Баш кийим: түшүнүк жөнүндө маалымат

Баш кийим — башка кийилүүчү кийим ошондой эле, баштын чачтарамынын жана жасалгаларынын ыкмасын камтыган түшүнүк, термин.

Баш кийимдер аймакка, доорго, динге, маданияттын өнүгүү деңгээлине жараша өтө ар түрдүү. Ошондой болсо да, баш кийимдердин көп сандаган формаларынын негизинде бир нече базалык түрлөр бар.

Баш кийимдин формасы боюнча негизги түрлөрү:

  • жумшак баш кийимдер (топу, шапке, элечек, чүмкөмөлөр [капюшон]), булар кездемеден, кийизден жасалат, оңой бүктөлөт;
  • катуу баш кийимдер (каска, шлем, калпак, цилиндр), каркас же тыгыз материалдын эсебинен формасын сактайт;
  • жарым катуу же аралаш (кепка, тебетей, тумак).

Баш кийимди белгилүү бир себептер менен кийишет, баш кийимдин негизги функциялары төмөнкүдөй:

  • Коргоочу — муздактан (шапке, тумак), күндөн (панама, шляпа), жамгырдан (чүмкөмө), бактериядан (медициналык жана ашпозчулук чепчиктер).
  • Маданий жана салттык — улуттук жана диний баш кийимдер (кыргыздын калпагы, өзбектердин топусу, еврейлердин кипасы, мусулмандардын чалмасы).
  • Социалдык жана абалдык — мурда шляпа, калпак, таажы же каска боюнча адамдын коомдогу социалдык абалын же адистигин аныктоого болоор эле.
  • Эстетикалык (модалык) — стиль жана көркөмдүк элементи катары.

Ошентип, баш кийим — бул аба ырайынын шарттарынан коргоочу ошондой эле, маданият, салт, абал же аксессуар катары башка кийилүүчү кийим.

Ошондой эле, баш кийим катары түрдүү баш кийим аксессуарларды дагы айтса болот, алар кийинкидей:

  • Көркөмдөөчү жана декоративдик аксессуарлар: алкакчалар, тиаралар, диадемалар, таажылар, түрмөктөр, чачсайгылар, чач төөнөгүчтөр, оромдор, чачбактар ж. б.
  • Функционалдык аксессуарлар: үндөн же сууктан коргоочу кулакчындар, башка кийилүүчү чырактар, кепчачтар, чачты кармоочу медициналык жана спорттук кыстырмалар ж. б.
  • Этникалык жана диний аксессуарлар: бинди, тика, улуттук кийимдер үчүн декоративдик элементтер ж. б.

Тарыхы

Байыркы заманда чачтын иретине кам көрүү зарылдык болчу. Негизинен, чачтар башаламан бетке түшүп, кулакка, моюнча, ийинге оролуп, жалпы ыңгайсыздык жаратпастан, көрүүгө, угууга, иш жасоого ыңгайсыздык жаратчу. Мисалы, аңчылык кылууда, балык улоодо, кийим тигүүдө, кармашууда. Кээде чачтар коюуу бадалдар аркылуу өтүүдө же жырткычтан качууда өмүргө коркунуч жаратчу.

Баш кийимди чачтарды иреттөө үчүн гана эмес (чеке оромдор, чачбактар, торчолор ж. б.), негизгиси климаттык жана атмосфералык таасирлерден (ысыктан, муздактан, жамгырдан, шамалдан) сактоо үчүн кийишчү, бүгүнкү күнү дагы ушул функцияларды аткарат.

Ушундан улам баш кийимдин максаты жана аймагына жараша формаларынын жана материалдарынын түрдүүлүгү келип чыккан.

Чачтарды иретте кармоо үчүн, мисалы, айндар, япондор, помактар, готтентоттор ж. б. жөнөкөй чеке оромдорду колдонушкан, Суматра жоокери ушул эле максатта башты курчаган жыгач алкакты кийип алчу. Батактар (булар да Суматрада) селде сымал жоолуктарды кийишкен.

Грек жана рим аялдары кичине жоолуктарды же алтын жана күмүш жиптерден жасалган кымбат баалуу торчолорду кийишчү. Тропикалык ысыктан коргоо максатында Борнео аялдары талаачаларынын жазылыгы бир метр болгон саман шляпаларды колдонушчу. Бедуиндер, судандыктар, индустар баштарын селделерге оронуп, түштүк америкалык индейлер баштарына түстүү пальма кучактарын баштарына коюп алышчу. Сахаранын жашоочулары туарегдер чөлдүн ысык шамалынан өзүн коргоо үчүн литам менен башын оронуп алышчу.

Муздак климаттуу аймактардын жашоочулары тескерисинче жүндөн жасалган баш кийимдерди колдонушат. Жамгырлуу аймактардын жашоочулары болсо, мисалы, нивхалар, нанайдыктар баштарына кайың кабыгынан жасалган конус сымал шляпаларды кийип жүрүшчү.

Ал эми климат баш кийимди коргоо үчүн кийбегенге мүмкүндүк берген аймактарда баш кийим сейрек колдонулчу. Мисалы, гректер жана римдиктер баш кийимди көбүнчө саякаттоо, аңчылык кылуу, балык улоодо гана пайдаланчу.

Алгачкы элдердин диний мотивдери чач жасалгасынын жана баш кийимдин калыптануусунда чоң роль ойногон.

Тотемдер культу башка чейин сыйлуу жаныбарлардын терисининен жасалган кийимдерди кийүүгө, өзүн канаттуулардын канаттары, ыйык дарактардын гүлдөрү жана жалбырактары менен көркөмдөөгө алып келген. Мындай салт диний жөрөлгөлөрдө гана эмес аскердик иш-аракеттерде да тажрыйбаланчу.

Ушундан улам индей жоокерлеринин канаттан, мүйүздөн жасалган баш кийимдери жаралган. Бакшылар арасында жаныбарлардын сүрөттөрү түшүрүлгөн топулар, шляпалар жана аллигатор кабырчыгынан жасалган диадемалар болон. Ушундай эле, манис кабырчыгынан турган баш кийимдер малайлыктарда, жаныбарлардын кулактары бар маскалар түштүк америкалык индейлерде бар эле.

Түштүк Африкада зебралардын башынын терисинен жана жапайы мышыктардын терисинен жасалган баш кийимдер, египет фараондорунун таажылары, фаэтон канаттуусунун канаттарынан жасалган Полинезиялык баш кийимдер, лавр жана эмен дарактарынын жалбырактарынан түрмөктөр, кечилдердин, падышалардын жана баатыр жоокерлердин баш кийиминдеги тигил же бул жаныбарлардын сүрөттөрү — мунун баары баш кийимге болгон культтун ири таасиринин жетишээрлик мисалдары.

Баш кийимдин диний мааниси менен кошо аңчылыктагы олжосу менен адам өзүн көркөмдөөгө байланыштуу да болгон. Ал гана эмес, жоокерлердин курман болгон душманын чачтары менен өздөрүн көркөмдөп, аскердик париктер да жаралган. Мындан тышкары, анчылыктагы олжонун мүйүздөрү, тиштери менен да көркөмдөшкөн.

Баш кийимдин кийинки өнүгүүсү

Аскердик жана диний тармактардан укмуштуудай баш кийимдер жөнөкөй жашоого өтүп, акырындык менен өзүнүн мурдагы маанисин жогото баштап, жөн гана кооздук үчүн көркөмдүк предметине айланган.

Андан кийинки баш кийимдердин өнүгүүсү товар алмашуулардын таасири алдында жүргөн, мында адамдарда алып жүрүүчү баалуу буюмдар пайда болуп, алар жөн гана буюм болбостон илип алуучу аксессуарларга айланган. Ошентип, баш кийим көркөмдүк буюму болуп калган.

Ошондой эле, баш кийим анын ээсинин абалын да чагылдырган: мисалы, таажылар, тиарлар, алкактар бийликтин символу болгон (азыр дагы болуп келет). Бай көркөмдөлгөн баш кийимдер алыстан эле ээсинин социалдык абалы жөнүндө көп нерсени билдирген, анткени, мурдагы заманда калктык кедей катмары жөнөкөй, жупуну буюмдарды пайдаланышкан. Албетте, кийинчерээк баш кийим искусствонун да өзгөчө предмети болуп, ыксыз көркөмдөлгөн көрүнүшкө ээ болгон учурлары сейрек эмес.

Түрдүү мамлекеттердеги жана ишенимдердеги баш кийимдер

Алгачкы адамдарга эле бир катар баш кийимдердин түрлөрү белгилүү болгон — жүндүү же тери топулар жана чүмкөмөлөр, диадемалар, чеке оромдору ж. б.

Арабдарда

Арадарда жоолук же кичине жоолукчадан турган жабуулар (жаш кыздар үчүн — кызыл, турмушка чыккан келиндерде — кара) көркөмдүк үчүн эмес, күндөн коргоочу катары кызмат кылчу. Алгач аларды шаардык аялдар жүзүнүн актыгын сактоо максатында кийишчү. Исламды кабыл алгандан кийин жабууларды (хиджаб) кийип жүрүү бардык мусулман аялдарга милдет катары болуп калган.

Жабууну кийүү манерасы жана фасону исламды карманган ар бир элде жергиликтүү салттарга байланыштуу өзүнө гана таандык эрежеде. Мисалы, Орто Азияда XX кылымдын 20-жылдарына чейин башты жана жүздү толук жабуучу паранжаны кийип жүрүү тартип эле. Бирок, көчмөндөрдүн аялдары азыр негизинен жүзүн жабышпайт.

Ассириялыктарда

Ассириялыктар көбүнчө айры көзөнөктөр же конустук тиара (падышаларында) менен көркөмдөлгөн диадемалары менен айырмаланат. Кудайларын дагы ушундай баш кийим менен сүрөттөшүп, бирок, ага кошумча уйдун төрт же алты мүйүзү менен болгон. Эркин бирок турмушка чыккан аялдар көчөгө чыкканда башына жабуу жаап алып чыгууга милдеттүү болчу. Жана тескерисинче кул аялдарга мындай жабууну кийүүгө болбойт эле.

Еврейлерде

Байыркы еврейлерде жөнөкөй адамдар башына жүндөн жасалган жоолуктарды кийишчү (заманбап арабдардыкындай) же чачтарын боо менен байлап алышчу. Ал эми атагы бар эркектер селде же чүмкөмөлөрдү колдонушчу. Жылаң баш жүрүү жоромолдонгон эмес.

Аялдар мүмкүн болгон орогучтарды, селделерди кийишип, чачтарын торчолор менен бекитип, баш кийимин кораллдар, берметтер жана металл илмектер менен көркөмдөшчү. Ошондой эле, Иерусалимдин сүрөтү түшүрүлгөн, алтындан жасалган алкактарды кийишчү, жана бул алкактар «алтын шаар» деп аталчу.

Турмушка чыккан аялдар сөзсүз түрдө чачтарын атайын жабуу астында жашыруу керек эле. Кийинки мезгилдерде турмушка чыккан аялдар арасында кепчач кийүү салтка аяланган, ал эми айрым жамааттарда мындай аялдар чачтарын такыр кестирип салышат.

Гректерде

Грек эркектери тарабынан колдонулуучу баш кийимдер кийизден, териден же самандан жасалган шапкелер жана талаасы жазы шляпалар болгон.

Шапкелер конус (беотандарда) же деңизчилерде жарым овал формасында жасалчу. Көбүнчө фессалиялык кийиздүү жумшак жана тегерек шапке (petasos) мүнөздүү, мунун бир чети жазы, кыймылдуу жана кол чатыр сыяктуу ылдый түшүрмө болгон. Аңчылар, саякатчылар жана жоокерлер тарабынан колдонулчу. Каалаган баш кийим бир гана эркин адамдын буюму эле.

Аялдар чачты жана башты курчоочу торчо-чепчиктерди, капчаларды кийишчү. Мындай баш кийимди желке жагынан байлап коюшчу. Ошондой эле, учу учтуу шапкелер да көп кийилчү. Чачты иретте кармоо үчүн тасмалар жана диадемалар пайдаланылчу. Диадемалардын эң атактуусу стефана болгон.

Байыркы римде

Римдик аялдар болсо байыркы заманда чачтарын желке жагына байлап, эки түрдүү шиштерди пайдаланган. Биринчиси (discriminales) чачты жазуу үчүн, жана башкалары (comotoriae) чачты бекитүү үчүн. Булар темирден же пилдин сөөгүнөн болуп, көбүнчө Венеранын сүрөтүнө ээ эле.

Жөнөкөй баш жабуу катары талаалары жазы жумшак шляпа пайдаланылчу, жана булар оюндар мезгилинде жана күндөн коргонууда кийилчү. Август дагы мындай шляпаны коомдук майрамдарда кийчү. Деңизчилер, балыкчылар саман, тери же кийиз шапкелерди кийип жүрүшчү.

Галлдар жана германдыктар

Галлдар жана германдыктар Людовик такыбанын жана Карл сарынын мезгилинде кулак жактагы чыкый чачтарын жана желкесин такыр алып, түктүү шапкелерди кийе баштаган. XII кылымдын башынан тарта негизги баш кийим катары шапкечелер кызмат кылган, баркыттуулар дворяндыктар үчүн, сукнолуулар жарандан үчүн, жаан-чачындуу аба ырайында булардын үстүнөн чүмкөмөлөрдү кийишчү. Жаштар металлдан жасалган алкактарды кийип, алар кымбат баалуу таштар менен кооздолчу.

Ошондой эле, учу учтуу шляпалар же тоостун канаттары менен кооздолгон англиялык катуу шляпалар да пайдаланылчу.

Индиялыктар

Индиялыктардын баш кийими персиялык митра сыятуу кийим болгон.

Кыргыздарда

Кыргыз эли көчмөн калк болгондуктан көбүнчө табиятка, жашоо-турмушка жараша баш кийим кийишкен. Мындай баш кийимдер көбүнчө сууктан, ысыктан коргогон. Салттык мааниде келинде турмушка чыкканда жүзүн жаап туруучу шөкүлөнү кийишчү.

Кыргыздар кийүүчү баш кийимдер кийинкилер:

  • Калпак
  • Тебетей
  • Топу
  • Шөкүлө
  • Элечек
  • Жоолуктар (аялдарга, жоокер эркектер арасында дагы)

Мындан тышкары Кыргызстанда калпак баш кийимине арналган жыл сайын 5-мартта белгиленүүчү атайын Ак калпак күнү дагы бар.

Бөлүшүп койгула WhatsApp Facebook OK.ru VK X (Twitter) LinkedIn Telegram
Талкулоо Оңдоо / Тууралоо