TYUP.NET
✖
☰
Катталуу
Кирүү
Бөлүмдөр
Онлайн функциялар
Макала жайгаштыруу
Жарнама
✖
Заңдын формасынын Бристоль шкаласы макаласын оңдоо, толуктоо, тактоо
Заңдын формасынын Бристоль шкаласы, же Заң формасынын Бристоль шкаласы, кээде жөн гана Бристоль шкаласы (англисче Bristol stool scale, ошондой эле Bristol stool chart) — адам заңынын формасын жана консистенциясынын баалоочу медициналык классификация; маанилүү диагностикалык мааниге ээ. Шкала же көрсөткүч Бристоль университетинин (Улуу Британия) доктору Кен У. Хитон тарабынан иштелип чыгып, 1997-жылы «Скандинавиянын гастроэнтерология журналында» жарыяланган (Кардифф университетинин медицина мектебиндеги Стивен Дж. Льюис менен авторлоштукта). Ошондой эле, «Мейерс шкаласы» (англисче Meyers Scale) аталышта дагы белгилүү. Заңдын түрлөрү Заңдын түрү анын түз жана жоон ичегиде болгон убактысына жараша болот. Бристоль шкаласына ылайык заңдын жети түрүн айырмалашат: 1-түрү: Жаңгакга окшош өзүнчө катуу бөлүктөр, түз ичегиден өтүүсү татаал. 2-түрү: Кесектери бар, колбаса сыяктуу заң (диаметри 3-түрдөн чоң). 3-түрү: Колбаса сыяктуу, үстүңкү бети жаракалар менен (диаметри 2-түрдөн кичине). 4-түрү: Колбаса сыяктуу же жылаан өңдүү заң, үстүңкү бети жумшак жана жылмакай. 5-түрү: Жумшак кесекчелер формасындагы заң, кырлары так, түз ичегиден оңой өтөт. 6-түрү: Кырлары түз, жумшак кесекчелер формасындагы көңдөйлүү, борпоң, жумшак заң. 7-түрү: Толук суюк же катуу кесиндилери жок, суюк заң. Заңдын формасынын Бристоль шкаласы 1 жана 2 түрүн ич катууну аныктоодо пайдаланышат, 3, 4, 5 түрлөр «идеалдуу стул» деп саналат (өзгөчө 4 түр, анткени мындай заң дефекация учурунда түз ичегиден жеңил өтөт), 6 жана 7 ич өтүүнү идентификациялоодо колдонулат, ошону менен бирге 7-түр мүмкүн болуп калуучу олуттуу оору жөнүндө күбөлөндүрөт. Дагы караңыз Диарея Ич катуу