Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Экспорт

Баш барак | Экономикалык терминдер | Экспорт

Экспорт — башка өлкөлөргө товарларды же кызматтарды сатууну билдирген эл аралык соодадагы түшүнүк. Түшүнүк латындын exporto сөзүнөн келип чыгып, түз мааниде «порттон чыгаруу» дегенди билдирет.

Мазмуну

Товарларды чет өлкөгө чыгарган сатуучуну экспортёр дешет, ал эми чет өлкөлүк товар сатып алуучу — импортёр. Учурда (2023) каалаган товарларды же кызматтарды мыйзамдуу түрдө бир өлкөдөн экинчисине импорттоо соода тармагындагы эң кеңири жайылган ишмердүүлүк түрү. Ошондуктан, экспорт менен катар импорт эл аралык экономикалык мамилелердин негизин түзөт.

Деңиз аркылуу товары ташуучу порттун көрүнүшү (иллюстрация)
Деңиз аркылуу товары ташуучу порттун көрүнүшү (иллюстрация)

Экспорттук товарларды көп учурда башка өлкөлөргө сатуу үчүн дароо оптимизациялашат. Кээде, экспорттук товарларды өлкөнүн же мамлекеттин ички базарында сатууга же керектөөгө оптимизациялашат.

Экспорттук товарлар негизинен, автотранспорт, темир жол, авиа жана деңиз каттамдары аркылуу ташылат.

Товарды башка өлкөгө сатуу үчүн, ал жердин талаптарына жараша товарды даярдап, тишелүү сертификат жана лицензияларды алып, ошол өлкөнүн тили, дини, маданияты, керектөөчүлүк адаттары менен таанышуу зарыл нерсе.

Товарды сатып алуучуга жеткирүү үчүн зарыл болгон бажы документтерин даярдап, ата-мекендик өлкөнүн, ошондой эле товар киргизилип жаткан өлкөнүн бажы органдарынан өтүү талап. Ошол эле убакта, бажыга кетүүчү убакытты, товардын бузулуп кетүүсүн жана жеткирүүчү траспорттук чыгымдарды эске алуу менен оптималдуу логистиканы камсыз кылуу керек.

Андан тышкары экспорттун ар кандай баскычтарындагы пайда болуп калуучу тобокелдиктерди эске алып, аны төмөндөтүүгө аракет жасоо абзель. Мына ушундай оңой эмес кадамдардан экспорттун жашоо цикли калыптанат.

Негизги маалыматтар

Товарларды экспорттоо — белгилүү бир касиеттеги материалдык жыргалчылыктарды өлкөдөн тышка чыгаруу. Кызматтар экспорту — чет өлкөлүк өнөктөштөргө өндүрүштүк жана керектөөчүлүк мүнөздөгү төлөнүүчү кызматтарды берүү. Капитал экспорту — чет өлкөдө өздүк өндүрүмдү уюштуруу үчүн каражаттарды инвестициялоо.

Ал эл аралык эмгекти бөлүштүрүүнүн натыйжасы саналып, экспорттун материалдык негизин киреше түзөт, ал киреше өз кезегинде импортко төлөм жүргүзүү үчүн каражаттардын булагы болот.

Кийинкидей товарларды экспорттоонун түрлөрү болушу мүмкүн: өлкөдө чыгарылган же кайра иштетилген товарларды чыгаруу, кийин кайра кайтаруу үчүн товарларды чет өлкөдө даярдоо же кайра иштетүү (өзгөчө чийки заттар жана жарым фабрикаттарды), ата-мекендик товарларды (көргөзмөлөргө, жарманкелерге, аукциондорго ж. б.) кийин кайра кайтаруу үчүн убактылуу чыгаруу же чет өлкөлүк товарларды убактылуу чыгаруу (көргөзмөлөргө, жарманкелерге, аукциондорго ж. б.), фирма ичинде товарлар менен же ишканалардын түз өндүрүштүк байланыштары менен жабдуу, реэкспорт — эл аралык аукциондордо, биржаларда сатылган реэкспорттолуучу өлкөдө кошумча кайра иштетилбеген, мурда чет өлкөдөн киргизилген товарларды чыгаруу.

Өлкөнүн экспорт менен импортунун катыштыгы өлкөнүн тышкы соода балансы деп аталып, ал өзүнчө товарлар жана кызматтарды камтыйт. 2010-жылга карата бул рейтингде алдыңкы орундарды ирети менен Германия, Кытай жана Россия ээлеген. Бирок, АКШда бул көрсөткүч өлкөнүн экономикасынын көлөмүн чагылдырбайт, ИДӨсү эң чоң дүйнө өлкөлөрүнүн арасында бул тизмеде акыркы орунду ээлейт.

Эл аралык соодада болгон кызматтар өзүнө кийинкилерди камтыйт: финансылык, бухгалтердик жана башка профессионалдык кызматтарды, туризм, билим берүү, ошондой эле, интеллектуалдык жеке менчик укуктарын.

Товарларды экспорттоо көбүнчө бажы органдарынын катышуусун талап кылат.

Фирмалар

Көптөгөн өндүрүштүк фирмалар өзүнүн глобалдык экспансиясын экспортёр катары башташат, кийинчерээк гана тышкы базарды тейлөөнүн башка ыкмаларына өтүшөт.

Тоскоолдуктар

Экспорттук тоскоолдуктардын төрт негизги түрү бар: мотивациялык, маалыматтык, операциялык/ресурстук жана билимдик.

Соода тоскоолдуктары — бул ата-мекендик өндүрүмдөгү товарларды чет өлкөлүк атаандаштыктан коргоочу мыйзамдар, токтомдор, саясат же тажрыйбалар. Чектөөчү иш тажрыйба кээде аналогиялуу эффектке ээ болсо да, ал негизинен соода тоскоолдугу деп саналбайт. Тышкы сооданын кеңири жайылган тоскоолдуктары — бул эл аралык товарлар жана кызматтар менен алмашууга кедерги жараткан мамлекет тарабынан киргизилген чаралар жана саясаттар.

Стратегиялык чектөөлөр

Эл аралык макулдашуулар белгилүү бир товарлардын жана маалыматтын соодасын, колдон-колго өтүүсүн чектешет, мисалы, массалык жабыркатуучу курал менен байланышы бар товарлар, заманбап телекоммуникациялар, курал-жарактар ошондой эле, кээ бир искусство предметтери жана археологиялык артефактар. Тагыраак айтканда:

COVID-19 пандемиясы дүйнөлүк экономиканы кыйла өзгөрткөнүнө карабастан адамдар бизнес менен алектенүүсүн уланта берген, ошондуктан эл аралык соода экономикалык өсүүнүн ачкычы болуп саналат. Мисал катары, Армения экономикасын айтсак, ал эл аралык агымдардан, туризмден жана ички өндүрүмдөн көз каранды. Мында, атаандаштыкка туруштук бере турган экспорттук чөйрөлөр түзүлүп, ички дүң өндүрүмдүн (ИДӨ) өсүүсү үчүн финансылык ресурстарды генерациялаганга жардам берген. Базар эффективдүүрөөк экспортёрлого бурулуп, а бул жалпы өндүрүштөгү сооданын либералдашуусунун натыйжасы болон. Көп жактуу соода системасынын эл аралык иштиктүү операциялардын санынын өсүүсүнө байланыштуу 2019-жылдын февралында бекитилген Армения Республикасынын Өкмөттүк Программасы тарабынан мамлекеттик саясат экономикалык өсүүнүн максаты болуп калган. Программа үчүн белгиленген мөөнөт 2019-2024-жылдар. Экспорттун сапаты экспорт жана кызматтардын көлөмүн көбөйтүү жолу менен өнүгүүдө.

Тарифтер

Өлкөгө экспорттолуучу же импорттолуучу белгилүү бир товар же товарлар категориясына болгон салык тарифтери соодага кандайдыр бир экономикалык тоскоолдуктарды жаратышы мүмкүн. Тариф импорттолуучу же экспорттолуучу товарлардын баасын жогорулатып, ата-мекендик өндүрүүчүлөрдүн импорт менен атаандашууда оорчулуктары пайда болгондо колдонулушу ыктымал. Ошондой эле, тарифтер улуттук коопсуздук кызыкчылыктарды камтыган тармакты коргоо үчүн колдонулушу мүмкүн. Кээ бир тармактар субсидия өңдүү коргоого ээ болушат; тарифтер атаандаштыкка азыраак туруктуу болуп, тармактын товарды тез, арзан жана эффективдүү чыгаруу стимулдарын азайтат.

Тарифтин үчүнчү негизи демпингди жоромолдойт. Өндүрүүчү чыгаша менен экспорттогондо анын атаандаштары муну демпинг деп аташы мүмкүн. Башка учур, качан экспортердун товарынын баасы ички базарга караганда экспорттук базарда төмөн болгондо. Тарифтин максаты жана күтүлүүчү натыйжасы: импорттолуучу эквивалентке эмес, ата-мекендик товарларга жана кызматтарга болгон чыгымдарга дем берүү.

Тарифтер өлкөлөр ортосунда чыңалууну жаратышы мүмкүн, мисалы, Кытай импорттолуучу авто тетиктерге 14 пайыздык алым (пошлина) орноткондо, 2002-жылдагы АКШдагы болотко болгон тариф. Мындай тарифтер соода эрежелерин орноткон жана талаштарды чечүүгө аракет кылган Дүйнөлүк соода уюмуна арыз-даттанууларды алып келиши ыктымал. Эгер бул канааттандыраарлык эмес болсо, экспортер өлкө башка өлкөдөн болгон импортко өзүнүн жеке тарифин коюшу мүмкүн.

Артыкчылыктар

Экспорт, максатталуучу өлкөдөгү өндүрүштүк операциялардан кутулууга мүмкүндүк берет. Жаңы базарга товар сатуунун эсебинен сатуулардын көлөмүнүн көбөйүшү. Компаниянын өнүгүүсү. Өндүрүм бирдигинин өздүк баасынын азайышы. Ички базардагы мезгилдик термелүүлөрдү тууралоо. Кирешенин жана валюталык ресурстардын көбөйүшү.

Экспорт компанияга өзүнүн өлкөсүндө «кыйгач тажрыйба» жана «орун экономикасы» эффектисине жетүүгө жардам бериши мүмкүн. Ээлик кылуу артыкчылыктары өзүнө фирманын активдерин, эл аралык тажрыйба жана анча кымбат эмес, ошондой эле, дифференциацияланган өндүрүмдөрдү иштеп чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн камтыйт. Белгилүү бир базардын жергиликтүү артыкчылыктары — бул чыгымдардын, рынок потенциалынын жана инвестициялык тобокелдиктин айкалышы. Интернационалдаштыруу артыкчылыктары — бул лицензиялоо, аутсорсинг же сатуу эмес, компания ичинде негизги компетенттүүлүктү сактоо артыкчылыгы, ошондой эле, анын баа түзүү чынжырынан өтүүсү.

Компаниянын жеке мүлкүнүн аз артыкчылыктарынын эклектикалык парадигмасында тышкы базарга чыгышпайт. Эгер компания жана анын өндүрүмү жеке мүлк жана интернационалдаштыру артыкчылыгына ээ болсо, экспорт сыяктуу төмөнкү тобокелдик ыкмасы аркылуу киришет. Экспорт түз инвестиция сыяктуу башка ыкмаларга караганда кыйла аз инвестицияларды талап кылат. Негизинен экспорттун аз тобокелүүлүгү трансппорттун башка түрлөрү менен салыштырмалуу сатуудагы киреше нормасын төмөндөтөт. Экспорт менеджерлерге өндүрүштү көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берип, ушундай эле көзөмөлдү маркетингде жүргүзө алышпайт. Экспортер маркетинг жана маркетингдик ишмердүүлүктү башкаруу үчүн түрдүү ортомчуларды алат. Экспорт экономикага дагы таасир этет. Ишканалар атаандаштык артыкчылыгы бар жерлерге товарларын жана кызматтарын экспорттошот. Бул алардын башка өлкөгө караганда ошол эле өндүрүмдү жакшыраак чыгарат же өндүрүүгө климат өзгөчөлүктөрүнөн, географиялык абалынын табигый мүмкүндүктөрү бар экенин билдирет.

Контейнер ташуучу кеме (иллюстрация)
Контейнер ташуучу кеме (иллюстрация)

Кемчиликтер

Чет өлкөдө ылайыктуу жерлер табылбаса, экспорт пайдасыз болуп калышы мүмкүн. Жогорку транспорттук чыгымдар экспортту рентабелсиз кылат, өзгөчө чубурма өндүрүмдөр үчүн. Дагы бир кемчилиги соода тоскоолдуктар, бул экспортту рентабелдүү эмес жана тобокелдүү кылат.

Жумушчулары 250дөн кем кичи жана орто ишканалар үчүн экспорт шартка ылайык ички базарды тейлөөгө караганда татаал. Соода эрежелерин билбөө, маданий айырмачылыктар, ар башка тилдер жана чет өлкөлүк акчаларды алмаштыруу учурлары, ошондой эле, ресурстардын жана персоналдын жетишсиздиги процессти татаалдаштырат. Кичи жана орто ишканалар бир гана тышкы базарга багыт алат.

Дагы бир кемчилик дээрлик алдын-ала биле албаган акча алмаштыруу курстарынан көз карандылык. Чет өлкө акчасынын баасызданышы экпортерлорго терс таасирин тийгизет. Мисалы, ошол эле Арменияны алсак, бул өлкө түрдүү буюмдарды экспорттойт, азык-түлүктөн тарта пропраммалык камсыздоого чейин. 2022-жылы Россиядагы аскер абалынан улам ал жактан келген мигранттар жана туристтер көп болгон. Бул валюта алмаштыруунун өзгөрүүсүнө жана армян драмынын курсунун жогорулашына алып келген. Армениянын экономикасы өсүп жаткандай сезилиши мүмкүн. Чынында ЭВФ ички дүң өндүрүмдүн өсүшү 7% болот деп гана күтүүдө (2023). Бирок, доллардын курсунун армян драмына жараша түшүүсүнөн улам өндүрүмдөрдү экспорттогон жана төлөмдөрдү негизинен доллар менен алган экспортерлор зыян тартууда. Андан тышкары Армения экспортундагы дагы бир ачык так бул ИТ-индустриясы, анткени, көптөгөн компаниялар жана жеке жактар АКШда жайгашкан компанияларда иштегенине байланыштуу, айлык акысын АКШ доллары менен алышат. Акча алмашуу курстарынын чукул өзгөрүүсүнөн улам өзүнүн кызматтарын АКШга экспорттогон бул адамдар жана компаниялар, акчасын АКШ доллары менен алып, болжолдуу 25% аз киреше алып калышкан.

Ошондой эле, экспорт, экспорттук бааларды төмөндөтүү үчүн жергиликтүү валютанын девальвациясына алып келиши мүмкүн. А бул кайра эле импорттук товарларга алымдарды (пошлина) киргизүүгө алып келиши ыктымал.

Мотивация

Экспорт мотиваторлорунун ар түрдүүлүгү, тандоонун күн мурун жаман ойдо болуусуна алып келиши мүмкүн. Өлчөм, чет өлкөлүк базарларды билүү жана суралбаган буйрутмалар фирмаларды белгилүү бир аспектилерге мотивациялайт (изилдөөлөр, тышкы, реактивдүү).

Макроэкономика

Макроэкономикада таза экспорт (экспорт минус импорт) ички керектөөлөр, физикалык инвестициялар жана мамлекеттик чыгымдар менен бир катар ички дүң өндүрүмдүн компоненти саналат. Өлкөнүн чет өлкөлүк экспортго болгон суроо-талабы чет өлкөлөрдө кирешеден оң көз каранды жана өндүрүмчү өлкөнүн валютасынын күчтүүлүгүнөн терс көз каранды (башкача айтканда чет өлкөлүк сатып алуучуларга өлкөнүн валютасын валюталык базарда сатып алуу канчалык кымбат деген мааниде).

Кыргызстанда

Кыргызстан деңиздерге чыгуусу жок өлкө болгондуктан, экспорт негизинен автотранспорт, темир жол жана авиа каттамдар аркылуу жүргүзүлөт. 2021-жылдын жалпы экспорту 1,68 млрд долларды түзгөн. 2021-жылы кайсы өлкөлөргө экспорттогонбуз?

Жайгаштыруу: 2023-03-30, Көрүүлөр: 758, Өзгөртүлгөн: 2024-02-10, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Кызматташуу/жарнама жайгаштыруу