Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Рационалдуу тамактануу

Баш барак | Бала гигиенасы жана тамактануусу | Рационалдуу тамактануу

Адам башка тирүү организмдердей эле айлана-чөйрө менен тыкыс байланышта болот, анткени өзүнө керектүү нерсени айлана-чөйрөдөн алат. Мындан башка жашаган чөйрөнүн шарттары организмге таасирин тийгизет. Ошондуктан адамдын тамактануусу жашаган жердин климатына, өзүнүн кыймыл аракеттерине, эмгегине, балдардын жашына жараша тамактануусу жөнүндө “Балдарды тамактандыруу” деген темада айтылып өткөн. Айта турган нерсе - адам жашаган жери ысык болсо, анда белокторго болгон муктаждыгы чоңо^т. Кош бойлуу аялдардын ушул азык затка болгон муктаждыгы өсөт. Адамдын түрлүү азык заттарга, энергияга болгон муктаждыкты эске алып тамактанышы рационалдуу тамактануу деп аталат. Бир күндө желген тамак-аштын иреттүү жыйындысы, тамак-аштын жасалган ыкмалары жана азыктануунун жыштыгы суткалык рацион деген атка ээ. Рационду түзүүдө негизги төрт эрежеге таянуу зарыл: 1.Рациондо белоктордун, майлардын жана углеводдордун өлчөмү адамдын күнүмдүк муктаждыгына шайкеш болушу тийиш. 2.Рациондо витаминдердин, минералдык заттардын, суунун өлчөмү организмдин муктаждыгына жараша болушу керек. 3.Күнүмдүк желген тамак-аштын баалуулугу организм менен сарпталган энергиянын өлчөмүнө барабар болушу зарыл. 4.Бир күндө желген тамакта азык заттардын (белок, май, углевод, суу, минералдык заттар жана витаминдер) өлчөмү, энергиялык баалуулугу адамдын муктаждыгынан өтө аз, же өтө көп болбошу тийиш. Эгерде азык заттардын өлчөмү туура эмес болсо, анда тиричилик процесстери бузулуп, ооруларга чалдыгышы мүмкүн.

Ал эми тамак-аштын энергиялык баалуулугу төмөн болсо, адам арыктайт, жогору болсо семирет. Мындай кубулуштар ден - соолукка оң таасири тийгизбейт. Күнүмдүк рационду түзгөндө, тамак-аштын түрүнө да көңүл бурулат, анткени эт азыктарга салыштырмалуу жер - жемиш, жашылчалардан жасалган азыктар минералдык заттарды, кээ бир витаминдерди өзүнө көбүрөөк камтыйт. Ар кандай тамак-аштар ар кандай азык заттарга бай келишет, мисалы этте белоктор көп болсо, нанда углеводдор арбын болот. Белоктор негизги курулуш материалы болуп эсептелсе, углевод менен май жылуулук берүүчү заттар. Эгерде май менен углевод организмге жетээрлик толукталса, анда организмдеги белоктун бузулушуна, тез бөлүнүп чыгышына тоскоолдук болот. Эгерде күнүгө бир түрдүү тамактанса, анда организмге кандайдыр заттар жетишпей калат. Энергияга болгон муктаждык бардык кишилерде бирдей эмес, аны таблицадагы маалымат далилдейт.

Рационалдуу тамактанууда тамак-аштагы азык заттардын өлчөмүн, катнашын гана эске албастан, тамактануунун туура режимин (санын жана убакытын) колдонот. Эң биринчи, тамакты качан чолоо болгондо ичпестен, дайыма белгилүү убакытта ичүү керек, анткени мындай учурда организм тамактанууга алдын ала даярданат, тамак-аштагы азык заттардын толугу менен сиңирилишине шарттар түзүлөт. Балдар бир күндө канча тамактанаары жашына ылайык болсо, чоң кишилер төрт, жок дегенде үч маал тамактанышы тийиш. Ден-соолугу начар болсо же оорудан сакайып жаткан мезгилде киши беш, айрым учурларда 6 жолу тамактанат. Мындай учурларда тамактын өлчөмү салыштырмалуу аз болот.

Үч маал азыктанганда эртең менен күнүмдүк тамактын 30%, түштө 45-50%, андан кийин 10%, кечинде 20-25% желет, ичилет. Тамактануу маалынын ортосундагы убакыт адамдын өзүн ыңгайлуу сезишине дал келиши керек, анткени аралыгы, убакыты узак болсо, курсак абдан ачып кетет, нормадан көп өлчөмдө тамак желип калат, ал эми кыска болсо, курсак ачпайт, ичилген азык аш болот. Эгерде чоң кишилер төрт маал тамактанса, анда алардын тамактанышы мурун айтылып кеткен баланын режимине шайкеш болот. Өзүн-өзү тейлеген жаштан баштап ашыкча тамактанууга жол бербеши зарыл. Тамактанууну курсак бир аз тойбой калгандай сезимде болгондо, башкача айтканда чала тойгондо бүтүрсө дурус, себеби 15-20 мүнөттөн кийин ал сезими жоголуп, желген тамак - аштын өлчөмү туура экенин далилдейт.Белгилүү убакытта ичилген, тамактын өлчөмү

Тамактануунун маалыБир күндө ичилген тамак-ашка салыштырмалуу
4 маал тамактануу3 маал тамактануу
Эртең менен25%30%
Түшкө чейин15-20%-
Түштө35-40%45-50%
Кечинде20%20%

Жайгаштыруу: 2016-06-09, Көрүүлөр: 5454, Өзгөртүлгөн: 2016-06-09, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо