TYUP.NET
✖
☰
Катталуу
Кирүү
Бөлүмдөр
Онлайн функциялар
Макала жайгаштыруу
Жарнама
✖
Энесай маданиятындагы жыл сүрүштүрүү макаласын оңдоо, толуктоо, тактоо
Түштүк Сибирдеги көчмөн элдердин ичинен кыргыздар жылды сүрүштүрүп, күн-жылдыздарды байкоодо, он эки айды айбанаттардын аттарына бөлүшүү боюнча б.з.ч. эле биринчи пайдаланганы тарыхта небактан маалым жана элдик эпостордо, санжырада, руна жазмаларында белгилүү. Энесай доорундагы кыргыздар алтын, күмүш сөлкөбайларды жасап, ага руна жазууларды түшүрүп, өздөрүнүн ички жана сырткы соода-сатыгын жөнгө салып, өнүккөн өлкөгө айланууга, мамлекеттин болочок өсүшүнө аракеттер жасашкан. Макала мазмуну Жалпы маалымат Дагы караңыз Жалпы маалымат Даңазасы алыска кеткен кыргыздар Монгол чапкынына чейин баягыдай кандуу майданды башынан өткөрбөй жашаган. Эзелки Энесай маданиятынын негизги пайдубалы өтө ыйык болгондуктан жана бекем уюгандыктан канча кылымдан бери эч жоголбой, унутулбай чынар теректей улам өнүгүп-өсүп отуруп, XX кылымга дейре жетти. Элдин маданиятын унутпаган улуттун келечеги кең, суру (духу) күчтүү, өмүрү узак болорун баба тарыхы какшап айтып турат. «Муну эсиңе тут, мен Яглакар деп аталган уйгур жеринен келдим. Мен кыргыздын уулумун. Мен — бойламын, жогорку сотмун. Мен бактылуу бага-тархандын ага буйрукчусумун (кеңешчисимин). Мен жөнүндө көп сөздөр жана сурамжылоолор күн чыккандан күн батканга чейин айтылган. Мен бай болгом. Малым үчүн он жайытым болгон. Менин малым сансыз эле. Менин жети иним, үч уулум жана үч кызым болгон. Мен уулдарымды үй-жайлуу кылып бөлдүм. Мен кыздарымды калыңсыз эле күйөөгө бердим. Менин насаатыма (манихейчилик дин кызматкерине) жүз эркек жана жашаганга турак-жай бердим. Мен жээндеримди жана неберелеримди бердим. Мен эми каза болдум. Менин уулум! Менин устатымдай (манихейлик дин кызматкеримдей) кайраттуу бол! Ханга кызмат өтө! Эрктүү бол! Менин улуу уулум жортуулга кеткен. Мен аны көрбөй калдым. Уулум... (Суджидеги (Монголиядагы) кыргыз каганынын керээзи)». Энесайлык кыргыздар түрк салтына окшош, татаал сүрүштүрүү системасын колдонушкан. Энесайлыктардын календары Борбордук Азиядагы көчмөк элдерде кеңири колдонулган 12 жылдык циклде негизделген. Ар бир жыл жаныбардын атына ээ: Чычкан Уй Барс же илбирс коён улуу (ажыдаар) жылан жылкы кой мечин (маймыл) тоок ит доңуз (чочко) Энесайлык кыргыздар күн циклдарын (жыл) жана асмандагы ай фазаларын (бир айлык) дагы эске алышкан. Мезгилдик майрамдар — маанилүү майрамдар өзүнө жаз майрамын (балким Нооруздун аналогу) жана башка айыл-чарбалык жана көчмөн жашоо образына тиешелүү окуяларды камтыган. Астрономиялык байкоолор — энесайлык кыргыздарда, башка байыркы түрк элдери сыяктуу эле, жылдыздар жана планеталар жөнүндө билими болгон, мындай маалыматтар аба ырайын жоромолдоо жана убакытты аныктоо максаттарында колдонулган. Албетте, өтө аз санда гана сакталып калган, буга байланыштуу маалыматтар дагы аз. Дагы караңыз Кыргыз элдик календары Энесайдагы элдин рухий байлыгы Энесай маданиятынын кол өнөрчүлүгү Энесай маданиятынын оюн-тамашасы жана тамак-ашы