TYUP.NET
✖
☰
Катталуу
Кирүү
Бөлүмдөр
Онлайн функциялар
Макала жайгаштыруу
Жарнама
✖
Жинденүү: баяндамалар, психологияда, абалдар, көзөмөлдөө макаласын оңдоо, толуктоо, тактоо
Жинденүү, жаалдануу — инсандын жининин келиши же аны кемсинтүүчү мүнөздөмө чакыруучу өтө күчтүү эмоция, импульсивдүү жана агрессивдүү реакция (аффект). Жинденүү (кутуруу) кыжырдануудан күчтүү саналып, четтен чыккан кыжырдануунун формасы болуп, башкарылгыс келет. Жинденүү көбүнчө өзүн-өзү башкара албай калуу менен коштолот. Макала мазмуну Психологиялык көз караштагы жинденүү Жалпы абалдар Балдардын жинденүү чабуулдары Жинденүү чабуулу Жинденүүнү көзөмөлдөө Психологиялык көз караштагы жинденүү Психологдор жинденүүнү «толкундоонун көбүрөөк деңгээлин» жана эмоциянын көбүрөөк интенсивдүүлүгүнө көрсөтүп, кыжыр кайноо (орусча — злость) жана кыжырдануудан (орусча — гнев) чектеп келишет. Жинденүүнүн көрүнүштөрү психологиялык жактан агрессия көрүнүштөрүнө аналогиялуулугу менен түшүндүрүлөт. Түшүндүрүү үчүн үч негизги теория колдонулат: Зигмунд Фрейддин катуу умтулуу теориясы. Буга ылайык, жинденүү инсандын агрессияга тубаса тартылуусунун (умтулуусунун же кызыгуусунун) натыйжасы. Жинденүүнү илгерилетип басуу жан-дүйнөнүн бузулуусуна алып келет. Фрустрация-агрессиялык теория боюнча, агрессия негизинен фрустрацияга болгон реакция саналып, ал эми жинденүү ошол агрессияны дүрмөтүнөн бошотуу (буусун чыгаруу) деп божомолдойт. Альберт Бандуранын окутуу теориясы жинденүү башка бардык эмоциялар сыяктуу эле инсандын аны курчап турган коомдун мисалынан окутуунун натыйжасы деп эсептейт. Жинденүү чабуулу Жалпы абалдар Көп учурда жинденүү чабуулун (приступ) кыжырдануу сезимине болгон көзөмөлдү кыска мөөнөттүү же толук жоготууну түшүндүрөт, юридикалык тажрыйбадагы аталышы — аффект. Жинденүү көбүнчө адамдарга, жаныбарларга, мекемелерге ал гана эмес буюмдарга каршы багытталып, конкреттүү триггерге (триггер психологияда — кайсы бир окуяны бошотуучу [иштетүүчү] учур) ээ болуп, сөзсүз түрдө эле ошол триггерге зыян келтирүүгө багытталбайт. Жинденүү, мүнөздүн алсыздыгы катары эсептелинет, көпчүлүк маданияттарда муздак кандуулукка каршы абал менен бааланат. Өзгөчө учурларда жана катуу стресс алдында жинденүү чабуулу ар бир адамда болушу мүмкүн, бирок холериктерде тобокел жогорураак. Жаш балдарда жинденүү психикалык өнүгүүнүн белгилүү бир баскычтарына мүнөздүү. Жинденүү чабуулдары кээ бир психикалык бузулууларга мүнөздүү, мисалы госпитализм (стационарда узак убакытта болуу), аутизм (эрте балалык аутизм синдрому же Аспергер синдрому). Жинденүү бир гана мындай учурларда көп пайда болуп, узакка созулат, жана шартка ылайык абдан интенсивдүү. Акыл-эси артта калган адамдар үчүн да жинденүү мүнөздүү, анткени, алардын мындай күчтүү эмоцияларды башкаруу жана иштетүү жөндөмдүүлүгү өтө чектелген. Балдардын жинденүү чабуулдары Бир жаштан төрт жашка чейинки балдар арасында жинденүү кадыресе көрүнүш болуп саналат. Көпчүлүк бул курактагы балдар арасында көңүл калуулар дене жана сүйлөө реакцияларынын эскалациясына алып келет. Чарчоо жана кардынын ачышы жинденүүнү көкүтөт. Жинденүүнү басаңдатуу үчүн ата-энелерге баланын кылыктарына акцент жасап, көңүл бурбай, туура эмес иш жасап жатканын жакшы (оң таасирдүү) мисал менен түшүндүрүү сунушталат. Жинденүүнү көзөмөлдөө Жинденүү көпчүлүк маданияттарда айыптуу деп эсептелет жана коом аны кабыл албайт, анткени, ал күтүлгөн социалдык жүрүм-турумга туура келбейт. Бирок, илимий изилдөөлөр көрсөткөндөй, жинденүүнү басуу, стресс сыяктуу, ооруларга алып келиши мүмкүн. Алардын ичинде, холестериндин жогорулашы, гипертония, инфаркт жана жүрөк-кан-тамыр ооруларынын жогорку тобокелдүүлүгү. Өз кезегинде, жинденүү чабуулу кандын уюшуна таасир эткен адреналин жана норадреналиндин иштелип чыгуусуна өбөлгө түзөт. Психологиялык адабияттарда жинденүүнү адекваттуу түрдө көрсөтүү же спортко, активдүү элестетүүгө, чыгармачылыкка багыттоо же релаксация ыкмалары менен жок кылуу сунушталат. Ошондой эле, «муздак» жинденүү абалы дагы бар, анын таасири астында адам өзүнүн бардык жасаганын айкын сезип, ошол учурда муздак кандуу, тынч абалын сактап, үндүн бир калыптагы интонациясы жана тышкы токтоолугу айырмаланат.