Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

8 мартка карата ырлар

Баш барак | Адабият | 8 мартка карата ырлар

8 мартка карата ырлар жыйнагын атайын айымдар үчүн деп чогулттук. Албетте, бул жактагы ырлар өтө көп эмес, бирок ошондой болсо да бул ырларды дайыма толуктап турабыз. Эртеңки күнү мындан да көбүрөөк болот.

Куттуу болсун жаз майрамы-мартыңар!
Энелер, карындаштар, айымдар,
Куттуу болсун жаз майрамы-мартыңар.
Көтөрүлүп маанайыңар жаркысын,
Жаз айында ачылгандай жарпыңар.

"Дүнүйө" деп куру, бекер наалыбай,
Сак-саламат жүрүңүздөр каарыбай.
Өмүрлөрдүн жашыл гүлүн кыяртпай,
Жашагыла жашыл өскөн арчадай.

Ыракаттуу, жашообуздун шаттуусу,
Силерсиңер бул дүйнөнүн таттуусу.
Жайлоодогу кызыл-тазыл гүлдөрдүн,
Силерсиңер эң бир коозу, наздуусу.

Айтаар сөздүн кыскасы,
Силерсиңер алп турмуштун туткасы.
Жашообузга жарык чачып, нур берген,
Силерсинер асылдыктын устатсы.
(Сабыракун Сулайманов)

Урматтуу, аксаамай апалар!
Ай чырайлуу эже, карындаштар
Жаз менен кошо кирип келген,
Ажайып аялзатынын
Майрамы менен куттуктайбыз!

Кубанткан майрамыңыз чексиз болуп,
Кубана, куттуктайбыз ташып, толуп.
Ден-соолук, узун өмүр сизге самап,
Турабыз биз, жакшылыктын баарын каалап.
Баарыбыз, көңүлгө кубанычты толтуруп,
Ак тилектерибизди Сизге арнап турабыз.
Мээримиңиз менен үй-бүлөөбүзгө жарык берип,
Ылайым дагы биздин жакшылытарыбыздын үстүндө болуп,
Атам менен бар болуңуз!
Сиздердин сый-урмат көрөөр мезгили,
Эми өз кезегин алып турат.
Майрамыңыз, жакшылыкты жетелесин,
Өмүрүңүзгө өмүр уласын.
Бактылуу карылык доорунда,
Бакубат жашоо насип этип.
Неберелердин бал тилине маашырылып,
Кайгы-капаны билбей, бекем ден-соолукта,
Узак өмүр сүрө бериңиз.

Эне! Сиз бизге жаркыраган жашоонун,
Жакшылыктуу өмүрдүн уюткусу болуп,
Ак сүтүң менен оозантып, мээримге бөлөйсүң.
Бактылуу байбиче болуңуз,
Ак элечек башыңыздан түшпөсүн.
Карылык доордо, бала-бакыраңыздын кучагында,
Бакубат өмүр сүрүңүз!

Дүйнөдө энеден ашкан керемет күч жок.
Ошол үчүн сиз улуусуз,
Бул турмуштун зор мээнет, түйшүктөрүнө батып,
Балдарым деп алоолонуп жанасың.
Майрам күнү канча мактоо айтсак да,
Ал татыбайт сиз жасаган зор эмгекке.
Төрүбүздө ак батаңызды берип,
Кайраттуу жүрүшүңүз, биз үчүн чоң бакыт энеке.

Турмуштагы далай ашуу, белестер,
Улуу муунга оңой болгон эместир.
Балдар үчүн күн-түн эмгек өтөгөн,
Ата-энеге бул бир ченем кебектир.
Бүгүн артка бир көз ирмем кылчайсак,
Эң бактылуу, жарык нурлуу элестер
Куттуу болсун 8-март майрамың
Жаркын энем, менин назик энекем.

Куттуктайбыз, жаз майрамыңыз куттуу болсун,
Кучагыңыз кызыл чоктой гүлгө толсун.
Ийгилик жылоолосун бардык иште,
Жаныңызда жаркылдаган балдар болсун.

Бек туруп, баарын артка таштаңыз,
Жашоону жазгы гүлдөй баштаңыз.
Жараткан үмүтүбүздү кабыл кылып,
Биз үчүн дагы жүз жыл жашаңыз.

Достор 8 мартка карата ырлар жыйнагыбызда Силер да четте калбай, кол кагыш кылып, жыйнакты көбөйтүү максатында өзүңөрдүн жан дүйнөңүздөн жаралган, апаңыз, эжеңиз, сиңдиңиз деги эле аял затына жазган жеке ыр саптарыңыз болсо пикир жазуу формасына жазып койгула.

Аялзаты эң оболуу турмуштун туткасы,
Жашоого нурун чачкан жароокер жар.
Андыктан, адамзат жашоосундагы асыл нерселерди,
Түгөнбөс мээрим, көөнөрбөс аруулукту каалап,
Дагы да бийик даражалуу жетишкендиктерге жетүүңүзгө тилектешпиз.

Жаркыраган жаз майрамы үй-бүлөөгө,
Ынтымак, тынчтык, токчулук алып келсин.
Жараткандын ийгилик кемеси коштоп,
Өмүрдүн кенчи түгөнбөсүн.

Гүл жыттанган ажайып майрамда,
Жазгы ачылган жоогасындай сулуулукту.
Майрамдык маадайды, көөнөргүс аруулукту,
Түбөлүк тынчтыкты каалайбыз.

Аялга гүлдүн берген сулуулугун,
Аралаш күндүн берген жылуулугун.
Аттиң деп эч убакта өкүнбөйбүз,
Ар убак сыйлай билсек улуулугун.

Аялзат үйдүн куту, ырыскысы,
Аял деген үч тамгамнын ичинде,
Ай-ааламды дүңгүрөткөн күч турат.

Жаздай жаркырап жайнап,
Жүзүңөрдөн аруулук, сулуулук өчпөй,
Бул өмүрдө таттуу өмүр сүргүлө.

Жаны жаштын эшигин ачтыңызбы,
Бул күндөргө үмүт менен бастыңызбы.
Кабыл алыңыз жакшынакай каалоолорду,
Каалайбыз тоодой болгон бактыңызды.

Аялзаты бул дүнөнүн мааниси,
Кабагым-кашым деп айтпас,
Көйгөйдөн көп күнгө тараган
Көп оорунун даарысы.

Улуу тоого чыккан барбы,
Улар үнүн уккан барбы,
Аял кадырын чындап билген барбы.
Ушул жаркын жаз күнүндө ажайган,
Биз барктайбыз, аялзатын баалайбыз.

Аялзат жаз гүлүндөй сулуусун,
Жарык берип күн нурундай жылуусун.
Өчүрбөй коломтонун отун жаккан,
Бүлөөнүн берекеси, кутусуң.

Куттуу болсун
Куттуу болсун,
Сегизинчи мартыңыз,
Орундалсын
Ойлоп жүргөн шартыбыз
Жүзүңүздү
Эмгек нуру каптаптыр,
Мына эмесе,
Мен болоюн жарчыңыз!
Эркин, Эркин,
Эрик туусун желбирет,
Ансыз, Ансыз,
Ичтеги сыр эскирет....
(Жусуп Турусбеков)

Аялдын жүрөгү
Аялдын арабасы толо жүгү,
Тынымсыз тартып келет күнү-түнү.
Эне жүгүн алмашып кызы тартып,
Кычырап арабанын чыгат үнү.
Кылымдар кылчайбастан өтө берет,
Кыздар да эне жашка жете келет.

Кылдырап оор тартып арабасы,
Күндөн күн күчү тайып кетет берет.
Энелик эбегейсиз түйшүгүндө,
Эртелеп сулуу түрү өчө берет,
Бирок да көөнөрүшүн көрккө бөлөп
Түрлөнүп тиккен гүлү өсө берет.
(Тенти Адышева)

Арман (үзүндү)
Чымчыкка тиштеп жем берет,
Канатка катып өстүрүп.
чыйрыкса ысык дем берет,
Жөжөдөн кушка жеткирип.
Жамгырдай мээри төгүлөт,
Чамгарак жайган кереге.
Жок, барга чыдап эгилет,
Миң алкыш айкөл энеге.
Аябай болгон дарманын,
Энелер сүйөт балдарын.
Арылбас күйүт арманың,
Энеден жетим калганың.
(Нинакан Жүндүбаева)

Эмеспи
Көл суусунан көрүнгөн
Кыздын бети эмеспи.
Бул дүйнөдө өтө ынак
Эне сүтү эмеспи.
Топ авалдын салвати
Келин, кызда эмеспи.
Сулууларга суктанган
Көпкөн балдар эмеспи.
Он сегизге жеткенде
Кыздар динар эмеспи.

Ал кыздарды көрмөккө
Бозой кумар эмеспи.
Алган жары бап болсо
Көңүл тынар эмеспи.
Оюн, күлкү, тамаша -
Келин-кыздар эмеспи.
Кызга тартип үйрөткөн
Эне болот эмеспи.
Көп тилдесең аялды
Чая болот эмеспи.
(Барпы Алыкулов)

Энелердин майрамы
Асмандагы Ай дагы,
Жарык чачып жайнады.
Ал анткени айга окшош,
Апакемдин майрамы.

Күлмүңдөгөн Күн дагы,
Күмүш нурун арнады.
Ал анткени гүл жыттуу,
Апакемдин майрамы.

Апакебай, ыйыгым,
Алтын күндөй бийигим.
Аман-эсен жүрөгөр,
Жарык чачып биз үчүн.

Апакебай, ак таңым,
Алдей айтып бакканым.
Бүт дүйнөнү кыдырып,
Айтып бүтпөс дастаным.
("Балаты" журналынан)

Апакемдин майрамы
Сегизинчи март күнү,
Неге көңүл жайдары.
Ал анткени ушул күн,
Апакемдин майрамы.

Кайырма:
Апакемдин, чоң энемдин, Эжекемдин майрамы.

Жаз баштаган март айы,
Күн да жылуу жайнады.
Ал анткени ушул күн,
Апакемдин майрамы.

Кайырма:

Апакеме окшогон,
Баары сулуу айлана.
Ал анткени ушул күн,
Апакемдин майрамы.

Кайырма:
(Сөзү, обону: С. Кынатов)

Кут болсун
Куттуу болсун 8-мартыңыз,
Куп айыксын жүрөктөгү дартыңыз.
Ушул күнү не десеңиз аткарам,
Оор тапшырма көк желкеме артыңыз.

Буюрсаңыз улуу тоону омкором,
Көз кыссаңыз берки тоону томкором.
Убалымдан, азабымдан коркпоңуз,
Калсам дагы тоо астында жок добом.

Учайынбы түндүктөгү уюлга,
Жалтанбастан бороон-чапкын, куюнга.
Күлүмсүрөп жарк десеңиз жетишет,
Башка түшкөн эң азаптуу кыйында.

Чыгайынбы өтө бийик аскага,
Барайымбы Айдан өтүп Марска да.
(Камбаралы Бобулов)

Аялдын сулуулугу - ажарында, эркектин сулуулугу - акылында.

Аялсыз үй суусуз тегирмен менен тең.

Аялың мыкты болсо - бактың, Аялың кыйды болсо - каттың.

Аялдар купуя сырдын арасынан бирөөнү гана эң жакшы сактай алат. Бул аялдын жашы туурасындагы сыр. (Вольтер)

Аялга таш ыргытпагыла, ыргытсаңар ал балуу таш болсун. Дона Аминадо

"Жаратылыш аялды жаратаарда аны чыгармачылыктын чокусу катары көрсөткүсү келген. Бирок топурагынан жаңылып, аны эң эле жумшак жасап алган" Готхольд Эфраим Лессинг.

"Аялдар унчукпаган эркектерди жактырат. Укчукпаса сөздү кунт коюп угут жатат деп ойлошот". Соинс Титри

"Эркектер менен тең ата болом деген аялдарга амбиция гана жетишпейт". Тимоти Лири.

"Аялдар туура эмес айтып жатканда эң алды алардан кечирим сураган жөндүү". Франсис де Круассе.

Үйүлгөн чөптүн арасынан ийнени табуу кыйын эмес, азыркы замандын кыздарынын колунан ийнени табуу кыйын. М. Жинлуа.

Урматтуу айымдар, Сиздерди жаз менен кошо жаркырап кирип келген аялдардын эл аралык күнү 8-март майрамыңыздар менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Ардактуу апалар, эжелер, карындаштар Сиздер үйдүк куту гана болбостон коомубуздун бардык тамактарында үзүрлүү эмгектенип, элибиздин бакубат жашоосу үчүн, өлкөбүздүн гүлдөп өсүшү үчүн өзүңүздөрдүн эбегейсиз зор салымыңыздарды кошуп келесиз. Сиздер бар үчүн биздин жашообуз жарык, көңүлүбүз ток, маанайыбыз ачык, Сиздер аркылуу муундар жаңыланып, турмуш уланып, "Адамзат" өнүгүүдө. Бул дүйнөдөгү Сиздердин ордуңуздарды жана эмгегиңиздерди эч нерсе менен салыштырып болбойт. Кымбатуу айымдар үй-бүлөңүздөрдүн алдында ар дайым бар болуңуз, ажарлуу жүзүңүздөрдөн кубанычтын нуру төгүлүп турсун. Сиздерге бекем ден-соолук, берекелүү узун өмүр каалайбыз. Өлкөбүздө өкүм сүрүп, Сиздерди ар тараптуу ийгиликтер коштоп жүрсүн.

Ааламдын ажары болгон аялзатын жаз майрамы менен куттуктайбыз, өмүрдүн ар бир күнү сиздерге ийгилик алып келип, жашооңузда керемет болсун. Жазда чыккан байчечекейдей сулуулукту, жадыраган жаз күнүндөй жылуулукту, Ала-Тоонун түпкүрүнөн аккан булагындай тазалыкты каалайбыз. Жаз майрамы баарыңыздарга чын ден-соолук, ачык маанай алып келсин.

Колдонуучулар ырлары

Апаке манайыңыз ачык болсун,
Аккан суудай өмүрүңүз узун болсун.
Уул-кыздарыңыздын урматын көрүп, апакелер аман болсун.
(Үпөл)

8 мартка карата ырлар чакан болгонуна капаланбагыла, бул жыйнакты биз улам жаңылап жана көбөйтүп турмакчыбыз. Көбүнчө ырлардын авторлорун таба албадык, билгендер болсо жазып койгула.

Жайгаштыруу: 2019-03-04, Көрүүлөр: 216666, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2022-02-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо