчү мүчөлөр
класс/та
оку/й/т
мектеб/ин
көр/ө/т
бол/со/м
де/й/т
Сөз жасоочу мүчөлөр
бир/инчи
акыл/дуу
билим/дүү

Cөз түркүмү боюнча талдоо

Сөз түркүмү боюнча талдоо жүргүзгөндө сүйлөмдөгү сөздөргө ирети менен суроо берип, кайсы сөз түркүмү экенин аныктайбыз. Андан соң түрлөрү боюнча ажыратабыз.

Мисалы: Бүгүн Нооруз майрамы. Кыздар ойноп жатышат. Алар кооз кийинишкен. Үчөө шайыр, шамдагай жана ынтымактуу курбулар.

Сөз айкашы боюнча талдоо

Сүйлөмгө сөз айкашы боюнча талдоо жүргүзгөндө, алгач сүйлөмдүн акыркы сөзү кайсы сөздөр менен байланышарын табабыз. Анан улам кийинки сөзгө жылып отурабыз.

Негизги жана багыныңкы сөздү белгилейбиз. Негизги сөз этиш же тактоо болсо, этиштик сөз айкашы болот. Негизги сөз зат, сын, сан же ат атооч болсо, атоочтук сөз айкашы болот.

Ээ менен баяндоочтон турган айкаштар сөз айкашы эмес, сүйлөм болот. Ошондуктан аны негизги жана багыныңкы деп ажыратпайбыз.

Мисалдар: Жаш балдар сууга түшүштү (сууга түшүштү, балдар түшүштү, жаш балдар). Алар көңүлдүү эс алып жатышат (көңүлдүү эс алып жатышат, алар эс алып жатышат). Сууда сүзүү ден соолукка абдан пайдалуу (абдан пайдалуу, ден соолукка пайдалуу, сууда сүзүү пайдалуу).

Сүйлөм мүчөлөрү боюнча талдоо

Сүйлөм мүчөлөрү боюнча талдоо жүргүзгөндө, алгач сүйлөмдү толук окуйбуз.

Андан кийин кыймыл-аракетке карата суроо берип, сүйлөмдүн баяндоочун табабыз. Баяндооч эки сызык менен сызылат.

Баяндоочтон суроо берип, сүйлөмдүн ээси табылат. Ээнин астын бир сызык менен сызабыз.

Ээ менен баяндоочтон туура суроо коюп, сүйлөмдүн канча айкындооч мүчөсү бар экенин билебиз. Алар толкун сызык менен белгиленет.

Мисал: Менин чоң апам жетимиш беш жашка чыкты. Эмне болду? - чыкты (эки сызык), ким чыкты? - чоң апам (бир сызык), эмнеге чыкты? - жашка (толкун сызык), канча жашка? - жетимиш (толкун сызык).

Чоң апам мени жакшы көрөт жана тарбиялайт. Эмне кылат? - жакшы көрөт (эки сызык) жана тарбиялайт (эки сызык). Ким тарбиялайт? - чоң апам (бир сызык).

Жайгаштыруу: 2020-10-09, Көрүүлөр: 22566, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2020-10-09, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу