TYUP.NET
✖
☰
Катталуу
Кирүү
Бөлүмдөр
Онлайн функциялар
Макала жайгаштыруу
Жарнама
✖
Бакен Кыдыкеева макаласын оңдоо, толуктоо, тактоо
Бакен Кыдыкеева — кыргыздын XX кылымдагы театр жана кино актрисасы. СССРдин эл артисти (1970). Макала мазмуну Өмүр баяны Үй-бүлөсү Чыгармачылыгы Театралдык ролдору Кыргыз Жаш көрүүчүлөр театры Т. Абдымомунов атындагы кыргыз драма театры Кино тасмалар Жашоосу жана чыгармачылыгы жөнүндө Жашоосунан фактылар Сыйлыктары жана наамдары Түбөлүктөө Айрым ролдорунан кадрлар Бакен Кыдыкеева Төрөлгөн датасы1923-жыл, 20-октябрь Төрөлгөн жериКыргызстан, Чүй облусу, Төкөлдөш айылы Кесибиактриса ТеатрларКыргыз Жаш көрүүчүлөр театры, Кыргыз драма театры ЖарандыкКыргыз ССРи, Кыргызстан Каза болгон датасы1993-жыл, 30 декабрь (70 жаш) АтасыАманбаев Кыдыке Өмүр баяны Оюн-карак, шайыр Бакен Кыдыкеева 1923-жылдын 20-октябрында Чүй облусунун муруңку Ала-Мүдүн районуна караштуу Төкөлдөш айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Айтылуу «Төкөлдөштүн төрт кызы» аттуу фразанын эң кичүүсү Бакен Кыдыкеевага таандык (Биринчиси — Сабира Күмүшалиева, экинчиси — Сайра Кийизбаева, үчүнчүсү — Даркүл Күйүкова). Атасы Кыдыке окуганды билген, сабаттуу, маданияттуу адам болгондуктан, үйүнө Карамолдо Орозов, Калык Акиев, Шаршен, Куйручук, Осмонкул Бөлөбалаевдер келип турушчу делет. Бакен толук эмес орто мектепте 7-класска чейин окуп, 1936-жылы сахна ишмердүүлүгүн Кыргыз жаш көрүүчүлөр театрында (орусча ТЮЗ, учурдагы Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр жана жаштар театры, Бишкек) 13-14 жаш чамасында баштаган. Кийин облустук, республикалык театрларда эмгектенген. Бирок, Бакендин атасы башында кызынын театр жаатындагы кызыгуусуна каршы болот, Бакен сүйүктүү кесибин таштоону чечим кылат. Театрга жумуштан кетүү арызын жазуу үчүн келген күнү, Жаш көрүүчүлөр театрынын режиссеру А. Самарин-Волжский Бакендин жагдай-ахыбалын билбестен, Лопе де Веганын «Койлуу булак» (орусча Овечий источник) спекталиндеги Лауренсиянын башкы ролун берет (алгачкы ролу). Баш тарта албаган Бакендин премьерасынан кийин бүтүн республикага анын аты белгилүү болот. Атасынын каарынан корккон Бакен бир нече күн үйүнө барбай коет. Премьерадан үч күн өткөн соң үйүнө кайтып келген Бакен, босогодо отуруп алып гезит окуп жаткан атасын көрөт. Кызынын жанына келип, атасы Бакенден сурайт: Бул жерде «Овечий источник» спекталинде Бакен Кыдыкеева башкы ролду эң мыкты аткарды деп жазыптыр, ал сенби? деп. Атасынан корккон Бакен араң-араң башын ийкейт. Ошол учурда сөз укпаган кызына жинин чыгаруунун ордуна, атасы кызынын чекесинен өөп. Ошол кезден тартып, кызынын талантынын күйөрманы болуп, ар бир премьера сайын кучак гүл көтөрүп келип турчу. Бакен оң, терс, комедиялык, трагедиялык ролдорду бирдей аткарган чебер артист болгон. Бакен Кыдыкева кыргыз драматургдарынын чыгармалары менен катар эле орус жана дүйнөлүк классиктердин чыгармаларындагы каармандарды да жогорку деңгээлде ойногон. 1941—1944-жылдары — Пржевальск (Ысык-Көл облусу) жана Нарын облустук театрлардын актрисасы, 1944-жылы Кыргыз ССР кеңешинин алдындагы искусство иштери боюнча башкармасы Бакен Кыдыкееваны Фрунзе шаарындагы (азыркы Бишкек) Республикалык Кыргыз академиялык драма театрына которуп ал жакта актриса болот (учурдагы Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театры). Мында ал алгачкылардан болуп К. Жантошевдин «Курманбек» драмасын ойнойт. 1955-жылдан тарта СССРдин ар кайсы киностудияларында киного тартылган. Кыргыз ССРинин кинематографисттер биримдигинин мүчөсү. Ата-Мекендик искусствонун өнүгүүсүнө чоң салым кошуп, өз кезегинде Мираида Далбаева, Таттыбүбү Турсунбаева, Жамал Сейдакматова сыяктуу искусство адамдарына өз тарбиясын берген. 1990-жылдан тарта жана өмүрүнүн акырына чейин кайрадан Жаш көрүүчүлөр театрында ойногон. Официалдуу документтер боюнча 1993-жылдын 30-декабрында Бишкек шаарында А. Жангорозованын жерге берүү тажиясынан кийин кайсы бир жерге бара жатып автобус сүзүп каза болот. Келини мындай жаман окуяны газетадан окуп, моргдо 18 күн болгон сөөгүн алып келип, кийин Ала-Арча көрүстөнүндө коюлган. Үй-бүлөсү Биринчи жолдошу — Абды Мүсүралиев, актёр, Тору-Айгыр айылынан, Пржевальск театрында бирге иштешип (кээ бир маалыматтар боюнча Жаш көрүүчүлөр театрында иштешип жүрүп), ошол жактан үйлөнүшкөн. Экинчи жолдошу — Ажыгабыл Айдаркулов, режиссёр, авто кырсыктан көз жумган. Бир кыз (33 жашында каза болгон), эки уулдун апасы. Балдарынын бири музыкант. Чыгармачылыгы Актрисанын чыгармачылык биографиясында жүздөн ашык театралдык жана кино ролдору бар. Кыдыкееваны кыргыз театрында дүйнөлүк авторлордун бардык пьесаларындагы башкы аялдардын ролун алгачкылардан болуп аткаргандыгы үчүн аны «Биринчи» деп аташат. Ал «Салтанат» аттуу биринчи улуттук толук метраждуу көркөм фильминде башкы ролду ойногон биринчи актриса болгон. Ч. Айтматовдун «Бетме — бет» чыгармасы боюнча коюлган спектакльдагы Сейденин ролун биринчи аткарган. «Салтанат» көркөм фильми, Бакен Кыдыкеева Салтанаттын ролунда, режиссёр В. Пронин, Мосфильм, 1955 Евгения Козырева — РСФСР эл артисти — «...Бакен Москвага келип, эски Арбаттагы Вахтангов театрында Катеринанын ролун ойноп жатты. Ошондо мен, чоң актрисаны көрдүм, акылдуу... терең...» Театралдык ролдору Кыргыз Жаш көрүүчүлөр театры Лауренсия (Л. де Вега, «Кой булагы», орусча «Овечий источник») Бермет (К. Эшмамбетов, «Сарынжи-Бөкөй») Гүлайым (О. Сарбагышов, «Көкүл») Т. Абдымомунов атындагы кыргыз драма театры Оксана (К. Эшмамбетов, «Кара туман») Айганыш (К. Жантошев, «Курманбек») Жаркын (А. Куттубаев, К. Маликов, «Жаңыл-Мырза») Варя (К. Симонов, «Орус адамдары») Айдай (Р. Шүкүрбеков, «Өч») Бермет (Р. Шүкүрбеков, «Курбулар») Мария Антоновна (Н. Гоголь, «Ревизор») Джесси (К. Симонов, «Орус маселеси») Ульяна Громова (А. Фадеев, «Жаш гвардия») Какей (М. Токобаев, «Шордуу Какей») Айканыш — (А. Токомбаев, «Өлбөстүк уругу») Дездемона (У. Шекспир, «Отелло») Лариса Огудалова (А. Островский, «Бесприданница») Айша (Т. Абдумомунов, «Курман») Варвара (М. Горький, «Егор Булычев жана башкалар») Анаргүл (Т. Абдумомунов, «Кууш капчыгай») Си Эр (Хе Цзинь, Чжин Дин Нин, «Куу чач кыз») Мастан (А. Кобегенов, «Болот жана Тынар») Майсалбүбү (Т. Абдумомунов, «Кууш капчыгай») Катерина (А. Островский, «Гроза») Фань И (Цао Юй, «Тайфун») Комола (Р. Тагор, «Гангдын кызы») Елена Андреева (А. Чехов, «Ваня байке») Анна Каренина (Л. Толстой, «Анна Каренина») Сейде (Ч. Айтматов, «Бетме-бет») Ксения Ивановна (С. Алёшин, «Палата») Гонерилья (У. Шекспир, «Король Лир») Софья (А. Грибоедов, «Акылдан азап») Любовь Яровая (К. Тренёв, «Любовь Яровая») Мария Александровна (И. Попов, «Үй-бүлө») Жамал (А. Дыйканбаев, «Жандуу суу») Эркеайым (Ш. Садыбакасов, «Боз чабандес») эне Долорес (К. Чапек, «Эне», 1973) канайым (Т. Габбе, «Альманзордун сыйкырдуу шакектери») комиссар (Вс. Вишневский, «Оптимисттик трагедия») Каныкей (Ж. Садыков, «Манас уулу — Семетей»). (Ч. Айтматов, «Жаныбарым - Гүлсары»). (Ч. Айтматов, К. Мухаммеджанов «Фудзиямадагы кадыр түн», 1973). Кино тасмалар Бакен Кыдыкеева өзүнүн таланты менен кыргыз сахнасынын көптөгөн бийиктиктерин багынтып, кино жаатында да көптөгөн профессионалдуу ролдорду жараткан. Бакен Кыдыкеева Кыргызстанда гана талаптуу актриса болбостон, аны коңшу өзбек киностудияларына да чакырышкан. 1955 — «Салтанат» — Салтанат, режиссёр В. Пронин, Мосфильм 1959 — «Токтогул» — Бурма 1961 — «Ашууда» — Райхан, режиссёр А. Сахаров, Кыргызфильм 1963 (1964) — «Тайгак кечүү» — Азиз эне, режиссёр М. Убукеев, Кыргызфильм 1965 — «Биринчи мугалим» — Кара катын (чернуха), режиссёр А. Михалков-Кончаловский, Кыргызфильм 1967 — «Саманчынын жолу» же «Жер-эне» — Толгонай 1968 — «Жоргонун жүрүшү» — Жайдар 1969 (1968) — «Караш-караш окуясы» — Кадича, режиссёр Б. Шамшиев, Кыргызфильм 1972 — «Бабалардын сыры» — Мекке 1972 — «Көчө» — Сейил, режиссёр Г. Базаров, Кыргызфильм 1973 (1968) — «Революциянын атчандары» — Комиссар Хадича Аминова, режиссёр К. Ярматов, Өзбекфильм 1974 (1973) — «Жолугушуу жана ажырашуу» — Хадича хон, режиссёр Э. Ишмухамедов, Өзбекфильм 1974 — «Чабалекейлер жазында келет» (киноальманах) — Санем 1976 — «Алпамыс мектепке барат» — Алпамыстын апасы 1976 — «Айсулуу талаасы» — Ибрагимова 1976 — Көздүн кареги — Асылкан 1978 — «Күн сөзү кантип жазылат» — Батма 1978 — «Каныбек» — Салтанат 1979 — «Рингге чакырылат…» — Эне 1979 — «Процесс» 1982 — «Он үчүнчү небере» — Бермет Шакировна 1984 — «Биздин небере милицияда иштейт» — Кумри апа 1985 — «Эки жаздан кийин» 1985 — «Зять из провинции» — Шарипа-апа 1988 — «Гибель во имя рождения» — Саргалдайдын апасы Г. Базаров — «Бакен эже Толгонайдын ролуна бекитилип, кино тартылуучу аянтта мен актёрлорго сөздөрдү айтышым керек болчу, Бакен Кыдыкееваны көрүп сүрдөп кеттим. Ал мени четке чакырып, балам... сен режиссёрсуң, сен тартынба, сен мага буйрук бере бер, сен мага айта бер, а мен ойноймун, аткарамын... сен уялба... - деди. Ушундай айкөл чебердин дебютантка болгон мамилеси эч качан унутулбайт». Бакен Кыдыкеева — «Театрда же кинодо болсун, ушу энелердин образы мен үчүн өзгөчө дагы, ардактуу дагы». Жашоосу жана чыгармачылыгы жөнүндө Актрисанын жашоосу жана чыгармачылыгы жөнүндө көптөгөн макалалар жана эки монография жазылган. Кыргыз актрисасы таанымал болгондуктан, монографиялардын бирин орус журналисти В. Иванова тарабынан жазылып, ал Москва шаарында жарык көргөн. 2004-жылы кыргыз драматургу Ж. Кулмамбетов Бакен Кыдыкеева жонундо «Талант жана тагдыр» аттуу пьеса жазган. Жашоосунан фактылар Театрдан бут тосуулар болуп, эки жолу кетүүгө аргасы калбай, депрессияга кабылып, апатияга дагы кириптер болгон (акыркысы 1989-жылы). Кыдыкееванын үйү күйүп кеткен, буга Бакенди көрө албаган жасаган деген имиштер бар. СССРдин эл артисти наамын 1950-жылдары эле алмак делет, бирок кандайдыр бир себептер менен албай калып, наамга 1970-жылы жеткен. Сыйлыктары жана наамдары Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти (1947) Кыргыз ССРинин эл артисти (1956) СССРдин эл артисти (1970) Кыргыз ССРинин Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыгы (1970) Ленин ордени (1958) Медалдар 1977-жылкы «Актёрдук эмгеги үчүн сыйлыктар» номинациясындагы Бүткүл дүйнөлүк кинофестивалдын лауреаты (Рига шаары) Түбөлүктөө Эл аралык түрк маданиятынын Түрксой (англисче Turksoy) уюму 2023-жылды Бакен Кыдыкеева жылы деп жарыялаган. Төлөмүш Океев атындагы Кыргызфильм киностудиясы тарабынан тартылган Бакен Кыдыкееванын 90 жылдыгына арналган даректүү тасма (автор жана режиссёр Мурат Мамбетов), 2013-жыл. Кыргыз Мамлекеттик Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр (жаштар) театры Токмок шаарындагы эстелик (2004) Бакен Кыдыкеева атындагы сыйлык Айрым ролдорунан кадрлар «Ашууда» кинофильми, Райхан, режиссёру А. Сахаров, Кыргызфильм, 1961 «Биринчи мугалим» — Кара катын (чернуха), режиссёр А. Михалков-Кончаловский, Кыргызфильм, 1965 «Жолугушуу жана ажырашуу» — Хадича хон, режиссёр Э. Ишмухамедов, Өзбекфильм, 1974 «Караш-караш окуясы» — Кадича, режиссёр Б. Шамшиев, Кыргызфильм, 1969 «Көчө» — Сейил, режиссёр Г. Базаров, Кыргызфильм, 1972 У. Шекспир, «Король Лир», Гонерильянын ролунда К. Жантошев, «Курманбек» драмасы, Айганыш, Кыдыкеева ортодо «Революциянын атчандары» — Комиссар Хадича Аминова, режиссёр К. Ярматов, Өзбекфильм, 1973 (1968) «Саманчынын жолу» же «Жер-эне» — Толгонай, Ч. Айтматов, 1967 «Тайфун» — Фань И, Цао Юй «Тайгак кечүү» — Азиз эне, режиссёр М. Убукеев, Кыргызфильм, 1963 (1964)