Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кургак бетке маска жасоо

Баш барак | Пайдалуу кенештер | Кургак бетке маска жасоо

Кургак бетке маска жасоо — бул эң эле оңой, териге колдонулуучу маскалардын курамында көп суу болгону жакшы, нымдуулуктун жетишсиздиги кургак териге жакпайт, ал бат карыйт, маскалар болсо бул боштукту толтуруп турушат.

Кургак бетке маска жасоо

Кургак тери жетишээрлик сулуу жана жылмакай болгону менен, суунун жетишсиздиги бырыштардын эрте пайда болуусуна алып келет, ошол себептен кургак тери үчүн маскалардын курамында көп өлчөмдө нымдоочу компоненттер болуусу шарт.

Эгерде сиз бир да жолу үй шартында маска жасабаган болсоңуз, же алардын жыйынтыгы сизди канааттандырбаса, анда сөзсүз түрдө баракчанын төмөн жагындагы маскалар менен таанышып алыңыз. Сиз өзүңүздүн сырткы келбетиңизге ыраазы болууңузду ойлоп, биз беттин кургак терисине арналган маскаларды даярдоону, колдонууну кылдат айтып берүүчү материал жаздык.

Көңүл буруңуз! Бул маскалар бир гана кургак териге жарайт. Маска тандоонун алдында кургак теринин мүнөздөмөлөрү менен таанышып чыгыңыз. Эгерде алар сизде бар болсо, төмөнкүлөрдүн бирин тандаңыз, жок болсо башка курамдарды тандаганыңыз оң. Сиз териңиздин кургактыгынан шек санап жатсаңыз, сапатын так аныктоо максатында теринин түрүн көрсөтүүчү тесттен өтүүнү сунуштайбыз. Кургак теринин белгилери:

Кургак бетке масканы кантип даярдоо керек

Кургак тери өзүнө жакшы мамиле кылууну талап кылат. Мындай теринин бардык ээлерине акыбалынын сапаттуу жакшыртуу үчүн карманып жүрүүгө арналган кээ бир эрежелер:

Үй шартындагы рецепттер

Кургак териге жумуртканын сарысынан жасалган маска Жумуртканын сарысы кургак териге кам көрүүдө сонун каражат болуп эсептелет. Жумуртканын сарысы нукура жумуртканыкы болуусу маанилүү, андыктан базарга барып үй тоогунун жумурткасын сатып келүүдө жалкоолонбоңуз. Мындай азык кургак теринин сырткы келбетинин сулуу болуусуна жардам берүүчү субстанцияны өзүнө камтыйт. Эгерде сиз жөнөкөй масканы кааласаңыз, жумуртканын сарысын бетиңизге 15 мүнөт убакытка сүйкөп, андан соң жууп кетирүү жетиштүү, татаал вариантында витаминдердин, азыктандыруучу заттардын көлөмүн көбөйтүү максатында жумуртканын сарысына 1 чай кашык бал кошулат. Бул масканы катыганча кармоо зарыл, 3 күн сайын кайталаса болот.

Кычышууга, ачышууга дуушар болгон жана өтө кургак териге маска Эгерде сиздин кургак териңиз ачышса, кычышса, кургаган, шамалга кабылган болсо, беттин терисин йогурттан, бадыраңдан жасалган масканын жардамы аркылуу калыбына келтирүүдө эң сонун ыкма бар. Үй шартында абдан жакшы вариант - туурагычтан өткөрүлгөн бадыраңдын жарымы, шекер кошулбаган накта йогурттан бир идишче керектелет. Бардыгын аралаштырып, кургак териге сүйкөгөн соң, 15-20 мүнөт жатуу сунушталат, маска бир калыпта болуп, кыймылдабашы шарт. Айтылган убакыт бүткөндө дененин температурасындагы сууну пайдаланып жууп кетирип, нымдоочу кремди сүйкөөгө уруксат.

Соолуп бара жаткан кургак териге балдан, быштактан жасалган маска Чоң адамдын соолуп бара жаткан кургак терисине элдик тажрыйба өзүнө нымдоочу, азыктандыруучу, тартып туруучу таасирлерди камтыган балдан, быштактан жасалган масканы колдонууну сунуштайт. Сизге накта майлуу быштак (2 бөлүк), бал (1 бөлүк ) керектелет. Компоненттерди кошуп, кылдат аралаштырып, бетиңизге 30 мүнөт убакытка сүртүңүз. Жыйынтыкка тез жетүүнү кааласаңыз, рецептти макалада көрсөтүлгөн башка каалаган рецепт менен кошумчалап, жумасына 2 жолу колдонуңуз.

Кургак терини сүт менен жууса пайдалуу Бетти алдын ала чаңды, кирди кетирүүчү майды, сүттү колдонуп сүртүңүз , андан соң ысык сууга 1:1 катышында аралашкан сүттү көп өлчөмдө сүйкөңүз. Жуунуп бүтүп, бетти кебез тампонун колдонуп кичине кургатып, нымдуу териге азыктандыруучу крем коюуңуз (сиз кургак териге жасалган масканы койбой турган болсоңуз жарайт, эгерде масканы колдонгону жатсаңыз крем маскадан кийин сүйкөлөт).

Алоэ маскасы үй шартында кургак териге жасалган маскаларды колдонгон айымдар тарабынан эң сонун пикирлерге ээ болду Алоэ ширеси бүгүнкү күндө маселе эмес, ал бардык дарыканаларда сатылат. Сизге 1 аш кашык алоэ ширеси, майда туурагычтан өткөн алманын жарымы, жумуртканын сарысы керектелет. Бардыгын кылдат аралаштырып, беттин тазаланган терисине 15-20 мүнөткө сүйкөйсүз. Масканы жумасына 1-2 жолу жасаңыз, процедуралык жалпы курс 8-10ду түзөт.

Кургак териге картофелден жасалган азыктандыруучу маска Үй шартында идеалдуу - калганы болбосо да картошка ар бир үйдө табылат. Рецепти өтө жөнөкөй - картошканы сууга бышырып, эзип, даяр болгондо 2 аш кашык сүт, 1 чай кашык глицерин кошуп, бардыгын аралаштырып, жылуу кезинде бетке сүйкөйсүз. Масканы жылуу сууну пайдаланып жууп кетирип, бетке жылуу чайды сүртүп, 20 мүнөткө азыктандыруучу крем сүйкөңүз.

Жаңы каймактан жасалган маска кургак териге укмуштуудай нымдуулук берет, азыктандырат Албетте, сактоо мөөнөтү өткөн, кайра иштетилген сүттөн эмес, накта сүттөн жасалган каймак болгону жакшы. Кургак териге маска жасоодо сизге 2 аш кашык коюу каймак, 1 аш кашык бал керектелет. Балды каймакка салып эритип, даяр болгон курамды 15 мүнөткө беттин бардык бөлүктөрүнө, ашып калса төшкө чейинки бөлүккө сүйкөңүз. Убактысы бүткөндө бөлмөнүн температурасындагы минералдык сууну колдонуп жуунуп, 3 күн өткөндө кайталаңыз.

Кургак териге витамин маскасы "Кургак бетке маска жасоо" учурунда, витаминдерди дагы унутпайлы. Витаминдер кургак теринин өсүүсүнө, жашаруусуна керек болгон зат. Өзгөчө бул 30 жаштан өткөндөргө тиешелүү. Маска жасоодо 1 аш кашык бал, 1 жумуртканын сарысы, 1 А витаминин ампуласы, 1 аш кашык сүт, кара нандын 1 кесими колдонулат. Нанга ысык сүт куюп, 3-5 мүнөткө коюп коёбуз, балды, жумуртканын сарысын А витамининин май аралашмасын кошуп, кылдат аралаштырып, бетке сүйкөйбүз. 15-20 мүнөт убакыт өткөндө жылуу сууну колдонуп жууп кетиребиз.

Дагы караңыз

Жайгаштыруу: 2019-01-10, Көрүүлөр: 19148, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-02-12
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо