Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Blackpink

Баш барак | Башкалар | Blackpink

Blackpink (корейче: 블랙핑크; ошондой эле BLACKPINK, BLΛƆKPIИK же Black Pink катары стилдештирилет, кыргызча жазылыштары — блэкпинк) — 2016-жылы YG Entertainment тарабынан түзүлгөн түштүк кореялык кыздар тобу. Топтун жамааты төрт катышуучудан турат: Жису, Дженни, Розэ жана Лиса. Дебюту 2016-жылдын 8-августунда Square One аттуу сингл альбому менен болгон.

Мазмуну
BLΛƆKPIИK
Blackpink логотиби
Blackpink катышуучулары, «kill this love» клибинен кадр
Blackpink катышуучулары, «kill this love» клибинен кадр. Солдон оңду карай: Джису, Дженни, Лиса, Розэ
ЖанрK-pop, EDM, Хип-хоп, J-pop
Жылдар2016 — жана учурда
ӨлкөКорея Республикасы (Түштүк Корея)
Түзүлгөн жериСеул
Башка аталышыBLIИK
Тилдеркорей, англис, япон
ЛейблYG Entertainment, Avex Trax, Interscope Records
КурамыДжису, Дженни, Розэ, Лиса
Башка проекттерYG Family

Жалпы маалымат

BLACKPINK аталышын топтун катышуучулары өзүлөрү ойлоп чыгарышкан. Ал эки жактуулукту билдирет. Black — кара, козголоңчу, ал эми pink (кызгылт) — назик жана аялдык жагын билдирет.

Blackpink 2009-жылы 2NE1 дебютунан бери YG Entertainment-тин (YG Entertainment — Түштүк Кореялык көңүл ачуучу агенттик) биринчи кыздар тобу болуп калды. Булардын биринчи беш синглдары (сингл — өзүнчө мини-альбом катары чыгарылган жана таризделген ыр) АКШда 113 миң санарип көчүрмөдө сатылган, ошондой эле алардын бардык альбомдору Billboard санарип альбомдорунун чарттар (чарт — заманбап тилде «хит-парад» сөзүнүн синоними, башкача айтканда, учурдагы же кайсы бир убакыт аралыгынын жыйынтыгындагы эң белгилүү ырлар жана композициялардын тизмеси) башында болгон; Blackpink, Social 50 чартында корея аялдар топторунун эң жогорку позициясына ээ болгон; «As If It’s Your Last» синглы менен YouTube сайтынын топ-25 жайкы ырларына кирген биринчи корея артисттери.

2019-жылга карата Billboard Hot 100 жана Billboard 200дө Kill This Love ыры менен 41 жана 24-орунду ээлеп, Blackpink тобу эң жогорку K-pop кыздар тобу саналат. Алар Billboard жана Top Billboard чарттарына кирген биринчи жана жалгыз K-pop кыздар тобу. Ошондой эле, дүйнөлүк Billboard санарип ырларды сатуу чартындагы төрт синглы бар биринчи K-pop аялдар тобу саналат. Ddu-Du Ddu-Du ырынын чыгышында Youtube сайтында биринчи 24 саатта музыкалык видеолор арасындагы эң көп көрүлүүчү кореялык клип болгон, 2016-жылдын январында болсо K-pop топтун эң көп көрүлүүчү музыкалык видеосу.

Карьера

2016: Square One жана Square Two менен болгон дебют

YG Entertainment-тин жаңы кыздар тобунун дебюту биринчи жолу 2012-жылы белгилүү болгон, анда мүчөлөр трейни (сыноодон өтүүчү же үйрөнчүк) болуп жүргөн кезинде агенттиктин аткаруучуларынын клиптерине жана ырларына, ошондой эле жарнамаларга катышып турушкан. 2016-жылдын 29-июнунда акыркы курам жана болочок жамааттын аты жарыяланган.

2016-жылдын 8-августунда дебюттук синглдык Square One альбому чыгарылган. Биринчи башкы сингл «Whistle» «минималдуу хип-хоп-трек» деп баяндалган; Тедди Пак жана Future Bounce тарабынан продюсерленип, ал эми текстин Ребекка Джонсон, Тедди Пак жана iKONдогу (iKON түштүк кореялык бой-бенд тобу) B.I жазган. «Boombayah» экинчи сингл Тедди тарабынан продюсерленип, текстинин авторлорунун бири Ребекка болгон. Видеоклиптин режиссёру болсо Со Хён Сын. Эки ыр тең Billboard дүйнөлүк ырлар чартынын биринчи эки сабын ээлеген; Black Pink буга эң тез жеткен биринчи корей артисттери жана ушундай көрсөткүчтөрү бар PSY жана Big Bang-тен кийинки үчүнчү корея артисттери. Августтун жыйынтыгы менен «Whistle» санарип, стриминг, жүктөлүү жана мобилдик чарттарда № 1 орунга жеткен. Кытайдын эң ири QQ Music стримингдик (агымдык) платформасында бул кыздар тобу башкы орундарды алган. 14-августта Blackpink-тин дебюттук концерти Inkigayo-до (Inkigayo — Түштүк Кореялык музыкалык программа) көрсөтүлгөн. Ал жакта алар биринчи жеңишин көпкө кармап, ошонусу менен кыздар топторунун арасындагы дебюттан кийинки кыска аралыкта музыкалык шоудогу жеңүү рекордун жаңырткан. Square One промоушен (промоушен — алга жылдыруу, демилгелөө) расмий түрдө 11-сентябрда аяктаган.

1-ноябрда Square Two экинчи синглдык альбому чыккан. «Playing With Fire» жана «Stay» синглдары Тедди Пак менен R.Tee, ошондой эле Со Вон Джин тарабынан продюсерленген. 6-ноябрда алар Inkigayo жана 10-ноябрда M! Countdown-да (M! Countdown — Түштүк Кореялык музыкалык теле берүү) ырдап чыгышкан. «Playing With Fire» дүйнөлүк синглдык чарттын чокусуна жеткен экинчи сингл болду. Түштүк Кореяда сингл 3-орунга ээ болуп, «Stay» болсо 10 сапка жеткен.

Блэкпинктин ийгиликтүү дебюту «Мыкты үйрөнчүк» номинациясын бир нече музыкалык сыйлыктарда жеңип алууга мүмкүндүк берген. Авторитеттүү Billboard басылмасы дагы аларды 2016-жылдын мыкты корея тобу деп атаган.

2017: «As If It’s Your Last» жана Япониядагы дебют

2017-жылдын 16-майында Blackpink жайында Япония өлкөсүндө өзүнүн дебютук концертин өткөрөөрү жөнүндө кабар чыккан; 20-июлда Ниппон Будокан менен шоукейс (шоукейс — музыкалык фестиваль, концерт, мында үйрөнчүк же жаңыдан баштаган ырчылар же артисттер өнөрлөрүн көрсөтүшөт) өткөн, ал эми мини-альбомдун чыгышы 9-августка пландаштырылган. Шоукейске 14 миңден ашык адам катышып, билеттерди 200 миңден ашык адам сатып алууга аракет кылган. «Boombayah» музыкалык клибинин Япониялык версиясынын үзүндүсү биринчи жолу 17-майда теле берүүдө көрсөтүлгөн. Андан кийин мини-альбомдун чыгуу датасы 30-августка жылдырылган.

22-июнда жаңы санариптик сингл «As If Its Your Last» чыккан. Бул ыр «хаус, регги жана мумбатондун аралашмасы» деп баяндалган, а бул кыздар тобунун көнгөн стилинен айырмаланып турган. Чыккан күнү ал Billboard санарип чартынын жогорку баскычында дебютталып, ушунусу менен ал Blackpink тобунун карьерасындагы үчүнчү № 1 айланган. Видеоклиптин релизинен кийин 17 саатка жетпеген убакытта ал 11 миллиондон ашык көрүүлөргө ээ болуп, корея топторунун арасында рекорд койгон. «As If It’s Your Last» биринчи суткада корея артистинин эң көп көрүлүүчү экинчи клип болгон, биринчи орунда PSY-дын «Gentleman» клиби турган, жана бул көрсөткүч корея топторунун арасында эки ай ичинде эң мыкты деп саналган.

Японияда 30-августта Blackpink мини-альбомунун чыгышы менен дебют жасашкан. Биринчи жумада 39 миңден ашык көчүрмөлөр сатылып, Oricon Albums Chart көрсөткүчүндө № 1 альбом болууга мүмкүндүк берген; Blackpink t.A.T.u жана 2NE1 кийин мындай натыйжага жеткен үчүнчү чет өлкөлүк топ болгон.

3-ноябрда BLACKPINK TV реалити-шоусунун расмий трейлери жарыяланган.

2018: Биринчи реалити-шоу, Blackpink жана Square Up

2018-жылдын январь айынын башында BLACKPINK TV реалити-шоусунун көрсөтүүлөрү башталган. Япониядагы ийгиликтүү дебюттан кийин, 28-мартта япониялык дебюттук Re:Blackpink мини-альбому кайра чыгарылган. Анын чыгышынын бир нече күнүнө чейин Ян Хён Сок Блэкпингтин май айындагы Кореядагы камбэк (кайтуу) маалыматы боюнча бөлүшкөн. Бирок, 16-майда мекемеден дагы бир билдирүү түшкөн — мунусунда Кореяга кайтуусу июнь айынын ортосунда болоору айтылган. Ошондой эле, официалдуу лайтстиктин (лайтстик — күйөрмандар колуна кармап, жакшы көргөн артисттерине колдоо көрсөтүүчү жарык чыгаруучу концерттик аксессуар) тизери (тизер — табышмак сыяктуу түзүлгөн жарнамалык билдирүү) берилген.

15-июнда биринчи «Square Up» мини-альбому жарык көрөт. «뚜두뚜두 (DDU-DU DDU-DU)» синглы Кореянын эң мыкты алты музыкалык хит-парадында № 1 катары «perfect all-kill» статусун орноткон. Видеоклип биринчи 24 саатта 36,2 миллиондон ашык көрүүлөргө ээ болуп, Blackpink-тин мурдагы «As If It’s Your Last» клиби менен коюлган жеке рекордун жаңылаган. Камбэк күнү топтун катышуучулары Instagram баракчаларын да ачышкан. Square Up, Billboard 200дө 40-орун менен дебютталган, ал эми сингл болсо «жаңы жүздүктө» 55-орунда жайгашып, бул көрсөткүчтөрдөгү корея кыздар топторунун арасында эң жогорку орундарды орноткон.

19-октябрда Дуа Липтин Blackpink катышкан «Kiss and Make Up» синглынын премьерасы жарык көргөн. Ыр «жаңы жүздүктүн» 93-орунунан дебютталып, ушунусу менен топ чартга жыл ичинде экинчи жолу кирген. Ноябрда топтун ар бир катышуучусунун жеке проектеринин анонсу болуп, эң биринчи Джени «SOLO» ыры менен чыгып, андан кийин Розэ чыгат. Blackpink, Interscope Records менен контракт түзөт.

5-декабрда биринчи япониялык студиялык альбому Blackpink In Your Area жарыкка чыгат. Биринчи жумада эле 13 миңден ашык нуска сатылган.

2019: Kill This Love жана дүйнөлүк тур

2019-жылдын 3-январында Blackpink 12- жана 19-апрелде жыл сайын өтүүчү Коачелла фестивалында ырдап чыгышат деп жарыяланган. Булардын фестивалдагы сахнага чыгышы америкалык дебюттун белгилеп, ал жактагы фестивалга катышкан биринчи корея тобу болгон. Ошондой эле, Блэкпинк тобу эки айлык дүйнөлүк турне алкагында Түндүк Америкада, Австралияда жана Европа өлкөлөрүндө концерттерин өткөрөөрү жарыяланган.

5-апрелде Kill This Love аттуу экинчи мини-альбом жарыкка чыгат. Релизден кийинки алгачкы 24 сааттын ичинде Kill This Love клиби 56 миллион көрүүлөргө ээ болгон, бул америкалык ырчы Ариана Гранденин «Thank U, Next» рекордунан озуп, YouTube сайтындагы абсолюттук рекорд болгон.

2020: The Album жана документалдуу тасма

2020-жылдын 22-апрелинде Blackpink Леди Гаганын алтынчы студиялык альбомуна катышаары тастыкталган; «Sour Candy» промо-сингл катары 28-майда чыгарылган. АКШдагы «жаңы жүздүктө» композиция 33-орунду ээлеп дебютталып, топ-40 чарттагы Леди Гаганын 25 синглы болуп калган, ал эми блэкпинк тобу үчүн — биринчиси болуп, топтун карьерасында кайрадан рекорд болуп, корея аялдар топторунун арасында мыкты жыйынтыкты көрсөткөн. Улуу Британияда бул ыр Blackpink үчүн синглдык чарттын топ 20 кирген биринчи композиясы болуп калган.

18-майда YG Entertainment Блэкпинк тобу июнь айында релиз алдындагы синглы менен сахнага чыгат деп жар салып, ал эми кийинкиси июль менен августтун ортосунда чыгат дешкен; эки трек толук форматтуу корея альбомуна кирет. 1-июнда альбом чыккандан кийин Джису, Розэ жана Лисанын жеке проекттери берилет деп жарыяланат; Розэнин жеке проектиси биринчи чыгат. 13-июнда «BLACKPINK менен 24/365» реалити шоусунун тизери берилип, мында кыздардын камбэкке даярданып жатканы жана алардын күнүмдүк жашоосу жөнүндө айтылат. 26-июнда видеоклиби Гиннестин беш рекордун жеңген «How You Like That» санарип синглы чыккан, ыр болсо Кореянын музыкалык чарттарында ийгиликтүүлүгүн көрсөтүп, АКШнын синглдык чартына кирген бешинчи чыгарма болгон. MTV Video Music Awards-до сингл «Жайкы ыры» номинациясында жеңишке жетип, Blackpink-ти бул сыйлыкка жеткен биринчи кореялык кыздар артисти кылган. 23-июлда Селена Гоместин катышуусунда жазылган «Ice Cream» синглы жарыяланат, чыгышы 28-августта өткөн. Алгачкы суткада клип 79 миллиондон ашык көрүүлөргө жеткен, бул блэкпиктин «How You Like That» ырынан кийин (86,3 миллион көрүүлөр) YouTube тарыхындагы коллаборациялары үчүн мыкты натыйжа болгон. «Ice Cream» «жаңы жүздүктө» 13-орун менен дебютталып, бул чарттагы топтун мыкты ыры деп таанылган.

2-октябрда биринчи кореялык студиялык альбом «The Album» жана сингл «Lovesick Girls» чыгарылган. The Album АКШнын альбомдук чартында жана Улуу Британиянын альбомдук чартында 2-сабында дебютталган, бул Blackpink тобун топ 3кө кирген тарыхтагы биринчи кореялык кыздар артисттери кылган. Кореяда сатуулардын башталышынан бир күндөн кийин сатылган физикалык көчүрмөлөрдүн саны 590 миң экземплярды түзүп, кореялык кыздар топторунун арасында бир күндө жана бир жумада сатылгандардын арасындагы жаңы рекорд орноткон. Биринчи айда 1,2 миллиондон ашуун экземпляр сатылып, Blackpink тарыхта буга жеткен биринчи корей кыздар тобу болду.

14-октябрда Netflix-те «Blackpink: асманды жаркыратуу» аталган документалдуу фильмдин премьерасы өткөн, мында катышуучулардын предебюттук күндөрү, алардын камерадан тышкаркы жашоосу жөнүндө айтылып, ошондой эле интервьюлары берилген. 21-октябрда топтун жамааты «Кутман таң, Америка» шоусунда жана «Lovesick Girls» промоушендин алкагындагы «Джимми Киммел түз эфирде» теле берүүсүнө чыгышкан. 27-декабрда Блэкпинк «THE SHOW» аталган YouTube-дагы онлайн-концертин өткөрүшөт. 3-декабрда Variety, Blackpink-ти «Жыл тобу» атап, алар басылмадан мындай наамды алган биринчи кыздар тобу болуп калышты.

2021: The Show, топ юбилейине карата проект жана япониялык альбомду чыгаруусу

2-декабрда Блэкпинк YouTube-дун колдоосу менен «The Show» аттуу биринчи онлайн концертин өткөрүү жөнүндө жарыялашкан. Алгач иш-чараны 2020-жылдын 27-декабрында өткөрүү пландаштырып жатышкан, бирок, Түштүк Кореяда киргизилген COVID-19-дун жаңы эрежелерине ылайык концерттин өтүү датасы 2021-жылдын 31-январына жылдырылган. Концертте Розэ анын келе жаткан «-R-» дебюттук сингл альбомунун «Gone» ырын көрсөткөн.

Кийинчерээк компания, шоуду көрүү үчүн 280 миңден ашуун адам жазылууну сатып алгандыгын жарыялаган.

2021-жылдын 2-июнунда Universal Music Japan Блэкпинк тобу «The Album» альбомунун япониялык версиясын 2021-жылдын 3-августунда чыгарат деп жар салган. Релиз өзүнө сегиз тректин япониялык версиядагы төрт түрүн камтыган: «How You Like That», «Pretty Savage», «Lovesick Girls» жана «You Never Know». Ошондой эле, альбомдун 12 физикалык версиялары болот деп айтылган.

