Созу И. Мансуровдуку
Обону Ж. Кайыповдуку
Кымбатым оскон жер мекеним,
Сен десем толгонуп кетемин.
Апамдай асырап чонойттун,
Сутунду мен актаар бекемин.
Тоолорун, туздорун, белесин,
Конулго жат болуп келесин.
Киндик кан тамызган Ата-журт,
Чаалыксам куч-кубат бересин.
Коколоп зоболон, жылдызын,
Гулзардай кулпунду уул-кызын
Таанылгыс озгоруп онукту,
Кечээки тоодо оскон кыргызым.
Эскилик туболук жоголуп,
Элибиз кобойуп торолуп.
Илимге-билимге жетиштик,
Бейкуттун туусун оронуп.
Кымбатым оскон жер мекеним,
Бактылуу бир балан экемин.
Атамдай алпештеп остурдун,
Нанынды мен актаар бекемин.