Адам ооруганда, бейтапканага барып, анализ тапшырып, көп саатык кезекте туруп, толтура даарыларды сатып алып, аны узак убакытка чейин ичүүгө туура келет. Ашказан ооруганда же тамак синируу органдарынын жарыркашы айтылган оорчулуктарды алып келет, ошондуктан ашказан оорусун алдын алуу көптөгөн түйшүктөрдү жеңилдетет.
Ичеги карын ооруларын алдын алуу жонундо айтып берели. Бул жонокой кенештер жана сунуштар жашына карабастан көптөгөн адамдарга, оорулардан алыс болууга жардам берет.
Мазмуну:
Профилактикалык ыкмалардын комплекси Тилекке каршы, көп адамдар сергек жашоо образынын элементардуу эрежелерин дагы сактабайт: туура жана өз убагында тамактануу, дарыгерлер жазып берге гана дарыларды кабыл алуу, арак, тамеки, насвай дегендерди жоготуу ж.б. Ошону менен катар бул эрежелерди сактоо көптөгөн оорулардын өөрчүп кетүүсүнөн сактайт, анын ичинде ашказан оорулары дагы. Мындай профилактикалык ыкмалар төмөнкүлөрдү камтышы зарыл: туура тамактануу, жаман адаттардан баш тартуу, дарыларды жана медициналык процедураларды абайлап алуу, психикалык комфорт, ашыкча салмактан арылуу, дарыгерлерге убагында кайрылуу.
Туура тамактануу Барынаар эле билсенер керек, ичеги-карындардын ден-соолугу адамдын тамактануу мүнөзү менен бекем байланышта экенин. Күнүмдүк тамактануунун бардык нюанстары мааниге ээ: тамактануу режими, тамактын көлөмү, азыктардын топтому, кулинариялык жактан ашты иштетүү ж. б. Ашказан ооруларын алдын алуу үчүн деги эле ичеги-карын ооруларынан алыс болуу үчүн дарыгерлер жана адистер төмөнкүдөй кенештерди беришет:
[ushka=seredina]
Жаман адаттардан баш тартуу Алкоголдун зыян экенин баарынар эле билсенер керек. Анын курамындагы этил спирти организмдеги процесстердин көбүнө өтө начар таасир этет дагы төмөнкүдөй органдарды жабыркатат:
Бирок бардык алкоголдук ичимдиктерге катуу тыюуу салуу дагы болбойт. Олуттуу статистикалык маалыматтарга таянган дүйнөлүк медицина, жумасына эркектерге 21 алкоголдук бирдик, аялдарга 14 алкоголдук бирдик кабыл алуу болот деп айтышат. 1 бирдик 125мл вино же 25мл арак, же 250мл сырага барабар. "Аа ичимдик иче берсе болот экен" - деп жыргап кеткендер чыгаар. Андай эмес достор. Бул норманы дароо баарын ичип алуу таптакыр болбойт, аны 1 жумага өтө тактык менен бөлүү керек. Эгер кичине эле 1-5мл ашып кетсе, ал ден-соолукка эки эсе зыян алып келет - деп жазышат. Ошондо күнүнө канча деп сурагандар чыгаар. Бул суроонун жообу эң эле оңой: вино күнүнө - 17мл (эртең менен - 5.6мл, түштө - 5.6мл, кечинде 5.6мл), арак күнүнө - 3мл (эртең менен - 1мл, түштө - 1мл, кечинде 1мл), сыра күнүнө - 35мл (эртең менен - 11.6мл, түштө - 11.6мл, кечинде 11.6мл). Үчөөнү кошуп ичүү дагы болбойт, үчөөнүн бирөөсүн гана. Эми мындай достор, ушунча кенедей алкогол ичимдигин күн сайын тамчыдан эсептеп ичкенден көрө, таптакыр ичпей эле койгон жакшы. Анткени, бул өлчөмдөр, мындайча айтканда "тиштин арасында эле калат", ден-соолук болсо табылбайт.
Арактан кем калбаган жаман адат - тамеки. Дал ушул тамеки тартуу гастроэзофагеалдык рефлюкстук оорунун себепкери, тамеки ашказан жарасын жана эрозиянын айыгуусун өтө жай кылат. Көп учурда тескерисинче күчөтөт. Ашказан, ашказан алдындагы бездин, кызыл өңгөчтүн рагын күчөтөт жана мүмкүндүгүн көбөйтөт. Крона оорусуна алып келет. Эске салып кетели достор, макалабыздын аты "ашказан ооруларын алдын алуу" болгондуктан, азыр биз жаман адаттардын ашказанга жана ичегиге тийгизген зыяндарын гана жазып жатабыз. Булар башка органдарга дагы олуттуу таасир этет. Бул жөнүндө биздин "тамеки чегүү", "аракечтик", "онокот аракечтик" аттуу макалаларыбыздан толук билип алсаныз болот.
Дарыларды жана медициналык процедураларды байкап кабыл алуу Дары-дармектерди көзөмөлсүз кабыл алуу тамак-сиңирүү органдары жактан олуттуу көйгөйлөргө алып келиши мүмкүн. Тилекке каршы мадициналык маалыматтын жеткиликтүү болсо дагы дайыма эле туура медициналык сабаттуулукка алып келбейт. Анткени, көпчүлүк адамдар, маалыматты теле көрсөтүүлөрдөн, радио уктуруулардан, ошол эле интернеттен туура эмес алышат дагы адистин жардамы жок, өз алдынча даарыланып киришет (элементардык анализ дагы тапшырбастан). Мындай өзүн-өзү билүү, абдан жаман натыйжаларга алып келет. Таблеткалар, капсулалар, күкүмдөр, клизмалар, тундурмалар зыянсыз боло бербейт. Булар төмөнкүдөй оорулардын себеби болушу мүмкүн:
Дары-дармектерден тышкары, кээ бир даарылоо же жалган даарылоо манипуляциялары дагы зыянга алып келиши мүмкүн. Мындай кырдаал бейтаптын оорусун профессионалдуу эмес же жетишээрлик эмес баалоодон чыгат. Биз эмнени айтып жатабыз? кеп түрдүү организмди тазалоо, ичегини монитордук тазалоо, тюбаж, ачка болуу дегендер жонүндө болуп жатат.
Психикалык комфорт Көптөгөн тамак синируу оорулары психоэмоционалдуу чөйрө менен түздөн-түз же кыйыр байланышта болот. Күн сайын стресс болуу, узакка созулган психикалык жүктөр, чукул психотрамалык кырдаалдар (жакын адамдын каза болуусу же оорушу, ажырашуу, жумуштан айдалуу, конфликтер ж.б.), ички карама-каршылыктар гастроэнтерологиялык оорулардын себеби болот: функционалдуу диспепсия, СИС (сезгенген ичеги синдрому), жаралар, өт чыгаруучу жолдордун дискинезиясы жана башка ушул сыяктуу көптөгөн оорулар.
Айтмакчы, бул психикалык факторлорду жок кылуу же психотерапевттин жардамысыз, бул ооруларды дары менен дарылоо мүмкүндүгү өтө төмөн болот. Бейтаптар өзүн, айланасындагыларды жана дарыгерлерди чарчатып жылдар бою оорукананын кабинеттерин каккылап жүрө бериши мүмкүн. Андан тышкары кээ бир бейтаптар башынан эле тамак синируу органдарынын ооруларына жакын болушат. Мисалы, көптөгөн ашказан жарасы бар адамдар жаш кезинен эле шашма холерик темпераментинде болушат.
Ашыкча салмак менен курошуу Адам семиргенде анын тышкы келбети эле зыян тартпастан, ички органдарынын түзүмү дагы бузулат. Май кошулуулар боордо жана ашказан алдындагы безде пайда болуп, нормалдуу ткандарын кысып, алардын функцияларын бузат. Өттүн курамы өзгөрөт дагы, өт чыгаруучу жана өттүн өзүндө таштардын калыптануусуна көмөктөшөт. Тамак синируу трубкасынын бардык бөлүмдөрүндө кыймыл мүмкүндүктөрү начарлайт. Ошондуктан семиз адамдар өзүнүн туура тамактануусуна көңүл буруп, физикалык кыймыл аракетин көбөйтүү зарыл.
Дарыгерлерге өз убагында кайрылуу Тамак синируу органдарынын бузулуусу пайда болгондо, ич ооруганда, зарна болгондо, дарыгерлерге кайрылуу жакшы, анткени, адистер күн сайын адамдарды даарылайт, алар оорулардын жаны түрлөрүн билишет, кайсы даары эффективдүү жана зыяны аз экенин билишет. Ооба, кээ бир оорулар билинбей өтөт, кээ бир оорулардын симптомдору башка ооруга окшош болот, кээ бир ооруларды болсо квалификациялык анализ жүргүзүүдөн кийин гана аныктоого болот. Ошондуктан дарыгерлерге өз убагында кайрылыныз, түрдүү көзү ачыкардын, чала дарыгерлердин сөзүнө кирбегиле.
Кортунду Мынакей достор, "ашказан ооруларын алдын алуу" аттуу макалабыз ушундай. Кошумча сууролор же түшүнбөгөн жерлер болсо пикир калтырып жазып койгула. Макаланы кыргызча дайындаган Акылбекова Ү. Ыраазычылыктар: Каракол шаардык ооруканасынын терапевти Асанбекова А., хирург - Сагындыков Б. "Ашказан оорусу" аттуу макалабыздан ашказан ооруларын билип алыныз.