Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Дезинфекция

Баш барак | Медицина | Дезинфекция

Дезинфекция — бул жугуштуу оорулардын козгогучтарын жана айлана-чөйрөдөгү токсиндерди жок кылууга, алардын теринин, былжыр челдин жана жарааттардын бетине түшүп кетишине жол бербөөгө багытталган иш-чаралар комплекси. Жугушсуздандыруунун бир түрү.

Жалпы маалымат

Адамдар үчүн күйдүргү, холера, бруцеллез, бир катар ичеги жана вирустук инфекциялардын булагы болгон патогендик микроорганизмдердин айрым топторунун вегетативдик жана споралык формаларын толугу менен жок кылуунун химиялык, физикалык жана механикалык ыкмаларынын айкалышы.

Максаты

Дезинфекциянын максаты - тышкы чөйрөдөгү объектилерден, медициналык жабдуулардан, шаймандардан же териден патогендик жана шарттуу патогендик микроорганизмдерди (споралык формаларды кошпогондо) жок кылуу менен коопсуз жашоо шарттарын түзүү жана сактоо үчүн жугуштуу оорулардын таралышын алдын алуу.

Милдеттери

Дезинфекциянын милдети - зыяндуу микроорганизмдерди объектилерден жана буюмдардын беттеринен жок кылуу менен алардын топтолушун, көбөйүшүн жана жайылышын алдын алып, жугуштуу башаттын берилүү жолдорун оорулуу адам менен дени сак адамдан үзүү.

Деңгээлдер

Дезинфекциянын төмөндөгүдөй деңгээлдери бар:

Дезинфекциянын түрлөрү

Дезинфекциянын түрлөрү

Эки негизги түрү бар, профилактикалык жана очоктук.

Профилактикалык дезинфекция инфекция булагы жок болгондо жүргүзүлөт, анын 3 формасы бар:

Очоктук дезинфекция жугуштуу оору пайда болгондо же шектүү учурда жүргүзүлүп, учурдагы жана жыйынтыктоочу болуп бөлүнөт.

Учурдагы дезинфекция инфекциялык мезгилдин ичинде бейтаптын катышуусунда, негизинен турак үйлөрдө жана инфекциялык профилдеги медициналык мекемелерде жүргүзүлөт.

Жыйынтыктоочу дезинфекция бейтаптын изоляциядан, сакаюуудан же өлүмүнөн кийин жүргүзүлөт дагы, шартка ылайык 1 же айрым учурларда 2 жолу жүргүзүлөт.

Дезинфекция ыкмалары

Дезинфекция ыкмалары

Дезинфекциянын 5 негизги ыкмасы бар:

  1. Механикалык (күбүү, сүртүү, жууп-тазалоо, вентиляция, чыпкалоо). Механикалык ыкмада микроорганизмдер өлбөйт, алып салуу иши гана болот. Дарылоо мекемелериндеги операциялык, байлап-таңуучу жана башка бөлмөлөрүнүн аба чөйрөсүндөгү микробдордун санын азайтууда миханикалык ыкма көп колдонулат. Бул максатта рециркулярдык орнотмолор пайдаланылат;
  2. Физикалык (микроорганизмдердин физикалык жугушсуздандыруу агенттеринин таасири менен жок кылууга негизделген). Жогорку (кайнатуу, ысык кургак же нымдуу аба, пар, өрттөө, күйгүзүү (фламбирлөө)) жана төмөнкү (тоңдуруу) температуралар менен таасир этүү, нурлантуу (ультра кызгылт көк лампалар, γ жана β нурлар);
  3. Химиялык - дезинфектанттар (дезинфекциялоочу каражат, айрыкча антисептиктер) менен таасир этип дезинфекциянын учурдагы негизги ыкмасы, аларга чачуу, сугаруу, сүртүү, чөмүлтүү, чылоо, кургак препарат менен себүүлөр кирет;
  4. Биологиялык - микроорганизмдер ортосундагы антогонисттик таасирдеги, чыпкалоо талааларында агын сууларды жугушсуздандыруу;
  5. Комбинацияланган - айтылган ыкмаларды түрдүү айкалыш менен пайдалануу;

Дезинфекциянын эффективдүүлүгүнө түрдүү факторлор таасир этип, алардын ар бири жугушсуздандыруу процессинин активдүүлүгүн төмөндөтүп, нөлгө түшүрүшү мүмкүн.

Иш-чаралар методикасы

Стационар шартында төмөнкүдөй методикалар колдонулат (төрөт үйүнүн мисалында):

  1. Кайнатуу эффективдүү ыкмага жатпайт, анткени, кээ бир вирустар өлбөйт, бирок үй шартында идиш-аякты жана кам көрүү буюмдарын жугушсуздандыруу сунушталат. Өткөрүү шарттары: жабык идиште, толук чөмүлтүү менен. Дистилляцияланган ошондой эле тамак-аш соодасы кошулган сууда кайнатууга мүмкүн. Экспозиция (убакыт) кайнаганда санала баштайт.
  2. Өрттөө - таштандыларды жок кылууда жүргүзүлөт.
  3. Фламбирлөө (жалынга кактоо, күйгүзүү) - бактериалдык изилдөөлөрдө колдонулат.
  4. Сугаруу – көбүнчө аянты чоң беттери дезинфекциялоодо жүргүзүлөт (дубалдар, эшиктер, эмеректер, көчөлөр ж.б.). Чачуучу курал катары гидпропульттарды колдонот. Мисалы, генералдык тазалоо, эпидемия, пандемия учурларында. Даарылоо-профилактикалык мекемелерде профилактикалык дезинфекция үчүн препараттын чыгымы пайдаланылуучу дезинфекциялоочу каражаттан көз каранды (1 чарчы метрге 150-300 мл).
  5. Сүртүү - медициналык маанидеги буюмдарды, үстүңкү беттерди тазалоодо пайдаланат (мисалы, инъекция жасаганда терини спиртке чыланган кебез менен сүртүү). Сүртүү бир-эки, сейрек үч-төрт жолу жүрөт. Тездиги жана экспозициясы колдонулуучу каражаттан көз каранды.
  6. Чөмүлтүү (чылоо) - медициналык багыттагы заттарды, шейшептерди, идиш-аякты, бейтапка кам көрүү буюмдарын, тазалоо куралдарын ж.б. дезинфекциялоодо. Чөмүлтүүнү өткөрүү шарттары: Жабык идиштин ичинде толук чөмүлтүү; дезинфекциялоочу каражаттын чыгым нормасын сактоо. Чыгым нормалары: 4-5 л эритмеген 1 кг кургак кийим-кечек, 2 л эритмеге 1 комплект идиш-аяк, 100 мл эритмеге 1 медициналык буюм (толук чөмүлтүү шартында), төрөттү кабыл алуудагы 1 топтомго - 3 литр эритме.
  7. Себүү - инфекцияланган биологиялык материалдарды жугушсуздандыруу үчүн жүргүзүлөт, 1 г кургак препаратка 5 г материал. Экспозиция колдонулуучу дезкаражаттын түрүнөн көз каранды. Өткөрүү шарттары: сепкенден кийин материал дезкаражат менен аралаштырылат.

Дезинфекция каражатары

Дезинфекциялоочу каражаттар багыты жана чыгуу формасы менен айырмаланышат. Химиялык дезинфекциялоодо негизги таасир этүүчү заттарга спирттер (этил, изопропил ж.б.), галогендер (кеңири жайылган - хлор), альдегиддер, пероксиддер (атомардык кычкылтек негизинде, мисалы, суутек кычкылынын курамында), фенолдор, гуаниддер, аминдер кирет.

Талаптар

Заманбап дезинфекциялоочу заттарга коюлган негизги талаптардын катарына төмөнкүлөр кирет:

Факторлор

Жугушсуздандырууга таасирин тийгизүүчү факторлор:

  1. Алдын-ала тазалоонун сапаты.
  2. Дезинфектанттын физика-химиялык касиеттери (микроорганизмдерге таасир этүү мүмкүндүгү, концентрация, сууда эригичтиги, температура, кычкылдуулугу ж.б.).
  3. Ар кандай дезкаражаттарга микроорганизмдердин биологиялык туруктуулугу.
  4. Тазалануучу объектинин өзгөчөлүктөрү (материалдардын сапаты, конструктивдүү өзгөчөлүктөр, органикалык заттар менен булгануунун массивдүүлүгү). Тазаланууга жаткан объектилердин микроб менен урук чачуусунун массивдүүлүгү жана локализациясы.
  5. Дезинфекциялык тазалоонун ыкмасы: дезинфектант эритмесине ири тамчы же аэрозолдук сугаруу, сүртүү же чөмүлтүү.
  6. Дез. эритмелердин пайдалануу мөөнөтү.
  7. Препараттын таасир этүү убактысы (экспозиция).
Жайгаштыруу: 2016-08-02, Көрүүлөр: 10794, Өзгөртүлгөн: 2024-02-18, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Кызматташуу/жарнама жайгаштыруу