15-июнда YG Entertainment Блэкпинк тобунун беш жылдык юбилейине карата жаңы «4+1» аталган проектисинин башталышы жөнүндө жарыялаган.

Катышуучулар

Дженни
Дженни
Джису
Джису
Лиса
Лиса
Розэ
Розэ
Сахна псевдоними Чыныгы аты Төрөлгөн датасы Топтогу позициясы
Негизгиси Башкасы Кыргызча жазылышы Хангыл/Тай тилинде
Джису Jisoo Ким Джи Су 김지수 03.01.1995 Жетектөөчү вокалчы, вижуал
Дженни Jennie Ким Дженни 김제니 16.01.1996 Башкы рэпер, жетектөөчү вокалчы
Розэ Rosé Пак Чхэ Ён 박채영 11.02.1997 Башкы вокалчы, жетектөөчү бийчи
Лиса Lisa Лиса Манобан ลลิสา มโนบาล/라리사 마노반 27.03.1997 Башкы бийчи, жетектөөчү рэпер, саб-вокалчы, макнэ

Кайрымдуулук

2019-жылдын 8-апрелинде Blackpink 40 миллион вон (болжолдуу 35 000 АКШ доллары) көлөмүндөгү акча каражатын үмүт көпүрөсү Ассоциациясына жана Түштүк Кореядагы Сокчхо табият кырсыктарындагы токой өртүнөн жапа чеккендер үчүн Улуттук жардамына кайрымдуулук кылышкан.

Жарнамалык бренддер жана таасир

2017-жылдын май айында Blackpink Инчхондун башкы бажысынын элчиси болушкан. Топ, бир нече жогорку сапаттуу бренддер менен кызматташышкан, алардын ичинде: Puma, Reebok, Louis Vuitton, Dior Cosmetics, Moonshot, St. Scott London, Shibuya 109, Tokyo Girls Collection x CECIL McBEE жана Sprite Korea.

2018-жылдын 28-июлунда Блэкпинк тобу Кореянын репутация илимий-изилдөө институтунун анализине ылайык бренд репутациясы боюнча биринчи орунга жеткен.

2018-жылдын ноябрь айында Shopee Сингапур электрондук соода аянтынын аймактык бренд элчиси болушкан.

Forbes Korea Power Celebrity бул кыздар тобун 2019-жылдагы Кореянын эң таасирлүү атактуулары деп атаган. Ошондой эле, Blackpink ошол эле жылдагы БУУнун климат боюнча саммитинде Түштүк Кореянын өкүлдөрүнүн курамына кирген.

Сыйлыктар жана номинациялар

Музыкалык сыйлыктар

Asia Artist Awards

Азем Жылы Номинация Эмне номинацияланган Жыйынтык
1 2016 Black Pink Эң популярдуу артист (ырчы) — Топ 50 Номинация
Үйрөнчүк сыйлыгы Жеңиш
2 2017 Эң популярдуу артист (ырчы) — Топ 50 Номинация

Gaon Chart Music Awards

Азем Жылы Номинация Эмне номинацияланган Жыйынтык
6 2017 Black Pink Жылдын үйрөнчүгү Жеңиш
«Whistle» Жылдын ыры — Август Жеңиш
«Playing With Fire» Жылдын ыры — Ноябрь Жеңиш
7 2018 Black Pink Дүйнө үйрөнчүгү Жеңиш

Golden Disk Awards

Азем Жылы Номинация Эмне номинацияланган Жыйынтык
31 2017 Black Pink Жылдын Жаңы Артисти Жеңиш
Атактуулук үчүн сыйлык Номинация
Атактуулук үчүн сыйлык (Азия тандоосу) Номинация
«Whistle» Санарип Бонсан Номинация
31 2018 «As If It’s Your Last» Санарип Дэсан Номинация
Санарип Бонсан Жеңиш
Black Pink Эл аралык атактуулук үчүн сыйлык Номинация

Melon Music Awards

Азем Жылы Номинация Эмне номинацияланган Жыйынтык
8 2016 Black Pink Артист Топ 10 Номинация
Мыкты Жаңы Артист Жеңиш
9 2017 Артист Топ 10 Номинация
Kakao версиясы боюнча жаңы (ысык) жылдыз Номинация
«As If It’s Your Last» Мыкты аялдар бийи Номинация
Жылдын Ыры Номинация

Mnet Asian Music Awards

Азем Жылы Номинация Эмне номинацияланган Жыйынтык
18 2016 Black Pink Мыкты Жаңы Артист (Аялдар Тобу) Номинация
Жылдын Артисти Номинация
Кийинки артисттердин мыктысы Жеңиш
«Whistle» Мыкты Видеоклип Жеңиш
19 2017 Black Pink Сүйүктүү к-поп жылдыз Номинация
Мыкты аялдар тобу Номинация
Жылдын Артисти Номинация

Seoul Music Awards

Азем Жылы Номинация Эмне номинацияланган Жыйынтык
26 2017 Black Pink Бонсан Сыйлыгы Номинация
Атактуулук үчүн сыйлык Номинация
Халлю атайын сыйлыгы Номинация
Жылдын Жаңы Артисти Жеңиш
27 2018 Дэсан Сыйлыгы Номинация
Бонсан Сыйлыгы Жеңиш
Атактуулук үчүн сыйлык Номинация
Халлю атайын сыйлыгы Номинация
28 2019 Бонсан Сыйлыгы Номинация
Атактуулук үчүн сыйлык Номинация
Халлю атайын сыйлыгы Номинация

Soribada Best K-Music Awards

Азем Жылы Номинация Эмне номинацияланган Жыйынтык
1 2017 Black Pink Бонсан Сыйлыгы Номинация
Атактуулук үчүн сыйлык Номинация
2 2018 Бонсан Сыйлыгы Номинация
Атактуулук үчүн сыйлык Номинация
Эл аралык фандом Номинация

Эл аралык

Japan Gold Disk Awards

Азем Жылы Номинация Эмне номинацияланган Жыйынтык
31 2018 Black Pink Мыктык жаңы артисттердин топ 3 (Азия) Жеңиш

Teen Choice Awards

Азем Жылы Номинация Эмне номинацияланган Жыйынтык
20 2018 Black Pink Мыкты эл аралык артист Номинация
Кийинки жаңы жылдыз Номинация
Мыкты фандом Номинация
21 2019 «Ddu-Du Ddu-Du» Choice Song: Group Жеңиш
Blackpink Choice International Artist Номинация

Башка сыйлыктар

Жылы Сыйлык Номинация Эмне номинацияланган
2017 V Live Awards Эл аралык үйрөнчүк (Топ 5) Black Pink
Busan One Asia Festival Awards Стиль Иконасы
2017 V Live Awards Артист Топ 10

Melon Popularity Award

Жылы Ыры Жыйынтык
2016 «Whistle» 22-август
2018 «DDU-DU DDU-DU» 2-июль
9-июль
16-июль

Музыкалык шоулор

Inkigayo

Жылы Датасы Ыры
2016 21-август «Whistle»
11-сентябрь
27-ноябрь «Playing With Fire»
4-декабрь
2017 2-июль «As If It’s Your Last»
9-июль
16-июль
2018 24-июнь «DDU-DU DDU-DU»
1-июль
8-июль
2019 21-апрель «KILL THIS LOVE»
26-май
2020 2-июль «HOW YOU LIKE THAT»
9-июль
16-июль
2020 20-сентябрь ICE CREAM with Selena Gomez
27-сентябрь
4-октябрь

M!Countdown

Жылы Датасы Ыры
2016 8-сентябрь «Whistle»
2018 28-июнь «DDU-DU DDU-DU»
5-июль
12-июль
2020 9-июль HOW YOU LIKE THAT
16-июль
Music Core
Жылы Датасы Ыры
2018 23-июнь «DDU-DU DDU-DU»
30-июнь
7-июль
14-июль
2020 11-июль HOW YOU LIKE THAT
18-июль
25-июль
Show Champion
Жылы Датасы Ыры
2020 8-июль «HOW YOU LIKE THAT»
15-июль
29-июль

Music Bank

Жылы Датасы Ыры
2018 29-июнь «DDU-DU DDU-DU»
2020 10-июль «HOW YOU LIKE THAT»
31-июль «HOW YOU LIKE THAT»

Дискография

Кореялык альбомдор

Япониялык альбомдор

Фильмография

Көңүл ачуучу программалар

Концерттер жана турлар

Хэдлайнер концерттер

Хэдлайнер турлар

Жайгаштыруу: 2022-07-17, Көрүүлөр: 1384, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2022-07-17
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу