Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Балдарга кандай кыздар жагат?

Баш барак | Пайдалуу кенештер | Балдарга кандай кыздар жагат?

Салам курбулар, балдарга кандай кыздар жагат келгиле билип алалы. Балким кээ бир биз билбеген нерселер бардыр. Албетте, бирөөгө жагам деп жатып катуу кетмей жок, балдардын маймылдык жагы бар экенин да унутпайлы.

Балдарга кандай кыздар жагат

Макалада көп кездешүүчү сапаттарды санап өтөбүз, балким кээ бирлери адамдын мүнөзүнө жараша туура келбеши мүмкүн. Кээ бир сапаттар маданиятка же тарбияга туура келбеши ыктымал. Ушул себептен өзүңүзгө пайдалуусун гана тандап алсаңыз болот. Сөзсүз ушундай болуш керек деген шарт жок. Анын үстүнө убакыттын өтүшүнө жараша артыкчылыктар өзгөрүп турат эмеспи.

Сиз дагы бул макала өз сунушуңузду кошсоңуз болот, ал үчүн жөн гана пикир калтырып коюңуз, же түздөн-түз макаланы оңдоңуз.

  1. Чыдамкай кыздар. Жигиттер үчүн кыздардын керектүү учурда унчукпоосу маанилүү. Мисалга, кээде үн катпоо мамилени сактап калууда зор ролго ээ.
  2. Аты көркөм, кооз, башкача же адаттан тыш кыздар. Мындай кыздар жигиттерди өзүнө тартат. Бул нерседен кыздардын кабары жок. Эрежеге ылайык өз атына татыктуу болууга аракеттенишет.
  3. Эр жүрөк кыздар. Бул кыздар экстремал-жигиттердин табылгасы десек болот. Анткени жигиттерди мисалга; кыз-жигиттин маегинде кызына парашюттан секирүү же тюбинг жөнүндө айтып берсе ырахаттануу менен угуунун ордуна сулуулардын көңүл кошболуусу тажатат.
  4. Жылмаюуу. Жылмаюу кыздарды гана эмес бардык адамдарга көрк берет. Кыздар себепсиз же туура эмес убакта күлүп алуудан карманышат жана бул нерседен уялышат. Баса, уялчаактык! Бул нерсе эч кандай көрк бербейт,тескерисинче көп убакта тоскоолдук жаратат.
  5. Өзүнөн башкаларды да ойлогон. (Өзүмчүл эмес кыздар). Кыздардын, жигитинин кандай жүргөнүн,иштери жакшыбы, маанайы кандай экенин сурап,ал жөнүндө кам көрүшү жигиттерге майдай жагат жана бул сапатты баалашат. Андыктан кыздардын өзүм гана дебестен башкаларга да көңүл бурушу жигиттер үчүн маанилүү.
  6. Тыкан кыздар. Бул жерде жүдөө менен саркечти алмаштырбаңыздар. Кийими толугу менен жөнөкөй болушу мүмкүн. Анын сырткы көрүнүшү жана тазалыгы жигиттер үчүн маанилүү.
  7. Тил табыша билген (мамилечил). Мындай кыздар менен мамиле куруу женилирээк да, бир жагынан бул кыздар зериктирбейт. Азыркы интернет заманында түнт кыздар көп. Андай кыздар менен бирге болууну жигиттер каалашпайт.
  8. Дене мүчөсү орточо өлчөмдөгү кыздар. Анча арык дагы эмес толук да эмес. Бардык балдарга дене мүчөсү келишкен кыздар жагаары белгилүү.
  9. Ачык-айрым кыздар. Түнт мүнөз кыздар үчүн жакшы эмес б.а. туюк мейкиндик десек болот. Кай тарабынан карабайлы бул мүнөз жигиттерге негативдүү түрдө таасир этет.
  10. Кабыл ала билген. Дароо белектер жөнүндө ойлодуңуздарбы? Жок, бул сапат. Кандай болсо, ошол абалда кабыл алып, сүйө алган кыздарды жигиттер жакшы көрүшөт.
  11. Бираз алсыз. Ар бир жигит кызынан күчтүү болуп аны коргоону каалайт. Эгер кыз-бала өзүнүн күчтүүлүгүн жана өз алдынчалыгын көрсөтсө бул мындай алганда жакшы көрүнүш болсо дагы жигиттерге жага бербейт. Жигит өзүн алсыз сезет.
  12. Ишенимдүү. Жигиттер дайым кыздардын ишенимдүүлүгүнө,кандай шартта болсо дагы аны алмаштырбай тургандыгына өзгөчө маани берет. Ишенимдүү кыздар үчүн алар жашоосун да берүүгө даяр.
  13. Табигый сулуулукка ээ кыздар.Табияттан берилген чачтын түсү,боенбогон дегендей. Мырзаларга албетте боенгон кыздар жагат бирок табигый сулуулукка ээ кыздар андан да бир канча эсе көбүрөөк жагат. Чындыгында бул нерсени көп кыздар биле беришпейт.
  14. Жыпар жыттуу кыздар. Бир дагы кыз, бир дагы аялзаты дүкөндөрдө жыпар жыттуу атырлар толуп турганда жагымсыз жыттанууга акысы жок :-)
  15. Денесин жана басышын жеңил алып жүргөн кыздар. Басыгыңызга көңүл буруңуз жана белиңизди түз кармаңыз. Сулуу айым экениңизди көз ирмемге да эстен чыгарбаңыз. Жеңил, көзгө көрктүү басыңыз. “Басканың сонун маралдай...” – деген ыр эсиңиздеби?
  16. Эрксиз кыздар. Жигиттер кыздардын артынан чуркаганга көнгөн. Өзүн мырзалардын алдында төмөн түшүрүп жана аны менен бирге болууну каалаган кыздарды жактыра беришпейт. Кыз тараптан бирге болуу сунушу жат көрүнүш деп билишет.
  17. Позитивдүү –жайдары кыздар. Мындай кыздар ар дайым керек, дайым алардын жүзүнөн жылмаюуну көрүүгөболот. Мындай айымдар мырзаларды дайыма өзүнө тартып турат.

Дагы кандайлар жагат?

  1. Спортко кайдыгер карабаган. Башкаларга жагыш үчүн эле эмес, өзү үчүн спорт менен машыккан. Эрежеге ылайык тандалып алынган спорттун түрү – теннис, жеңил атлетика, хоккей,футбол.
  2. Жан-дүйнөсү сулуу жана бай кыздар. Ооо, мындай кыздар сейрек кездешүүчү асыл таштай, сырт келбеттин сулуулугун, ички дүйнөңүздүкүменен кошумчалап турса. Жигиттердин баарсы Сиздики )
  3. Жигиттерди басынтпаган,шылдыңдабаган, адилет кыздарды жакшы көрүшөт. Мырзалардын дарегине каршы жыныстан айтылган түрдүү сын пикирлер жагымсыз.
  4. Даамдуу тамактарды жасай алган. Эгер мырзалар тамак жасаганды өздөрү жакшы көрүшсө дагы, алар үчүн айымдардын тамак даярдоосу жагымдуу.
  5. Жашоосуна нааразы болбогон, наалыбаган. Жигиттерге эле эмес бардык адамдарга жакшы сезимдер гана керек. Жашоонун башка оорчулуктарын,турмуш ансыз да көрсөтөт.
  6. Максаттарга жете билген. Куру кыялданбай, аны ишке ашыра билген сулуулар. Мындай кыздар, мырзалардын сыйына татыйт жана бул жерде жактыруу жаралат.
  7. Тез жазылган, кечире билген кыздар. Адамдар такыр жаңылыштык кетирбей турган робот эместигин эске алган айымдар.
  8. Сезимдерин жашыра билген. Дал ушул сапат ыкка көнүүгө , конфликттен качууга жардам берет.
  9. Өзүнө жөнөкөй жана жарашыктуу жакшынакай кийим тандай билген. Булар бренд кийимдерди да тандай алышат.
  10. Зер буюмдарды жана ар кандай жасалгаларды жарашыктуу тага билүү. Жигиттер бул нерселерди майрамдарда же жөн гана айымынын маанайын көтөрүш үчүн же сезимдерин билдириш үчүн белекке бергенди жакшы көрүшөт.
  11. Тырмактарын, чач жасалгасын унутта калтырбай кам көргөн. Аял дайым сулуу болуп жүрүүсү абзел.
  12. Өз күнөөсүн сезип, кечирим сурай билгендер. Бул нерсени бардык адамдар эле жасай албайт.
  13. Ден-соолугуна кам көргөндөр. Тамеки тарткан кыздарды жигиттер жакшы көрөт деген кеп чындыкка коошпосо керек. Мырзаларга дени сак ымыркай тороп бере алган кыздар жагаары бышык.
  14. Өздөрү калем кармап, ыр чыгара салчу кыздар. Чыгармачыл кыздар –жигиттердин жүрөгүндөгү бермет.
  15. Адамдардын кемчиликтерин гана издебестен жакшы тараптарын да көрө билген. Бул да өтө жакшы сапат.
  16. Комплименттерди сүйгөн жана аны туура кабыл ала билген сулуулар. Бул жерде бир жаңылык киргизели. Алар өзүлөрүнүн тарабына айтылган жакшы сын-пикирлерди укканда уялгандай түр көрсөтүшөт.Жок тескерисинче ыраазычылык билдирип аны менен кошо макул болуш керек. Жооп кылып комплимент айтып коюу да ашыкча болбойт.
  17. Жардамга муктаж болуп жаткандарга чын-жүрөгүнөн жардамын бергендер. Эгоист кыздарга караганда альтруист кыздарга жигиттердин көңүлү көп түшөт. Абайлаңыз, бирөөгө жагам деп самапал жардам берүү “Made in China” болуп калат.
  18. Тамашалуу окуяларды , анекдотторду көп билген,азилге жакын кыздар. Күлкү өмүрдүн мүлкү эмеспи. Убакытты көңүлдүү өткөрүү бул жакшы нерсе.
  19. Сөз байлыгы көп, жана аны туура убакта колдоно билген кыздар. Мырзалар деле эки сөздүн башын кошуп сүйлөй албаган кыздар менен сүйлөшкүсү келбесе керек.
  20. Кандай шартта болбосун чындыкты гана сүйлөгөн кыздар. Мырзалар деле жалгандан тажашса керек. Аларга дагы чындык жетишпегендей. Мына ушул үчүн алар чынчыл кыздарды издешет.

Дагы караңыз

Жайгаштыруу: 2019-01-24, Көрүүлөр: 14985, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-02-12
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо