Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Эркеке кантип жагуу керек

Эркек менен аялдын бири-бирисиз жашоосу албетте зээриктирме, кызыгы жок болуп калмак, "эркеке кантип жагуу керек" макалабыздын аты айтып тургандай эле бул макала айымдар үчүн. Эркек менен аял ар башка, ушуга себептүү көп учурда бири-бирин түшүнүү оор болот. Көптөгөн эркектердин социалдык сурамжылоолорун карап отуруп, төмөнкүдөй факторлорду бөлүп алдык. Ушул жөнөкөй эрежелерди билип алсак каалаган эркекке жагуу оорчулук жаратпайт. Албетте, төмөнкүлөрдөн бардык эле эркектердин жини келе бербейт, бирок көп учурда бул дал ушундай. Негизинен бул макала үйлөнгөн жубайлар үчүн, бирок бойдокторго дагы пайдасы бар.

  1. Аял дайыма сүйлөй бергенде;
  2. Аялдар эркектин жеке жашоосуна кийлигише баштаганда;
  3. Кызганганда;
  4. Ыйлай берсе;
  5. Аялдын маанайынын негизсиз өзгөрүп кетүүсү;
  6. Аял дайыма колдоого муктаж болгондо;
  7. Башка аялды сындаганда;
  8. Аял өзүн аккуу сезгенде;
  9. Базарда же дүкөндө кечке жүргөндө;
  10. Табышмактуу сүйлөгөндө;
  11. Сенин тууганың, менин тууганым;
  12. Сенин энең, менин энем;
  13. Тигил мындай иш кылып жатыптыр сен дагы ошондой кыл;
  14. Төшөк кумарын курал катары колдоно баштаганда;
  15. Аял өзүн карабай калганда;
  16. Аялдын комплекстери болсо;
  17. Бул сөздөрдү айтканда;
  18. Психилогиялык ыкмалар.

Аял дайыма сүйлөй бергенде. Көптөгөн эркектер - Кандайсың? деп аялдан сурап койгондо аялдар бардыгын айта башташат, мындай учурда айтып жаткандын бардыгы эркекке баарыбир болуп, уккусу келбей калат. Кыскача фактылар менен жооп берүү жетиштүү.

Аялдар эркектин жеке жашоосуна кийлигише баштаганда. Ай бул костюмду эле кийип алчы, тигининдин кебетеси келишип калыптыр, же болбосо желмогуздай болбой тиги шымынды эле кийип албайсыңбы? Аякка эмне бардын? Эмнеге андай кылдың? Сенин мээң иштейби? деген суроолор көп кезиктиребиз. Бир нерсе жакпай калса шкафты казып, оодарып мына момуну кийгинин! Ушундай нерселерден эркектин кыжыры кайнайт, эркек киши сатып алган буюм эмес да, каалагандай башкарып турчу.

Качан аял кызганганда. Көп учурда кайсы бир айымдын атын айтып койгондо шумдуктуудай натыйжаларга алып келиши мүмкүн. Муну каалагандай атаса болот, бирок биз аялдар бардыгына шектенип, күмөн болуп жүрөбүз, өзгөчө эркектин чынчылдыгында. Мына ушундан улам эркектин жанынан сулуу аял өтүп баратканда жанындагы аял дайыма бир кызыктай абалда болот. Мындай паранойя толук чындык болушу мүмкүн, бирок эгер буга эркек өзү орусча айтканда повод берсе гана. Андай болбосо, жөн эле кызгана берсеңиз "эркеке кантип жагуу керек" деп ойлонбой эле койгула, анткени жөн эле кызгануу кыжырду келтирет.

Качан аял ыйлай берсе. Бул эркектин эмне кылаарын билбеген дагы бир учуру. Эгер ыйлап жаткан аял эч нерсени түшүнбөсө, эч нерсени укпаса эмне деп сөз сүйлөш керек? Албетте, мындай учурда эркектин жини келе баштайт, -эшегинди урайын, ушунун азабы өттү деп.

Качан аялдын маанайынын негизсиз өзгөрүп кетүүсү. Туулган күнгө же шеринеге камданып жатып, ий ал жакка тиги барат экен, ий менин көйнөгүм минтип калыптыр деп уруш чыгарып, кыйкырып, ыйлап, анан эч жакка барбай калуу. Мындайды эркектер эч качан түшүнбөйт.

Качан аял дайыма колдоого муктаж болгондо. Кээ бир айымдар бекемдикти, коргогондукту сезүү жетишпегендиктен олуттуу оорчулуктарды сезет. Алар мүнөт сайын күйөөсү же жигити колдоп туруусун, кучактап туруусун, өзгөчөмсүң деп айтып туруусун каалайт. Мындай аялдар эркектерди эмоционалдык балдак же таяныч катары көрүшүп, моралдык, психологиялык жана эмоционалдык колдоосун күтөт. Анан эмне болот эле? Эркектин баягыле жини келип, бышылдап-күшүлдөп, оозу-мурдунан буу чыга баштайт.

Качан аял башка аялды сындаганда. Эркектер эркектерге комплиментти же мактоону оңой эле айта алышат, ал жигит азамат, кыйын бала ал деп, жана аялдар ушундай мактоону эмне үчүн башка аялга айта албайт деп таптакыр түшүнбөйт жана аял киши башка аялдын сөөгүнө жеткире ушактаганда, башынан бутуна чейин сындаганда муну жакшы көрбөйт.

Качан аял өзүн аккуу сезгенде. Бул тема аялдар үчүн чексиз тема десек болот. Бардыгыбыз өзүбүздү мыкты жагыбыздан көрсөткүбүз келет, мурдагы алкаш же кылмышкер жигиттерибизди эске албай. Ооба мындай нерсе дагы статистика боюнча эркеке жакпайт экен. "эркеке кантип жагуу керек" жөнүндө кызыктуу фактыларды билгиңиз келсе ылдый карай окуй бергиле.

Аял базарда же дүкөндө кечке жүргөндө. Эркектердин ою боюнча качан базарга барабыз дегенде, аялдарга соода кылууга 24 саат жетишсиздей сезилет, биз баарын карап, кийип, арзанын издеп көрүшүбүз керек. Анын үстүнө аялдар өзүнө бирдеме алабыз дегенде акчаны шумдук коротот, ал эми эркекке бир нерсе сатып берип жатканда -ай болот мобул, мобуну эле ал, тиги жарашпайт экен, шумшумтой болуп калат экенсиң деген сыяктуу сөздөр менен 10сомдук буюм сатып берип коёбуз. Эң жаманы, биз аялдар эркекти базарга чогу алып алат экенбиз, анан ал байкуштар максатсыз сүйрөлүп базарды кыдырып, аял ар бир кофточканы карап, байпактарды кармалап, турсийлерди чойгулап, чак болобу? -мобул кандай экен? -мобуну алсак жакшы болобу? -а тигилер муну алыптыр биз деле ушуну албайлыбы? деген суроолорго жооп берүүдөн ушунча тажайт экен.

Качан аял табышмактуу сүйлөгөндө Дүйнө жүзүндөй байыркы болгон суроо, -сен эмнени ойлоп жатасың? Аялдар күйөөлөрүн же жигиттерин чыныгы сезимдери жана ойлорун билүүнү каалап текшергенди жакшы көрөбүз. Кызыктай, абстрактуу суроолорду берип эркектердин түшүнбөстүгүн жана кыжырлануусун алабыз.

Сенин тууганын, менин тууганым Аялдар биртууган же кайын маселесине келгенде эсептешкенди жакшы көрүшөт, сенин туугандарын мындай деди, сенин туугандарын мынча сом эле берди, же туугандарын мынтип койду, тигинтип койду дегендей. Албетте, бул эң жаман нерсе, ажырашууга алып келет. Ошондуктан мындай маселеде абдан ойлонуштуруп сүйлөө зарыл.

Сенин энен, менин энем Кээ бир айымдар өзүнүн гана ата-энесин сыйлап туруусун каалайт, жөн эле каалабастан аны адамдардан, айрыкча күйөөсүнөн же жигитинен талап кылат, ал эми күйөөсүнүн же жигитинин ата-энеси экинчи сорттогу ата-энеби? Эсиңерде болсун! Өзгөчө гороскоп боюнча бийкеч айымдардын кулагына алтын сырга - ар бир адамдын ата-энеси өзүнө алтын сезилет. Кайын-ата, кайын энени бирдей сыйлай билели. Же бул маселеге келгенде жети жолу өлчөбөй, жетимиш жолу өлчөп анан кесүү абзел.

Тигил мындай иш кылып жатыптыр сен дагы ошондой кыл Бирөөнүн жакшы оокат кылып, жакшы үй салса, же кандайдыр бир жакшы жумуш жасап көп акча таба баштаса, же болбосо жаңы машина сатып алса, аялдар көбүнчө андай адамды туураганды, атаандашканды жакшы көрөт. Анан кара жумушту ким жасаш керек? Албетте, эркек жасаш керек, -ай Үсөн тигилер үйүн эки кабат кылып жатыптыр, биз дагы ошондой кылалы, тигил мындай иш кылып көп акча таап жатыптыр, сен дагы ошонтип иштебейсинби эркек болсоң деп айткандан уялбайбыз. Эркек өзүнүн жакшы жасаган ишин жасаганы жакшы, ошондо үй-бүлө көп нерсеге жетет, андай болбосо, эркек жини келип үйдөн уруш чыгат, же эркек киши оорукчан, ал гана эмес майып болуп калышы мүмкүн. Башкалардын мүлкүнө же жетишкендиктерине көз артпоо үчүн ар бир адам, аял болобу, же эркек болобу өзүнүн жакшы көргөн ишин табуусу зарыл, бул - кийин карылык келгенде да, өзгөчө бизди, аялдарды жалгыздыктан сактай турган жападан жалгыз нерсе.

Качан аял төшөк кумарын таасир куралы катары колдоно баштаганда. Көп учуржа аялдар өзүнүн үй-бүлөөдөгү үстөмдүгүн көрсөткүсү келип, эркекти төшөк кумарынан ажыратып коёт. Жыныстар согушунда бул эң күчтүү курал. Мунун жардамы менен көп нерсеге жетсе болот, бирок андан дагы көп нерседен ажырап калуу 100% мүмкүн. Мындай аялдарды эркектер таптакыр сыйлабай калат. Ооба, бул эң акыркы жана эң төмөнкү түшүнүктөгү аял куралы, анткени аялдар көбүнчө мындай ыкмага жөнөкөй аял алсыздыгынан барышат.

Качан аял өзүн карабай калганда. Качан аял семирип кетсе, өзгөчө төрөттөн кийин, өзүн таштап салса, ушундай болот деп. Балчаңдап тамакты көп жей баштаса, жашоодогу максаты жок аялдардай мылжыйып, кабак-башты бүркөп, кыйын сынып жүрө баштаса. Кийингенде ар кандай көлөч, шлёпкаларды, шалбыраган кийимдерди кийип той-топонго барса, курсак чендейип кетсе, тональныйды 10км кылып шыбаса, чачыбыз саксайып турса, мындай учурда аялга болгон эркектин кызыгы тарай баштайт.

Аялдын комплекстери болсо. Мен өтө толукмун, же мен өтө арыкмын, өтө эле капкарамын деген сыяктуу комплектери болсо, эркектерге мындай аял жага бербейт.

Бул сөздөрдү айтканда. Психологдор айымдарга бул фразаларды азыраак колдонууну сунушташат:

Анан эмне таптакыр дудук болобузбу деп турсанар керек, албетте дудук болуунун кереги жок, болгону бул фразалардын синоними менен айтуу керек, же жумшагыраак, акылдуураак мааниси менен айтуу керек.

Психилогиялык ыкмалар - "Эркеке кантип жагуу керек" оңой эле!

Эми айта берсе сөз көп, макалабыз дагы өтө көлөмдүү болуп кетти окшойт.

"Эркеке кантип жагуу керек" деген макалада эркекке жаккан нерселерди эмес, көбүнчө эркекке жакпаган нерселердин жазып койдук, пайдалуу маалымат алдыңар деген ойдобуз, эркектерге эмне жакпаганын билсениз кошумча кылып пикир жазыңыз.

Жайгаштыруу: 2017-09-13, Көрүүлөр: 63854, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2020-07-23
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо