Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Майлуу бетке маска. 20 рецепт

Баш барак | Пайдалуу кенештер | Майлуу бетке маска. 20 рецепт

Майлуу бетке маска кантип жасоо керек? кайсы ингридиенттер жакшы натыйжа берет? 20 рецепт Сиздер үчүн!

Майлуу бетке мөмө жемиш, жашылчалардын курамындагы кычкылдар пайдалуу. Бул жаатта ромашка, жалбыз, шалфей, роза, липа гүлү, пион, петрушка кеңири колдонулат. Мындай өсүмдүктөрдөн жасалган маскалар витаминдерге, глюкозага бай келип, теридеги сууну сактоого көмөкчү болушат.

Майлуу бетке маска

Кантип колдонуу керек?

Албетте, масканы күзгүнүн алдында сыйпоо керек, муну айтпаса деле баарыбыз билебиз. Баарын алдын ала даярдап алалы: крем, жалпак кисточка же кебездин үзүмү, косынка (чачты кармоочу жоолук), кийимди жабууга сүлгү. Масканы дайыма сыйпоонун алдында даярдоо керек. Туруп калган маскалар жакшы натыйжа бербейт. Масканы сыйпап жатканда беттин териси кыймылсыз абалда болуусу абзель. Телефон менен сүйлөшпөй, сагыз чайнабай, кабак-башты бүркөбөй. Маска бетке жабылган соң, эс алыңыз, масканы 20 мүнөттөй кармайбыз. Муздак суу менен жууйбуз.

Эгер бетте көрүнүп турган кан-тамырлар сеткасы болбосо, масканын алдында пар ваннасын алса болот, алдын ала сууга ромашканын, липанын, шалфейдин гүлдөрүн кошуп. Майлуу бет учун 1 айда 2 жолу 15 мүнөттөн. Же пар ваннасын жылуу компресс менен алмаштырса болот. Жумшак сүлгү чөптөндүн жана гүлдөрдүн жылуу тундурмасына нымдалып, бетке жана моюнга жабылат дагы муздаганга чейин кармалат.

Майлуу жана поралуу бетке - чалкан, подорожник, өгөй эне, алоэ, чай чөп (зверобой), эвкалипт, кайың, бүчүрлөрү, тегерек баш чөп (тысячелистник). Тундурманын дайындалышы: 1 аш кашык чөптү 1 стакан сууга кайнатып, муздатып. Беттин жана моюндун бардык аймактарына сүйкөйбүз, ылдыйдан өйдө карай, тери сызыктары менен, бир гана көздүн айланасын калтырабыз. Жапыз жаздыкты 15-20 мүнөт эс алабыз.

Майлуу бетке маска жасоодо, мөмө жемиш йогурттары дагы пайдалуу. Коюуу йогуртту алабыз, жарым кашык сүт, крахмал кошуп, аралаштырабыз. Бетке, моюнга сүйкөп 20 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жууп коебуз. Ушундай эле масканы эч нерсе кошпой колдонсо болот, көбүн эсе бул одуракай майлуу беттерге жакшы.

Маскаларды жумасына 3 жолу, эгер убакыт жетпесе 1 жолу жасаса болот.

Көптөгөн айымдар ойлошот, эгер беттин териси майлуу болсо, аны жууп салуунун кереги жок - деп. Бул жаңылыштык. Каалаган беттин териси сыяктуу эле, майлуу тери дагы витаминдерге, минералдык заттарга муктаж. Ошондуктан жакшы витаминдүү, сиңимдүү крем беттин териси үчүн зарыл нерсе.

Маска жаап, жууп салгандан кийин, бетти кырк муун же шалфей чөптөрүнүн тундурмасы менен сүртүү пайдалуу. Андан кийин крем сүйкөп, 20-25 мүнөттөн кийин тундурмага малынган кебез тампон менен калдыктарын алып салса болот, тундурма болбосо, кайнатылган суу.

Кремдерди сөзсүз 1,5 айдан кийин алмаштыруу керек, тери ашказан сыяктуу эле түрдүүлүктү жактырат. Дагы бир нерсе, кремди жатаардын алдында сүйкөбөгүлө. Тери дем алып турушу керек. Күндүз сыйпалган кремдер ансыз деле жетиштүү.

20 рецепт

Сулу акшак маскасы (овсянка)
Чөйчөк же чынынын жарымына овсянка унун салып, 2 аш каш. йогурт кошом. Аралаштырып бетке сүйкөйм. 20мүн кармайм.

Картофелден
Картофель пюресин даярдап, жылуу кезинде бетке жабам. 20 мүнөттөн кийин жууп салам.

Быштактан
2 аш кашык майы жок же аз быштак алып, 1 чай кашык сүт кошом. Аралаштырып бетке сүйкөйм. 15 мүн жууп салам.

Белоктуу
1 жумуртканын агын алам дагы, 1 чай каш. бал же болбосо каймак кошом. Муну алдын ала крем сүйкөлгөн бетке жабам, натыйжасы жакшыраак экен. 15-20 кармайм дагы, муздак сууга жууймун. Теринин поралары кең болсо 1 ч. каш. лимон ширесин кошом.

Белок, бал жана овсянкалуу
Бул маска беттин терисине сергитүүчү эффект берет, мага абдан жагат. 2 жумутканын агы, 30грам бал, жарым чай кашык олив (зайтун) майын кошом, аралаштырып, 2 аш кашык овсянка унун кошом. Дагы деле аралаштырам да, бетке жабам, моюнга жабам. 20 мүнөт өткөндо жылуу сууга жууйм салам.

Йогурт
Йогуртка коюуу масса пайда болгончо крахмал кошом. Жакшылап аралаштырып, бетке, моюнга жабам, Адаттагыдай эле 20 мүнөттөн кийин ысык эмес суу менен жууйм.

Жумуртканын сарысы, лимон, сергитүүчү
2 ч. каш. жумуртканын сарысын 1 чай каш. лимон ширесин 1-2 чай кашык каймак менен аралаштырып, бетке жабам 15-20 м. жылуу чай кайнатмасы менен алам, андан соң чай кайнатмасынан 5-6 мүнөт муздак компресс жасап, сүлгү же марли менен сүртүп коем.

Дрож маскасы
10г дрождорду ботко абалына келгиче 3 пайыздуу суутек кычкылын (перекис водорода) кошуп аралаштырам. Бул масканы бетке бирдей катмарда жабуу керек. 20 мүнөт кармайм, анан жууйм.

Лимон-каймактуу
1 ч. каш. каймак жана 1 ч. к. лимон ширесин аралаштырабыз дагы, кебез менен бетке сүйкөйбүз. 20мүнөт, бүттү, жууйбуз. Айтмакчы, маска беттин терисин агартып жана жашартуучу да касиетке ээ.

Ак топурак жана сүт
Ак топуракты сүт менен аралаштырып, каймак сыяктуу болгондо бетке сүйкөйбүз. Мунунсунда 10 мүнөт эле кармайбыз. Беттин терисин кургатат жана тазалайт.

Ак топурак жана бал
1 аш кашык ак топурак, 1чай каш. бал, 1чай каш. лимон ширесин сыгып. Баарын ара лаштырып. 20 м кармап жууп салабыз. Лимондун кесиндиси менен бетти сүртүп, муздак суу менен нымдалган сүлгү менен бетти нымдап коебуз. Пораларды кичирейтет, тери жылмакай болуп, тартылат.

Белок, бал жана овсянка
1 жумуртканын агы, 1 чай к. бал, жарым чай каш. зайтун майы. Аралаштырып, овсянка унун кошом. Бул боткону суу ваннасында жылытып алса жакшы. Териге сүйкөп 20м. кармайм, ысык эмес сууга жууп салам. Маска терини жаңыртып, сергитет, пораларды кичирейтет, кара чекиттерди азайтат. Нормалдуу териге деле болот.

Даары чөптөрдөн
Тең өлчөмдө ромашка, липа гүлү жана бузина гүлдөрүн кошом, алынган аралашманын 1аш кашыгына 1стакан кайнак суу кошуп 10 мин. жай кайнатам. Кичине муздатып, чыпкалайбыз. Жылуу тундурмага чай к. бал, овсянка унун ботко болгуча кошом. Бетке сүйкөйм да 20-25 мүнөт кармайм. Жылуу сууга жууп коем.

Ромашка
Ромашка гүлдөрүнүн 1 аш кашык кайнатмасына ботко пайда болгуча овсянка унун кошуп, аны бетке сүйкөйбүз. 20 мин жетиштүү, жылуу суу менен жууйбуз. Теринин сезгенүүсүн кетирип, сергитет.

Чөп тундурмаларынан ысык компресс
Кырк муун, липа гүлү, тегерек баш чөп (тысячелистник) тең өлчөмдө алып, ысык суу кошуп, 10 м коюп коебуз. Сүлгүнү тундурмага нымдап, анча-мынча сыгып, бетке муздагыча жабабыз. Бир нече жолу кайталайбыз. Бетти тазалап, сергитет.

Айран
Бетти айран менен сүйкөп 15 м кармайбыз. Муздак сууга жууп коебуз. Майлуу беттин териси назик түскө боёло түшөт.

Капуста
Капуста жалбырактарын эт туурагычтан өткөзүп, жумуртканын агы менен аралаштырабыз. Сүйкөйм, 20мин, жууйм. Беттин териси свежий жана жумшак болот.

Алма
Алманы тазалап, кубик кылып туурайбыз, анча көп эмес көлөмдөгү сүткө бышырабыз. Ботко кылып, сүттөгү алманы эзебиз, жылуу болуп калганда бетке сүйкөйбүз. 20м. анан жуубуйз. Маска бетти тонизировать эткени менен мага абдан жагат.

Арбикос же өрүк
2-3 абрикос же өрүктү 1аш к. айранга аралаштырып, териге шыбайбыз. 20мин кармап, жууп салабыз. Терини азыктандырат.

Жашылча
1.Орто көлөмдөгү сабизди теркадан өткөрүп, бетке жабабыз. Бул маска угрилерге, соолуган, кубарган териге жакшы натыйжа берет.
2.Помидордун ичиндеги жумшагын бетке жабам. Топурак өңдүү териге бул маска жакшынакай эффект берет.

Дагы караңыз

Жайгаштыруу: 2018-10-18, Көрүүлөр: 6308, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-02-12, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу